Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
2024-жылдын 7-февралы № 39
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 2-ноябры, № 113-114) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) расмий тилдеги 7-берененин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда "языком" деген сөз "и официальным языками" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2) 11-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды аттестациялоонун жыйынтыктары боюнча төмөнкүдөй чечимдердин бири чыгарылат:
- ээлеген кызмат ордуна ылайык келет, жогору турган кызмат ордуна көрсөтүү сунушталат;
- ээлеген кызмат ордуна ылайык келет;
- ээлеген кызмат ордуна ылайык келбейт.";
3) 13-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 18-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
б) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 18-1-пункт менен толукталсын:
"18-1) саламаттык сактоо, билим берүү, кайрымдуулук, ыктыярдуулук жана башка чөйрөлөрдө коомдук пайдалуу ишти жүзөгө ашыруучу коомдук бирикмелердин курамында иш жүргүзүүгө.
18 жана 18-1-пункттарда көрсөтүлгөн иштердин түрүн жүзөгө ашыруу аткарылуучу иштин санына жана сапатына таасирин тийгизбөөгө, ошондой эле кызматчынын иштеген жеринде кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөөгө тийиш;";
4) 15-берененин 1-бөлүгүнүн 7-пункту "түзүүгө," деген сөздөн кийин "ошондой эле" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н.Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 20-декабрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |