Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 9-февралы № 42
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө
Жалпы кабыл алынган адам укуктарын жана эркиндиктерин урматтоо менен, гумандуулук жана ырайымдуулук принциптерин ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу:
1-берене.
1. Кылмыштар үчүн эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү кылмыш жазасынан төмөнкүлөр бошотулсун;
1) 60 жаштан ашкан эркектер, ошондой эле 55 жаштан ашкан аялдар;
2) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү I жана II топтогу майыптыгы бар адамдар;
3) жашы жете элек экиден кем эмес балдары же ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдары бар үй-бүлөдө жалгыз багуучу болуп саналган адамдар;
4) анча оор эмес кылмыштарды биринчи жолу жасаган адамдар;
5) жалгыз бой эне болуп саналган аялдар;
6) көп балалуу аялдар;
7) ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө карата жазасынын өтөлө элек бөлүгү бир жылдан аз мөөнөттү түзгөн аялдар жана жашы жете электер.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн колдонулушу төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
1) 1997-жылдын 1-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 97-статьясында, 129-статьясынын 3-бөлүгүнүн 1, 2 жана 5-пункттарында, 4-бөлүгүндө, 130-статьясынын 3-бөлүгүнүн 1, 2 жана 5-пункттарында, 4-бөлүгүндө, 131-статьясынын 2-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында, 3-бөлүгүндө, 132-статьясында, 133-статьясында, 226-227-статьяларында, 229-статьясында, 231-статьясында, 247-статьясында, 260-статьясынын 3 жана 4-бөлүктөрүндө, 262-1-статьясында, 292-статьясында,293-статьясында, 295-297-статьяларында, 299-статьясында, 300-статьясында, 303-статьясында, 304-статьясынын 4-бөлүгүндө, 305-статьясынын 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда, 305-1-статьясында, 308-1-статьясынын 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда, 313-статьясынын 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда, 313-1-статьясынын 4-бөлүгүнүн 2-пунктунда, 373-376-статьяларында каралган кылмыштарды жасаган адамдарга;
2) 2017-жылдын 2-февралындагы Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренесинде, 143-беренесинде, 161-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунда, 4-бөлүгүндө, 162-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунда, 4-бөлүгүндө, 164-беренесинде, 166-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда, 167-беренесинин 2-бөлүгүндө, 168-беренесинде, 239-беренесинде, 241-беренесинде, 244-беренесинде, 248-250-беренелеринде, 267-беренесинде, 307-314-беренелеринде, 316-беренесинде, 319-беренесинде, 320-беренесинин 4-бөлүгүндө, 321-беренесинин 3-бөлүгүндө, 323-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда, 325-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунда, 326-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда, 380-390-беренелеринде, 392-беренесинде, 393-беренесинде, 395-беренесинде каралган кылмыштарды жасаган адамдарга;
3) 2021-жылдын 28-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинде, 137-беренесинде, 154-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунда, 4-бөлүгүндө, 155-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунда, 4-бөлүгүндө, 156-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрүндө, 157-беренесинде, 159-беренесинин 3-бөлүгүндө, 160-беренесинин 2-бөлүгүндө, 162-беренесинде, 252-255-беренелеринде, 257-беренесинде, 258-беренесинде, 261-265-беренелеринде, 267-беренесинде, 278-беренесинде, 282-беренесинде, 323-331-беренелеринде, 336-беренесинде, 337-беренесинин 4-бөлүгүндө, 338-беренесинин 3-бөлүгүндө, 340-беренесинин 2-бөлүгүндө, 342-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунда, 343-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда, 402-411-беренелеринде, 413-беренесинде, 414-беренесинде, 416-беренесинде каралган кылмыштарды жасаган адамдарга.
2-берене.
1. Эгерде алар ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айдын ичинде жазасын өтөп жаткан жерге, камакта кармоочу же аскер кызматын өтөп жаткан жерге өз ыктыяры менен келишсе, 1997-жылдын 1-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-статьясынын ("Эркиндигинен ажыратуу жайынан же камактан качуу") 1-бөлүгүндө, 337-статьясында ("Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөөдөн качуу"), 359-статьясында ("Бөлүктү же кызмат ордун өзү билип таштап кетүү"), 360-статьясынын ("Аскерден качуу") 1-бөлүгүндө каралган кылмыштарды жасаган адамдар эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү кылмыш жазасынан бошотулсун.
2. Эгерде алар ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айдын ичинде жазасын өтөп жаткан жерге, камакта кармоочу же аскер кызматын өтөп жаткан жерге өз ыктыяры менен келишсе, 2017-жылдын 2-февралындагы Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 349-беренесинин ("Эркиндигинен ажыратуу жайларынан же кайтаруудан качуу") 1-бөлүгүндө, 350-беренесинде ("Эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазаны өтөөдөн качуу"), 367-беренесинин ("Бөлүктү же кызмат өтөө жерин өзү билип таштап кетүү") 1-бөлүгүндө, 368-беренесинин ("Дезертирдик") 1-бөлүгүндө каралган кылмыштарды жасаган адамдар эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү кылмыш жазасынан бошотулсун.
3. Эгерде алар ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айдын ичинде жазасын өтөп жаткан жерге, камакта кармоочу же аскер кызматын өтөп жаткан жерге өз ыктыяры менен келишсе, 2021-жылдын 28-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 368-беренесинин ("Эркиндигинен ажыратуу жайларынан же кайтаруудан качуу") 1-бөлүгүндө, 369-беренесинде ("Эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазаны өтөөдөн качуу"), 389-беренесинде ("Бөлүктү же кызмат өтөө жерин өзү билип таштап кетүү"), 390-беренесинин ("Дезертирдик") 1-бөлүгүндө каралган кылмыштарды жасаган адамдар эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү кылмыш жазасынан бошотулсун.
3-берене.
1. Ушул Мыйзамдын 1-беренесинин колдонулушуна туура келбеген адамдардын эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазасынын өтөлө элек мөөнөтү төмөнкүдөй кыскартылсын:
1) анча оор эмес кылмыш үчүн соттолгондорго - 1/2ге;
2) оор кылмыш үчүн соттолгондорго - 1/3ге;
3) өзгөчө оор кылмыш үчүн соттолгондорго - 1/4ге.
2. Ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 2-бөлүгүндө саналып өткөндөрдү кошпогондо, ушул берененин 1-бөлүгүнүн жоболору бардык кылмыштарга жайылтылат.
4-берене.
1. Мунапыс актысын колдонуу же болбосо колдонбоо жөнүндө чечим ар бир адамга карата жекече кабыл алынат. Соттолгон адам тууралуу зарыл маалыматтар жок болгондо, ага карата мунапыс актысын колдонуу жөнүндө маселени кароо кошумча материалдар алынганга чейин кийинкиге калтырылат.
Ушул Мыйзамды аткаруу жүктөлгөн соттор (судьялар) мунапыс актысын колдонууга байланышкан маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон материалдарды тийиштүү мекемелерден суратып алууга укуктуу. Мындай суроо-талаптар бардык уюмдар жана мекемелер, ошондой эле кызмат адамдары тарабынан токтоосуз аткарылууга тийиш.
Сот (судья) жогоруда көрсөтүлгөн маселелер боюнча өкүм же токтом чыгарат.
2. Соттук отурумда ушул Мыйзамды колдонуу жөнүндө маселени кароодо прокурордун катышуусу милдеттүү.
3. Жазаны өтөө мунапыс актысын колдонуу жөнүндө соттун өкүмү же токтому мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып токтотулат.
5-берене.
Айланасындагылар үчүн коркунуч жараткан оорулардан (кургак учук, жугуштуу оорулар, венерикалык оорулар) жабыркаган адамдарга мунапыс актысы зарыл болгон дарылоо курсу аяктагандан кийин колдонулат.
6-берене.
Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн эркектерге жана аялдарга ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө карата тийиштүүлүгүнө жараша 60 жана 55 жашка чыккан жана андан ашкан адамдар кирет;
2) ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү I жана II топтогу майыптыгы бар адамдар кирет;
3) ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга үй-бүлөдө жалгыз багуучу болуп саналган, ата-энелик укуктарынан ажыратылбаган жана экиден кем эмес баласы бар, анын ичинде ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө карата 18 жашка толо элек, асырап алынган же болбосо камкордукка алынган балдары бар, же болбосо жаш курагына карабастан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдары бар адамдар кирет;
4) ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга багуусунда жана тарбиялоосунда турган, туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө атасы жөнүндө жазуу болбогон же атасы тууралуу жазуу энесинин көрсөтмөсү боюнча белгиленген тартипте жүргүзүлгөн балдары бар энелер (никеде турбаган) кирет;
5) ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктунда көрсөтүлгөн көп балалуу аялдарга беш жана андан көп балдары бар жана аларды тарбиялап жаткан аялдар кирет.
7-берене.
1. Ушул Мыйзамдын колдонулушу "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинде чөйрөсү белгиленген адамдарга карата колдонулбайт.
2. Ушул Мыйзамдын колдонулушу "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинде белгиленген кылмыштардын түрлөрүнө карата колдонулбайт.
3. Ушул Мыйзамдын колдонулушу, ушул Мыйзамдын 2-беренесинде көрсөтүлгөн адамдарды кошпогондо, сот тарабынан эркиндигинен ажыратууга өкүм кылынган, бирок издөөдө жүргөн адамдарга карата колдонулбайт.
8-берене.
1. Ушул Мыйзамдын колдонулушуна төмөнкүлөр туура келет:
1) кылмыш жасаган, ошондой эле ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин соттолгон адамдар;
2) Кыргыз Республикасынын соттору, ошондой эле башка мамлекеттердин соттору тарабынан соттолгон жана Кыргыз Республикасынын аймагында жазасын өтөп жаткан адамдар.
2. Кыргыз Республикасынын соттору тарабынан соттолгон, бирок жазасын анын чегинен тышкары өтөп жаткан адамдарга карата мунапыс актысынын колдонулушу кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарына, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык чечилет.
9-берене.
Ушул Мыйзамдын 3-беренесин колдонууда ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө карата өтөлө элек жаза мөөнөтүнө негизденүү керек, ал эми ушул Мыйзам күчүнө киргенден кийин соттолгон адамдарга карата жазанын өтөлө элек мөөнөтү өкүм мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып эсептелсин.
10-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана алты айдын ичинде аткарылууга тийиш.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 13-февралындагы № 12 (3565) саны менен жарыяланды.
Ушул Мыйзамды колдонуу жөнүндө маселе аны колдонуу үчүн каралган мөөнөттөр аяктагандан кийин келип чыккан учурларда (соттолгондун аракеттеринин юридикалык квалификациясы өзгөргөндүктөн), соттолгонго карата мунапыс берүү актысы көрсөтүлгөн мөөнөттөр аяктагандан кийин колдонулушу мүмкүн.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети түзөтүү мекемелеринен бошотулуп жаткан адамдарга Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексинин 162 жана 163-беренелеринин талаптарына ылайык жардам берүүнү камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы ушул Мыйзамдын так жана бирдей аткарылышын көзөмөлдөөнү камсыз кылсын жана аны ишке ашыруунун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берсин.
4. Жаза аткаруучу ыйгарым укуктуу орган жазасынын мөөнөттөрү ушул Мыйзамга ылайык кыскартылган адамдарга, алардын жаза мөөнөтүнүн жаңыдан эсептелиши жана жаза өтөө мөөнөтү аяктаган дата жөнүндө ушул Мыйзам күчүнө киргенден кийин үч айдын ичинде кол койдуруп алуу менен маалымат берсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |