Загрузка документа…
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР!
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 7-февралы № 35
Кыргыз Республикасынын Токой кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Токой кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 12, 534-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-беренеде:
а) биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Токой - Жер бетинин өсүмдүк катмарынын негизги түрлөрүнүн бири, ал дарактардын, бадалдардын, чөптөрдүн жана башка өсүмдүктөрдүн жыйындысынан турат, өзүнүн өнүгүүсүндө биологиялык жактан байланышкан жана бири-бирине, тышкы чөйрөгө таасир эткен жаныбарларды жана микроорганизмдерди камтыйт. Токой кыртышы - токой жыйындысынын ажырагыс бөлүгү. Токой - биосферанын курамдык жана эң маанилүү бөлүгү, географиялык ландшафттын элементи. Ага дарыялардын гидрологиялык режимин камсыз кылууда, жер кыртышынын эрозиясынын жана дефляциясынын алдын алууда, ысык шамалдар менен күрөшүүдө эбегейсиз роль таандык. Токой - мамлекеттик токой фондунун жерлеринде жана жер фондунун башка категориялардагы жерлеринде өсүүчү, минималдуу аянты 0,2 гектар, минималдуу кеңдиги 25 метр болгон, шактарынын минималдуу жыштыгы 10%, дарактарынын минималдуу бийиктиги 1,9 метр (бадалдардыкы - 0,5 метр) болгон дарак-бадал өсүмдүктөрү.";
б) берне төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Токой экосистемалары - өзүнүн өнүгүүсүндө биологиялык жактан байланышкан жана бири-бирине, тышкы чөйрөгө таасир эткен жаныбарларды жана микроорганизмдерди камтыган, жер участокторунун, дарак, бадал, чөптөрдүн жана башка өсүмдүктөрдүн жыйындысы.";
в) алтынчы жана жетинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Токойду жаңыртып өстүрүү - токой өнүмдөрүн жана кызмат көрсөтүүлөрүн үзгүлтүксүз жаңыртып туруу, өндүрүү процессине багытталган иш-чаралардын комплекси.";
"Калктуу конуштардагы токойлор - калктуу конуштардын чектеринин ичинде өскөн токойлор.";
г) он жетинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
д) жыйырма биринчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
е) жыйырма экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Токойчулук - мамлекеттик токой фондун башкаруучу тиешелүү аймактык органдын курамына кирүүчү баштапкы аймактык бөлүм.";
ж) жыйырма үчүнчү абзацта "Өкмөт" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
з) жыйырма төртүнчү абзацта "токой фондусун" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
и) жыйырма жетинчи абзацта "токой фондунун" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
к) жыйырма тогузунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Токойду коргоо - токойлорду өрттөн, мыйзамсыз кыюулардан, токойду пайдалануунун белгиленген тартибин бузуулардан жана мамлекеттик токой фондуна, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына жана жер фондунун башка категориялардагы жерлеринде жайгашкан токойлорго зыян келтирүүчү башка иш-аракеттерден коргоону камсыз кылууга багытталган иш-чаралардын тутуму.";
л) отузунчу жана отуз биринчи абзацтарда "токой фондусунун" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
м) берене төмөнкүдөй мазмундагы отуз сегизинчи-элүү алтынчы абзацтар менен толукталсын:
"Экинчи даражадагы токой ресурстары - жыгач эмес токой ресурстарына кирген дүмүрлөр, кабыктар, пихта, кызыл карагай жана карагай бутактары, жаңы жылдык балатылар.
Мамлекеттик токойду коргоо - токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик органдын уюшулган тутуму аркылуу мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринде жайгашкан токойлорду мамлекеттик коргоо жана алардын абалын контролдоо.
Коргоочу токойлор - ар кандай объекттерди жагымсыз табигый же антропогендик таасирлерден коргоо үчүн пайдаланылуучу мелиоративдик жана чөйрө жаратуучу касиеттери бар токойлор.
Токойлордун корголуу категориясы - өскөн жерине жана алардын функционалдык багытына ылайык аларга карата токой чарбачылыгын жүргүзүү тартиби белгиленген мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын токой жерлеринин жана жер фондунун башка категориялардагы жерлеринде жайгашкан токойлордун классификациясы.
Токой өстүрүү - токойлордун чөйрө жаратуучу жана чөйрө сактоочу функцияларын күчөтүү, ошондой эле биологиялык ар түрдүүлүктү жакшыртуу максатында мурда өспөгөн жерлерде токой өсүмдүктөрүн түзүү жолу менен токойлорду жасалма өстүрүү.
Токой өсүмдүктөрү - токой бак-дарактарынын дарактуу жана бадалдуу түрлөрүн эгүү же отургузуу аркылуу жасалма жол менен түзүлгөн дарактар жана бадалдар.
Жаратылышты коргоо баалуулугу жогору токойлор - мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын токойлуу, токойсуз жерлери жана жер фондунун башка категориялардагы жерлеринде турган, экологиялык, социалдык-экономикалык, ландшафттык баалуулугу жогору же биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо үчүн баалуулугу бар токойлор.
Илимий мааниге ээ токойлор - түрдүк курамы боюнча сейрек кездешүүчү жана узак мөөнөттүү илимий изилдөөлөрдүн объекттери болуп саналган токойлор.
Токой пайдалануу - ушул Кодексте каралган чектөөлөрдү кошпогондо, мамлекеттик токой фондунун жерлерин жана жер фондунун башка категориялардагы жерлеринде жайгашкан токойлорду пайдалануунун ушул Кодексте уруксат берилген түрлөрү.
Токойдун экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрү - жеке жана юридикалык жактар токой ресурстарынан алып жатышкан коомдук жыргалчылыктар жана материалдык пайдалар.
Токой ресурстары - жыгачтар, экинчи даражадагы токой ресурстары, жапайы өскөн тамак-аш ресурстары, дары чөптөр жана токойдун жаратылышты коргоо функциялары (суу коргоочу, климатты жөнгө салуучу, эрозияга каршы, кыртыш коргоочу, рекреациялык, ден соолукту чыңдоочу, санитардык-гигиеналык).
Токойлорду улуттук инвентаризациялоо - токойлордун абалын, алардын сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрүн аныктоо боюнча иш-чаралардын тутуму.
Плантация - коммерциялык максатта же жеке пайдалануу максатында жыгач, мөмө-жемиштерди алуу үчүн дарак жана дарак-бадал өсүмдүктөрү жасалма жол менен отургузулган жер участоктору. Плантациялар 25 градустан тик эңкейиштерде жайгаштырылбайт.
Анча баалуу эмес токой дарактарын реконструкциялоо - токой участокторунун жоголгон максаттуу өнүмдүүлүгүн калыбына келтирүүгө же болгон түшүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган иш-чаралардын комплекси.
Өзгөчө баалуу токой массивдери - түрдүк курамы боюнча сейрек кездешүүчү токойлор, аларда ушул Кодексте аныкталган өзгөчө баалуу дарактын түрлөрү башкы түр болуп саналат.
Токойлордун классификациясы - токойлорду таксациялык көрсөткүчтөрү боюнча бөлүштүрүү (келип чыгышы, түрү, абалы, өсүп чыккан жери, корголуу категориясы, жашы, курамы ж.б.) - Токойлорду классификациялоо токой жайгаштыруу иштеринин убагында жүргүзүлөт жана токой жайгаштыруу материалдарында көрсөтүлөт.
Токой чарба өндүрүшүнүн жоготуулары - экологиялык функциялардан жана иш жүзүндөгү жыгачтардын наркынан капиталдаштырылган дүң кирешенин суммасы.
Токой чарба өндүрүшүнүн чыгашалары - жыгач жана жыгач эмес ресурстардан түшкөн капиталдаштырылган дүң кирешенин суммасы.
Агротокойчулук - бадалдарды жана дарактарды айыл чарба өсүмдүктөрү менен айкалыштырып отургузууда алынган артыкчылыктарды пайдаланууга карата комплекстүү мамиле.
2) 4-беренеде "токой фондусунун" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 2-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-ГЛАВА. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТОКОЙЛОРУ
6-берене. Кыргыз Республикасынын токойлору
Кыргыз Республикасынын токойлору мамлекеттик токой фондунун жерлеринде жана жер фондунун башка категориялардагы жерлеринде жайгашкан токойлордон турат.
Токойлор Кыргыз Республикасынын гана менчигинде турат жана локалдык, улуттук, региондук жана глобалдык маанидеги экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрдүн булагы болуп саналат.
7-берене. Мамлекеттик токой фонду
Токой чарбачылыгынын муктаждыктары үчүн берилген, мамлекеттик менчикте турган бардык токойлор жана жерлер мамлекеттик токой фондун түзөт.
Мамлекеттик токой фондунун жерлерине токой чарбачылыгынын муктаждыктары үчүн арналган токойлуу жана токойсуз жерлер кирет.
Токойлуу жерлерге токой баскан жана токой баспаган жерлер кирет.
Токой баскан жерлер - жасалма өстүрүлгөн жана табигый өскөн токойлор ээлеген жерлер.
Токой баспаган жерлер - жыш эмес токой өсүмдүктөрү, токой питомниктери, кыйылган, өрт чалган, сейрек дарактуу, ачык, бош жаткан жерлер.
Токойсуз жерлерге токойлор менен бирге жаратылыш комплексин түзүүчү айыл чарба жана башка жерлер, ошондой эле чарбалык ишке байланыштуу объекттерди курууда токойлору бузулган жерлер (жолдор, өрткө каршы ажырым тилкелер, электр берүүчү линиялардын трассалары жана өткөргүч түтүктөр) кирет.
Мамлекеттик токой фондунун жерлерин жер фондунун башка категориялардагы жерлеринен бөлүп турган чектери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аныкталат.
8-берене. Мамлекеттик токой фондуна кирбеген токойлор
Мамлекеттик токой фондуна кирбеген токойлор - өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринде жана жер фондунун башка категориялардагы жерлеринде жайгашкан токойлор.
Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын токойлору үчүн коргоонун жана пайдалануунун өзгөчө режими белгиленет.
Жер фондунун башка категориялардагы жерлеринде жайгашкан токойлор изилденүүгө жана эсепке алынууга, корголууга, сакталууга, жаңыртып өстүрүлүүгө, пайдаланылууга, токой ресурстарынын пайдаланылышы контролдонууга тийиш.
Жер фондунун башка категориялардагы жерлеринде жайгашкан токойлор үчүн коргоо жана пайдалануу режими токойлордун корголуу категориясына жараша Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен белгиленет.
9-берене. Мамлекеттик токой фондунун токой өстүрүү фонду
Токой өстүрүү фонду - мамлекеттик токой фондунун токойду калыбына келтирүү, токой өстүрүү жана анча баалуу эмес токой дарактарын реконструкциялоо үчүн жарактуу болгон токойлуу жана токойсуз жерлеринин участоктору.
Токой өстүрүү фондунун жерлеринде токойлорду калыбына келтирүү иши токою суюк, кыйылган, өрт чалган, бош, сейрек дарактуу жерлерде жана дарактары куурап калган участоктордо жүргүзүлөт.
Токой өстүрүү фондунун жерлеринде токой өстүрүү айыл чарба жерлеринде, бузулган жана деградацияланган жерлерде жүргүзүлөт.
Анча баалуу эмес токой дарактарын реконструкциялоо токой жерлеринде жүргүзүлөт.
Токой өстүрүү фондунун участоктору токой жайгаштырууда аныкталат.
Токой өстүрүү фондун аныктоо жана өздөштүрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
10-берене. Токойлорго кирбеген дарак жана дарак-бадал өсүмдүктөрү
Ушул Кодекстин 1-беренесинде көрсөтүлгөн "Токой" аныктамасына туура келбеген дарак жана дарак-бадал өсүмдүктөрү токойлорго кирбейт.
Токойлорго кирбеген дарак жана дарак-бадал өсүмдүктөрүн түзүү, аны багуу, пайдалануу жана коргоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.";
4) 3-главанын аталышында "Токой фондусуна" деген сөздөр "Мамлекеттик токой фондуна" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 11-берененин экинчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 12-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
7) 13-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13-берене. Мамлекеттик токой фондун мөөнөтсүз (мөөнөтү көрсөтүлбөстөн) пайдалануу
Мамлекеттик токой фондунун участокторун мөөнөтсүз (мөөнөтү көрсөтүлбөстөн) пайдалануу мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык органга берилет.
Мамлекеттик же коомдук кызыкчылыктарды эске алуу менен мамлекеттик токой фондунун участоктору мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык орган тарабынан маданий-ден соолукту чыңдоо жана туристтик максаттар, илимий-изилдөө, жаратылышты коргоо жана башка иштер үчүн тиешелүү уюмдарга (менчигинин түрүнө карабастан) ижара шартында пайдаланууга берилиши мүмкүн.
Мамлекеттик токой фондунун участокторун мамлекеттик токой фондунун жерлеринин курамынан мөөнөтсүз (мөөнөтү көрсөтүлбөстөн) пайдаланууга берүү Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык жүргүзүлөт.
Мамлекеттик токой фондунун участокторун мөөнөтсүз (мөөнөтү көрсөтүлбөстөн) пайдалануу укугу Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык берилүүчү мамлекеттик акт менен күбөлөндүрүлөт.
8) 14-беренеде:
а) аталышындагы жана биринчи бөлүгүндөгү "Токой фондусунун" деген сөздөр "Мамлекеттик токой фондунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) экинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик токой фондунун участокторун пайдаланууга берүү ушул Кодексте, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде, Салык кодексинде жана башка мыйзамдарында аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.";
9) 16-беренеде:
а) биринчи бөлүктө "токой фондусунун" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) экинчи жана үчүнчү бөлүктөрдө "токой фондусун" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондунун жер участогун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) II бөлүмдүн аталышында "Токой фондусун" деген сөздөр "Мамлекеттик токой фондун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) 4-главанын аталышында "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12) 18-беренеде:
а) аталышында жана биринчи абзацында "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) берененин текстиндеги "токой фондусун" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- токой чарбачылыгын жүргүзүү үчүн статистикалык отчетту жүзөгө ашыруунун тартибин белгилөө;";
г) он бешинчи абзацта "ишканаларын" деген сөз "мекемелерин" деген сөзгө алмаштырылсын;
д) берене төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы абзац менен толукталсын:
"- мамлекеттик токой фондунун жерлерин жерлердин башка категорияларына жана жерлердин башка категорияларынан мамлекеттик токой фондунун жерлерине которуу.";
13) 19-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
14) 20-беренеде:
а) экинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
б) үчүнчү абзацта "токой фондусун" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондунун жер участокторун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- токой чарбачылыгынын маселелери боюнча статистикалык отчет жүргүзүү;";
г) алтынчы абзацта "токой чарбачылыгын башкаруучу аймактык мамлекеттик органдын" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
д) жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык органдын корутундусу боюнча - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик токой фондунун жерлеринен чөп чабык жана жайыт жерлерди райондогу жерди пайдалануучулардын ортосунда бөлүштүрүү;";
ж) берене төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- мамлекеттик токой фондунун жерлерин тескөөдө жана пайдаланууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары аткарылышын камсыз кылуу;";
15) 21-беренеде "токой фондусун" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
16) 5-главанын аталышында "Токой фондусун" деген сөздөр "Мамлекеттик токой фондун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
17) 22-беренеде "токой фондусунун" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
18) 23-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23-берене. Мамлекеттик токой фондун мамлекеттик башкаруу тутуму
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик токой фондун мамлекеттик башкаруу тутуму өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетин;
- токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик органды;
- мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык органды;
- токой чарба мекемесин;
- мамлекеттик илимий мекемени.
Мамлекеттик токой фондун тескөө жана пайдалануу боюнча негизги функциялар улуттук токой саясатынын милдеттерине ылайык токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.";
19) 24-беренеде:
а) биринчи бөлүктө:
- ар кандай жөндөмө формаларындагы "Өкмөт" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- сегизинчи абзацта "тийиштүү жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын катышуусу менен" деген сөздөр алып салынсын;
- он экинчи жана он бешинчи абзацтарда "токой фондусунун" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- он алтынчы абзацта "токой чарбасынын" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- он жетинчи абзацта "бузуулар" деген сөз "укук бузуулар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- он сегизинчи абзацта "токой чарбачылыгын" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) экинчи бөлүктө "областтык жана областтар аралык" деген сөздөр алып салынсын;
в) үчүнчү бөлүктө "токой фондусун" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
20) 25 жана 26-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"25-берене. Мамлекеттик токой фондунун аймактык башкаруу органы
Мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык орган мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлөт жана токойду башкаруу боюнча алар тарабынан чечилүүчү милдеттерге ылайык төмөнкүдөй милдеттерди ишке ашырат:
- токойду өрттөн (токойдогу өрттү аныктоо кызматын уюштуруу жана координациялоо, калк арасында түшүндүрүү-үгүттөө иштери, токойдогу өрттү өчүрүүнү уюштуруу), мыйзамсыз кыюулардан, жерлерди мыйзамсыз басып алуудан, мамлекеттик токой фондунун жерлеринде уруксатсыз курулуштардан жана башка токой эрежелерин бузуулардан кайтаруу;
- токойду зыянкечтерден жана илдеттерден коргоо (токой патологиясын изилдөө жана мониторинг жүргүзүү, токойлордо санитардык эрежелердин сакталышын камсыз кылуу);
- ижарага алуу жана пайдалануу укугуна конкурстарды, токойду пайдалануучулар менен ижара мамилелерин, жыгачтарды берүүнү, токойду пайдалануучуларды контролдоону жана токойду пайдалануу үчүн төлөмдөрдүн түшүүсүн уюштуруудан турган токойду пайдаланууну жөнгө салуу;
- токойлордун абалына жана аларды жаңыртып өстүрүүгө мониторинг жүргүзүү.
Мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык орган токойлорду коргоо, сактоо, абалына мониторинг жүргүзүү маселелерин токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык орган жөнүндө жобого ылайык чечет.
26-берене. Токой чарба мекемеси
Мамлекеттик токой фондунун жерлеринде токой чарбачылыгын жүргүзүү токой чарба мекемеси тарабынан жүзөгө ашырылат.
Токой чарба мекемесинин уюштуруу-укуктук формасы, укуктук статусу жана иши жөнүндө жобосу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Токой чарба мекемеси жүктөлгөн милдеттерине ылайык төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:
- токойду калыбына келтирүү, токой өстүрүү, анча баалуу эмес токой дарактарын реконструкциялоо: токой үрөн участокторун түзүү, токой үрөндөрүн даярдоо жана кайра иштетүү, көчөт материалдарын өстүрүү, токой өсүмдүктөрүн түзүү, анын ичинде агротехникалык камкордуктар жана табигый жаңылануусуна көмөк көрсөтүү боюнча иш-чаралар;
- плантацияларды түзүү;
- токойду багуу, анын ичинде ушул Кодекс менен белгиленген токойлорду кыюу;
- өрткө каршы иш-чараларды жүзөгө ашыруу: минералдаштырылган жана өрткө каршы ажырым тилкелерди түзүү;
- зыянкечтердин жана илдеттердин массалык көбөйүшүнүн алдын алуу боюнча, алар менен күрөшүү боюнча токойду коргоо иш-чараларын ишке ашыруу.";
21) 27-беренеде:
а) берененин аталышында жана текстинде "токой фондусунун" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) үчүнчү бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
22) 5-глава төмөнкүдөй мазмундагы 271 жана 272-беренелер менен толукталсын:
"271-берене. Жарандардын жана коомдук уюмдардын (бирикмелердин) укуктары
Жарандар жана коомдук уюмдар (бирикмелер) токойлорду сарамжалдуу пайдаланууну, кайтарууну, коргоону жана жаңыртып өстүрүүнү камсыз кылуу менен байланышкан маселелерди чечүүгө катышууга укуктуу.
Калктын токойлордун абалы жөнүндө маалыматка жеткиликтүүлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыз кылынат.
Коомдук бирикмелер, коммерциялык эмес башка уюмдар токойлорго аяр мамиле жасоонун, биологиялык ар түрдүүлүктү, табигый экологиялык тутумдарды сактоонун, типтүү жана сейрек кездешүүчү жаратылыш ландшафттарын, биотопторду, токой чарба белгилерин сактоонун зарылдыгы жөнүндө жарандардын маданиятынын жана укуктук аң-сезиминин деңгээлин жогорулатуу боюнча иштерди жүргүзө алышат.
Жарандар, коомдук бирикмелер, коммерциялык эмес башка уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик органдарга, токой чарбачылыгын жүргүзгөн адамдарга токойлорду пайдалануу, кайтаруу, коргоо, жана жаңыртып өстүрүү жаатында токой чарбачылыгын жана башка иш-чараларды жүргүзүүгө көмөк көрсөтөт, токойлорду талаптагыдай санитардык абалга келтирүү боюнча иштерди жүргүзүүгө, ошондой эле токойдогу өрттүн алдын алууга, табууга жана өчүрүүгө катышат.
272-берене. Токойлорду биргелешип башкаруу
Токойлорду биргелешип башкаруу токойду башкаруу боюнча токой чарбалык иш-чараларды биргелешип аныктоо жана аткаруу үчүн ар кандай өнөктөштөрдүн - мамлекеттик, жеке жана коомдук түзүмдөрдүн биригишине жана кызматташуусуна багытталган процесстердин жана жол-жоболордун ар кандай түрлөрүн билдирет.
Токойлорду биргелешип башкаруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
23) 28-берененин биринчи бөлүгүнүн бешинчи абзацында "токой фондусунун" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
24) 29 жана 30-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"29-берене. Токойлордун статусу
Кыргыз Республикасындагы токойлор жаратылышты коргоочу болуп саналат, кыртышты коргоочу, сууну коргоочу, климатты жөнгө салуучу, санитардык-гигиеналык, ден соолукту чыңдоочу, көмүртектин диоксидин жутуунун эсебинен климаттын глобалдык өзгөрүшүнүн терс кесепеттеринин алдын алуучу функцияларды, башка функцияларды аткарат жана мамлекеттин өзгөчө кайтаруусунда турат.
Токойдун экологиялык, экономикалык жана социалдык маанисине, анын аткарган функцияларына ылайык токойду корголуу категориялары боюнча бөлүштүрүү жүргүзүлөт.
30-берене. Токойлордун корголуу категориялары
Кыргыз Республикасында токойлор төмөнкүдөй корголуу категорияларына бөлүнөт:
- өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында жайгашкан токойлор;
- өзгөчө баалуу токой массивдери;
- илимий мааниге ээ токойлор;
- санитардык-гигиеналык жана ден соолукту чыңдоочу функцияларды аткаруучу токойлор, аларга суу менен камсыздоо булактарын санитардык коргоо зоналарындагы токойлор, курортторду санитардык коргоо аймактарындагы токойлор кирет;
- коргоочу токойлор, аларга эрозияга каршы токойлор, айлана-чөйрөнү коргоо үчүн олуттуу мааниси бар чөлдүү жана аз токойлуу тоолуу райондордогу токойлор кирет;
- суу коргоочу токойлор - дарыялардын, көлдөрдүн, суу сактагычтардын жана башка көлмөлөрдүн жээктериндеги токойлордун тыюу салынган тилкелери.
Токойлордун корголуу категориясы токой жайгаштыруу учурунда аныкталат.
Токойлорду корголуу категорияларына киргизүү жана аларды бир категориядан башкасына которуу эрежелери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
25) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 301-берене менен толукталсын:
"301-берене. Жаратылышты коргоо баалуулугу жогору токойлор
Жаратылышты коргоо баалуулугу жогору токойлор эл аралык, региондук же улуттук мааниде болушу мүмкүн.
Жаратылышты коргоо баалуулугу жогорку токойлорду таануу токойду ыктыярдуу сертификациялоо принциптеринин негизинде жүзөгө ашырылат.
Жаратылышты коргоо баалуулугу жогору токойлорду бөлүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
26) 31-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"31-берене. Токой чарбачылыгын токойлордун корголуу категориялары боюнча жүргүзүү режими
Мамлекеттик жаратылыш коруктарынын жерлеринде жайгашкан токойлор изилденүүгө, эсепке алынууга жана корголууга тийиш.
Мамлекеттик жаратылыш коруктарынын, улуттук жаратылыш парктарынын корук режиминдеги зоналарынын жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын башка категориялардагы өзөк зоналарынын токойлорунда, токойду илимий-изилдөө максаттарында пайдаланууну кошпогондо, токойду кыюунун бардык түрлөрүнө жана токойду пайдаланууга тыюу салынат.
Мамлекеттик жаратылыш парктарынын жерлеринде жайгашкан токойлор изилденүүгө жана эсепке алынууга, корголууга жана сакталууга, жаңыртып өстүрүлүүгө, токойду пайдаланууга, токой ресурстарынын пайдаланылышы контролго алынууга тийиш.
Мамлекеттик жаратылыш парктарынын токойлорунда токойду калыбына келтирүүчү кыюуларга жана реконструкциялык кыюуларга тыюу салынат, токойду пайдалануу функционалдык зоналаштыруу режимдерине ылайык жүзөгө ашырылат.
Илимий мааниси бар токойлордо токой чарбачылыгын жүргүзүү режими бул токойлор карамагында турган илимий мекеменин илимий изилдөөлөрүнүн максаттарына жана милдеттерине жараша белгиленет.
Өзгөчө баалуу токой массивдеринин токойлорунда токойду калыбына келтирүүчү кыюуларга жана реконструкциялык кыюуларга тыюу салынат.
Санитардык-гигиеналык жана ден соолукту чыңдоочу функцияларды аткаруучу токойлордо, коргоочу токойлордо, сууну коргоочу зоналарда жайгашкан токойлордо токойлордун абалын жана алардын функционалдык маанисин жакшыртууга багытталган кыюулардын бардык түрлөрү жүргүзүлүшү мүмкүн.
Бардык корголуу категорияларындагы токойлордо мал жаюуга тыюу салынат.
Токойду пайдалануу режими токойлордун корголуу категорияларына жараша Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.";
27) 32-берененин аталышында "Токой фондусунун" деген сөздөр "Мамлекеттик токой фондунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
28) 33-беренеде:
а) берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "33-берене. Мамлекеттик токой фондундагы токойлуу жана токойсуз жерлерди которуу";
б) биринчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Токой жерлерин токой чарбачылыгын жүргүзүү менен байланышпаган максаттарда пайдалануу үчүн токойсуз жерлерге которуу өзгөчө учурларда жана мамлекеттик экологиялык экспертизанын жана токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик органдын корутундулары болгондо гана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен жүргүзүлөт.";
в) экинчи бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) берене төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөр менен толукталсын:
"Мамлекеттик токой фондунун токойсуз жерлерин токойлуу жерлерге которуу токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик органдын чечими боюнча токой жайгаштырууда жүзөгө ашырылат.
Токойсуз жерлерди токойлуу жерлерге которуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.";
29) 34-берененин аталышында жана экинчи бөлүгүндө "токой фондусунан" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондунан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
30) 36-берененин биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик токой фондунун жерлеринде жайгашкан токойлордо жана жер фондунун башка категориялардагы жерлеринде токой чарбачылыгын жүргүзүү жана токойду пайдаланууну жүзөгө ашыруу менен байланышпаган курулуш жана жардыруу иштери, жер казынасын пайдалануу, кабелдерди, өткөргүч түтүктөрдү жана башка коммуникацияларды тартуу, бургулоочу жана башка жумуштар мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу болгондо жана токойлорду коргоону жана жаңыртып өстүрүүнү, мамлекеттик токой фондунун жерлерин жана жер фондунун башка категориялардагы жерлеринде жайгашкан токойлорду рекультивациялоону камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик органдын талаптары аткарылганда, жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык, тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жүргүзүлөт.";
31) III бөлүмдүн аталышында "Токой фондусунун" деген сөздөр "Мамлекеттик токой фондунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
32) 7-главанын аталышында "Токой фондусунун" деген сөздөр "Мамлекеттик токой фондунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
33) 37-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"37-берене. Мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык органдын укуктары жана милдеттери
Мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык органдын укуктары:
- токой чарбачылыгын өнүктүрүүнү келечектеги жана учурдагы пландандоо маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгууга жана аларды токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик органга киргизүүгө;
- токойду пайдалануу жана аны менен байланышкан башка максаттар үчүн мамлекеттик токой фондунун участокторун уюмдарга жана жарандарга натуралай бөлүп берүүгө, токой кыюу билеттерин (ордерлерди) же токой билеттерин берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алууга;
- ижара келишимдерин түзүүгө;
- экологиялык туризмди уюштуруу менен алектенүүгө;
Мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык орган токойлордун жаңыртып өстүрүлүшүн, кайтарылышын, корголушун жана алардын экологиялык жана санитардык абалынын жакшыртылышын, аны багууну, токойлордун өнүмдүүлүгүн жана токой жер кыртышынын асылдуулугун жогорулатууну, токойду пайдаланууну уюштурууну, токойлорду эсепке алууну камсыз кылууга жана токой чарбачылыгын жүргүзүү боюнча башка милдеттерди аткарууга милдеттүү.
Мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык органдын укуктары менен милдеттери токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган тарабынан бекитилген жобо менен аныкталат.";
34) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 371-берене менен толукталсын:
"371-берене. Токой чарба мекемесинин укуктары жана милдеттери
Токой чарба мекемелери төмөнкүлөргө укуктуу:
- токойду пайдаланууну жана аны менен байланышкан башка чарбалык иштерди жүзөгө ашырууга;
- жолдордун, токой кампаларынын, өрткө каршы жана химиялык станциялардын, турак жай курулуштарын жана чарбалык курулуштарды, даярдалган чийки заттарды сактоо жана баштапкы кайра иштетүү үчүн курулмаларды жана токой чарбасын жүргүзүү жана токойду пайдаланууну жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон башка объекттерди курууну белгиленген тартипте жүзөгө ашырууга.
Токой чарба мекемелери төмөнкүлөргө милдеттүү:
- илимий жактан негизделген ченемдердин чегинде токойдун жыгач жана башка өсүмдүк ресурстарын жана анын пайдалуу жаратылыш касиеттерин белгиленген тартипте пайдаланууга;
- чарбалык иштерди токойдун чөйрө түзүүчү жана коргоочу функцияларынын сакталышын, ошондой эле дарактарды калыбына келтирүү, дары-дармек, тамак-аш жана техникалык сырьёну жыйноо үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуучу ыкмалар менен жүргүзүүгө, токойлорду кайтаруу жана коргоо, жаңыртып өстүрүү жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча ушул Кодексте каралган, ошондой эле токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган белгилеген талаптарды аткарууга.
Токой чарба мекемесинин укуктары жана милдеттери токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган бекиткен жобо менен аныкталат.";
35) 38-беренеде:
а) берененин аталышында "Токой фондусунун" деген сөздөр "Мамлекеттик токой фондунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) экинчи бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
36) 39-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"39-берене. Токой пайдалануучулардын укуктары жана милдеттери
Токой пайдалануучулар укуктуу:
- мамлекеттик токой фондунун участокторун аны берүү шарттарына ылайык пайдалануу үчүн натуралай алууга;
- ушул Кодексте жана токой мыйзамдарында каралган токой ресурстарын пайдалануунун бардык түрлөрүн жүзөгө ашырууга, маданий-ден соолукту чыңдоо, рекреациялык, туристтик максаттардын керектөөлөрү жана токойду пайдалануунун башка түрлөрү үчүн мамлекеттик токой фондунун жер участокторун келишимдин шарттарына ылайык пайдаланууга;
- токойду пайдаланууга укук берүүчү документтерде көрсөтүлгөн көлөмдө токойду пайдаланууну жүзөгө ашырууга;
- токойду пайдаланууну жүзөгө ашыруу боюнча чарбалык иштин формаларын өз алдынча тандоого;
- мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык органдын макулдугу боюнча белгиленген тартипте жолдорду салууга, өндүрүштүк жана чарбалык курулуштарды жүргүзүүгө, чарбалык иштерди жүргүзүү үчүн жабдууларды жана шаймандарды орнотууга, транспорт токтоочу жайларды салууга ж.б.
Токой пайдалануучулар милдеттүү:
- токой кыюу үчүн берилген токой аянттарын, токой чөп чабыктарын, жайыттарды жана башка жерлерди, токой ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга, жаныбарлар дүйнөсүн жана алардын жашоо чөйрөсүн сактоого;
- мамлекеттик токой фондунун участогун ижаралоо келишиминин, мамлекеттик токой фондунун участогун акысыз пайдалануу келишиминин шарттарын, ошондой эле токой кыюу билетинин, ордердин, токой билетинин шарттарын сактоого;
- ишти жүргүзүү процессинде кыртыштын эрозиясынын пайда болушуна жол бербөөгө, токойду пайдалануунун токойлордун абалына жана жаңыртып өстүрүүгө, ошондой эле көлмөлөргө жана башка жаратылыш объекттерине терс таасир тийгизүүсүн болтурбоого же чектөөгө;
- токойлордун жана башка жаратылыш объекттеринин абалына жана аларды жаңыртып өстүрүүгө терс таасирин тийгизбеген ыкмалар менен иш жүргүзүүгө;
- өрт коопсуздугун сактоого, иш жүрүп жаткан жерлерде өрткө каршы иш-чараларды жүргүзүүгө, ал эми токойдо өрт чыккан учурларда - аларды өчүрүүгө;
- кыртыштын асылдуулугун калыбына келтирүүнү, коргоону, сактоону жана жогорулатууну, токой дарактарынын өнүмдүүлүгүн жана алардын пайдалуу касиеттерин күчөтүүнү камсыз кылууга, токой чарбачылыгын жүргүзүү жана токой ресурстарын пайдалануу боюнча мыйзамдардын башка талаптарын аткарууга;
- кыйылбай калууга жана ашыкча кыюуларга жол бербөөгө, ошондой эле камдоо жана ташып кетүү үчүн белгиленген мөөнөт бүткөндөн кийин кыюучу жерлерде жана токойдо даярдалган жыгачтарды сактоого;
- жыгачтын коромжу болушуна, ишке жарактуу жыгачты отунга айландырууга жана анын максатсыз иштерге жумшалышына жол бербөөгө;
- кыркылган аянттарды кыркынды калдыктарынан тазалоого жана токойду пайдаланууда бузулган жерлерди аны бузгандардын өз эсебинен багыты боюнча пайдаланууга жарактуу абалга келтирүүгө;
- токой чарбачылыгынын чыгашаларынын жана жоготууларынын ордун белгиленген тартипте толтурууга;
- токойду пайдалануу үчүн акыны өз убагында жана толук төлөөгө;
- расмий статистикалык отчетторду статистика органдарына өз убагында берүүгө;
- токойду пайдаланууда токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган белгилеген башка талаптарды аткарууга.";
37) 40-беренеде:
а) берененин аталышында жана текстинде "токой фондусунун" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:
"Токой пайдалануучулардын укуктары мыйзам менен корголот жана Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдарында каралган учурларда гана чектелиши мүмкүн.";
38) 8-главанын аталышында "токой фондусунун" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
39) 42-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"42-берене. Мамлекеттик токой фондунун участокторун ижаралоо
Мамлекеттик токой фондунун участоктору ушул Кодекстин 48-беренесинде каралган токой ресурстарын жаңыртып өстүрүүнү, токойду пайдаланууну жүзөгө ашыруу үчүн ижара шарттарында пайдаланууга берилет. Мамлекеттик токой фондунун участогу ижарага бир же бир нече ижарачыга берилиши мүмкүн.
Мамлекеттик токой фондунун жерлеринде ижарага берүүчү болуп мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык орган саналат.
Мамлекеттик токой фондунун жер участокторун ижаралоодогу укуктук мамилелер ушул Кодекс, жер жана жарандык мыйзамдар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү мамлекеттик токой фондун пайдалануунун жана тескөөнүн тартиби менен жөнгө салынат.";
40) 43-берененин аталышында жана текстинде "токой фондусунун" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
41) 44-берененин аталышында жана текстинде "токой фондусунун" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
42) 45-берененин аталышында жана текстинде "токой фондусунун" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
43) 46-берененин аталышында жана текстинде "токой фондусунун" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
44) 48-берененин биринчи бөлүгүндө:
а) төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- токойду илимий-изилдөө, билим берүү, маданий-ден соолукту чыңдоо, рекреациялык жана туристтик максаттарда, ошондой эле туристтик индустриянын объекттерин жана автомобиль транспортунун инфратүзүмүн куруу жана аңчылык чарбанын муктаждыктары үчүн пайдалануу;";
б) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы-сегизинчи абзацтар менен толукталсын:
"- энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен энергетика орнотмолорун куруу;
- мамлекеттик токой фондунун жерлеринде жайгашкан көлмөлөрдө жана башка суу объекттеринде балык чарба чөйрөсүндөгү иштерди жүзөгө ашыруу;
- плантацияларды түзүү;";
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:
"Токойлорду пайдалануу мамлекеттик токой фондунун жерлерин функциялык зоналаштыруунун негизинде жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик токой фондунун жерлерин функциялык зоналаштырууну жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.";
45) 49-берененин биринчи жана экинчи бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык орган жана токой чарба мекемеси мамлекеттик токой фондунун жерлеринде жайгашкан минералдарды жана жер үстүндө жайгашкан пайдалуу кендердин табигый пайда болгон катуу тоо тектерин өз муктаждыктары үчүн акысыз пайдаланууга, ошондой эле белгиленген тартипте суу объекттерин пайдаланууга жана жердин башка пайдалуу касиеттерин эксплуатациялоого укуктуу. Көрсөтүлгөн жаратылыш ресурстарын өнөр жайлык иштетүү, ошондой эле аларды коммерциялык максаттарда пайдалануу жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Минералдарды жана жер үстүндө жайгашкан пайдалуу кендердин табигый пайда болгон катуу тоо тектерин жана мамлекеттик токой фондунун жерлеринде жайгашкан башка жаратылыш ресурстарын юридикалык жана жеке жактардын пайдалануусу алар тарабынан белгиленген тартипте алынган токойду пайдалануу укугунун негизинде жүзөгө ашырылат.";
46) 50-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"50-берене. Токойду пайдаланууга акы төлөө
Кыргыз Республикасында токойду пайдалануу токой таксалары жана токойду пайдалануу үчүн акы төлөмдөр түрүндөгү акы менен жүргүзүлөт.
Жарандардын эс алуусу, ошондой эле жеке керектөөлөр үчүн жапайы өскөн мөмө-жемиштерди, козу карындарды, дары чөптөрдү жыйноо акысыз жүргүзүлөт.
Токойду багуу иретинде кыюуларды, санитардык жана токойду калыбына келтирүүчү кыюуларды, башка токой чарбачылык иштерин, токой жайгаштыруу, токой чарбачылыгынын муктаждыгы үчүн илимий-изилдөө жана долбоорлоо иштерин жүргүзгөндө токой чарба мекемеси даярдаган жыгач үчүн, ошондой эле токой чарба мекемеси экинчи даражадагы токой ресурстарын даярдаганда жана алар токойду кошумча пайдаланганда акы алынбайт.";
47) 51-берененин аталышында жана текстинде "токой фондусунун" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
48) 52-беренеде:
а) биринчи бөлүктө "токой фондусунун" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) экинчи бөлүктө "токойду утурумдук пайдалануунун, өнөр жайлык плантацияларды кыюунун" деген сөздөр "токойду багуу иретинде кыюунун, санитардык кыюулардын, токойду калдыктардан тазалоонун, анча баалуу эмес дарактарды реконструкциялоого байланышкан кыюулардын, токойду калыбына келтирүүчү кыюулардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
49) 53-берененин биринчи жана алтынчы бөлүктөрүндө "токой фондусунун участокторунун" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондунун участокторунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
50) 55-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"55-берене. Агротокойчулук
Агротокойчулукта токойду пайдалануу жерлердин категориясынын өзгөчөлүктөрүнө, жерлердин түрлөрүнө жана токойлордун корголуу категориясына жараша колдонулушу мүмкүн болгон тутумдардын түрлөрүнөн турат жана аныкталат.
Агротокойчулук тутумдарында токойду пайдалануу тутумдарынын түрлөрү, тартиби жана шарттары токой чарбачылыгы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.";
51) 56-беренеде:
а) экинчи абзацта "токой фондусунун" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондунун жер участогунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төртүнчү абзацта "токой фондусунун" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) бешинчи абзацта "токой фондусун" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондунун жер участогун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
52) 57-беренеде:
а) экинчи абзацта "жаңгак, мөмө-жемиш жана өзөндөрдө өскөн" деген сөздөр алып салынсын;
б) алтынчы абзацта "карагайлуу" деген сөз алып салынсын, "карт карагай" деген сөздөр "карт токой" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- башка кыюулар - ушул Кодекстин 55-беренесинде каралган кыюуга чектөөлөрдү кошпогондо, илимий максаттарда, токой чарбачылыгынын муктаждыктары үчүн курулушта, гидротүйүндөрдү, өткөргүч түтүктөрдү, жолдорду курууга жана оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу токой аянттарын тазалоодо, токойдогу жолдорду жана өрткө каршы ажырым тилкелерди салууда, ошондой эле ушул Кодекстин 48-беренесинде каралган токой пайдалануу учурларында дарактарды кыюу.";
53) 58-берененин экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
54) 59-беренеде:
а) үчүнчү сүйлөмдөгү "Өнөр жай плантацияларын кыюуда жана утурумдук пайдаланууда жыгач даярдоонун" деген сөздөр "токойду багуу иретинде кыюунун, санитардык кыюунун, токойду калдыктардан тазалоонун, анча баалуу эмес дарактарды реконструкциялоого байланышкан кыюунун, токойду калыбына келтирүүчү кыюунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:
"Кыйылуучу токой фонду жана жыгач даярдоонун көлөмү токой жайгаштыруу менен аныкталат.";
55) 62-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
56) 12-главанын аталышында "Токой фондусун" деген сөздөр "Мамлекеттик токой фондун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
57) 63-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"63-берене. Мамлекеттик токой фондунун аймагындагы илимий изилдөөлөр
Илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн мамлекеттик токой фондунун ээлери тарабынан участоктор берилет, эгерде бул илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү максаттарына ылайык келбесе, аларда токойду пайдаланууга чек коюлат же толугу менен тыюу салынат.";
58) 64-берененин экинчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
59) 65-беренеде "Токой фондусунун" деген сөздөр "Мамлекеттик токой фондунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
60) 66-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"66-берене. Мамлекеттик токой фондунун участокторунда калктын эс алуусу
Токой чарба мекемеси жана аны менен макулдашуу боюнча башка уюмдар мамлекеттик токой фондунун участокторунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка талаптарын сактоо менен токой чөйрөсүн жана жаратылыш ландшафттарын сактоону эске алып, калктын эс алуусун уюштурууну жүзөгө ашыра алышат.»;
61) 67-беренеде:
а) биринчи бөлүктө "токой фондусунда" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондунда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) экинчи бөлүктө "токой чарбачылыгын башкаруучу аймактык, областтык жана областтар аралык мамлекеттик органдар" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык органдар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
62) 68-берененин экинчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
63) 69-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
64) 15-главанын аталышында "Токой фондусун" деген сөздөр "Мамлекеттик токой фондун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
65) V бөлүмдүн аталышында "Токой фондусун" деген сөздөр "Мамлекеттик токой фондун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
66) 16-главанын аталышында "Токой фондусун" деген сөздөр "Мамлекеттик токой фондун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
67) 74-берененин аталышында жана текстинде "Токой фондусун", "токой фондусу" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Мамлекеттик токой фондун", "мамлекеттик токой фонду" деген сөздөргө алмаштырылсын;
68) 75-беренеде:
а) үчүнчү бөлүктүн төртүнчү абзацында ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "токой фондусу" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө "мамлекеттик токой фонду" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төртүнчү жана бешинчи бөлүктөрдө:
- ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "токой фондусу" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө "мамлекеттик токой фонду" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "бузуулар" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "укук бузуулар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) сегизинчи бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) берене төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу бөлүк менен толукталсын:
"Токой мыйзамдарын бузгандыгы үчүн адамдарды жоопкерчиликке тартуунун натыйжасында келип түшкөн каражаттар токойлорду эсепке алуу, коргоо, сактоо, токой өстүрүү, жаңыртып өстүрүү жана токойлордун өнүмдүүлүгүн жогорулатуу иш-чараларына жана келтирилген зыяндын ордун толтурууда өндүрүлгөн доолордун суммасынын 50 пайызы өлчөмүндөгү сыйакы катарында мыйзам бузуу фактыларын тапкан адамдарга (протоколдорду түзүүчүлөргө) төлөп берүүгө багытталат.";
69) 77-берененин аталышында жана текстинде "токой фондусунун" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
70) 78-беренеде:
а) берененин аталышында жана текстинде ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "токой фондусу" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "мамлекеттик токой фонду" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) экинчи бөлүктө ", менчик токой жерлеринин ээлери" деген сөздөр алып салынсын;
в) үчүнчү бөлүктө "токой чарбасын башкаруучу областтык, областтар аралык жана аймактык мамлекеттик органдар" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондунун аймактык башкаруу органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) алтынчы бөлүктүн экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Мамлекеттик токой фондунун авиациялык коргоо зоналары жана аны жүзөгө ашыруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.";
71) 79-беренеде:
а) биринчи бөлүктө:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жеке жана юридикалык жактар укук бузуулардын төмөнкү түрлөрүн жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылууга тийиш:";
- бешинчи абзацта "токой фондусунун" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"- жерлерди пайдалануу эрежелерин, анын ичинде жерлерди пайдалануунун жаратылышты коргоо режиминин талаптарынын бузулушун;
- өрт коопсуздугунун эрежелеринин бузулушун;
- токойлорду калыбына келтирүү жана жакшыртуу эрежелеринин бузулушун;
- токойду калыбына келтирүү эрежелеринин бузулушун;
- токойду өрттөө жолу менен же болбосо отко же башка жогорку коркунучтагы булакка текебердик, этиятсыздык менен мамиле кылуунун натыйжасында жок кылуунун же зыянга учуратуунун;
- санитардык эрежелерди бузуунун алдын алуу, ачуу жана токтотуу жүктөлөт.";
б) экинчи бөлүктө "Токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик органдын аймактык, областтык, областтар аралык органдары" деген сөздөр "Мамлекеттик токой фондунун аймактык башкаруу органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
72) 80-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"80-берене. Токойлорду зыянкечтерден, илдеттерден жана башка терс факторлордон сактоо
Токойлорду сактоо алардын табигый өзгөчөлүктөрүн, максаттуу багытын эске алуу менен жүзөгө ашырылат жана токойлордун туруктуулугун жогорулатууга, токойлорду жок кылуудан, бузулуудан, начарлоодон, булгануудан келүүчү зыянды болтурбоого, токой зыянкечтеринен жана илдеттеринен, табигый жана антропогендик мүнөздөгү башка зыяндуу таасирлерден токой чарбачылыгындагы жоготууларды азайтууга багытталган иш-чаралардын тутумун билдирет.
Токойлорду сактоо өзүнө төмөнкүдөй иш-чараларды камтыйт:
- токойлорду зыянкечтерден жана илдеттерден сактоо боюнча профилактикалык иш-чараларды долбоорлоо жана жүргүзүү;
- санитардык-ден соолукту чыңдоочу иш-чаралар;
- токойдун зыянкечтеринин, илдеттеринин очокторунда жок кылуу иш-чараларын долбоорлоо жана жүзөгө ашыруу;
- токой патологиясына мониторинг жүргүзүү;
- атайын экспедициялык токой патологиясын изилдөөлөр;
- токойду сактоо боюнча ченемдик талаптардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү.
Токойлорду сактоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.";
73) 81-берененин аталышында жана биринчи бөлүгүндө "Токой фондусуна" деген сөздөр "Мамлекеттик токой фондуна" деген сөздөргө алмаштырылсын;
74) VI бөлүмдүн аталышындагы "Токой фондусуна" деген сөздөр "Мамлекеттик токой фондуна" деген сөздөргө алмаштырылсын;
75) 17-главанын аталышында "Токой фондусуна" деген сөздөр "Мамлекеттик токой фондуна" деген сөздөргө алмаштырылсын;
76) 82 жана 83-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"82-берене. Токойлорду улуттук инвентаризациялоо жана токой мониторинги
Токойлорду улуттук инвентаризациялоо токой саясатынын жана токой баскан жерлердин аянттарын жер фондунун категориялары боюнча бөлүштүрүү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жер отчетунун негизи болуп саналат.
Токойлорду улуттук инвентаризациялоо мамлекеттик токой фондунун жерлеринде жана мамлекеттик токой фондуна кирбеген жерлерде жайгашкан Кыргыз Республикасынын токойлорунда жүргүзүлөт.
Токойлорду улуттук инвентаризациялоо жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
Токойлордун мониторинги токойлорду натыйжалуу коргоо, сактоо, жаңыртып өстүрүү жана сарамжалдуу пайдалануу максатында мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, жер фондунун башка категориялардагы жерлеринде жайгашкан токойлордун абалына жана өзгөрүү динамикасына байкоо жүргүзүү, баа берүү жана прогноздоо тутумун билдирет.
Токой мониторингин жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
83-берене. Мамлекеттик токой фондунун эсебин алуу жана токой кадастры
Мамлекеттик токой фондунун эсебин алуу жана токой кадастры жүргүзүлөт:
- мамлекеттик токой фондун коргоону, сактоону, жаңыртып өстүрүүнү жана сарамжалдуу пайдаланууну уюштуруу үчүн;
- парник газдарынын эмиссиясына жана токойлордун аларды сиңирүүсүнө баа берүү жана контролдоо үчүн;
- мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, мамлекеттик токой фондуна кирбеген токойлордун сандык жана сапаттык өзгөрүүлөрүн тутумдук контролдоо үчүн;
- кызыкдар уюмдарды жана жарандарды мамлекеттик токой фонду жөнүндө так маалыматтар менен камсыздоо үчүн.
Токой кадастры төмөнкүлөрдү камтыйт:
- мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жана мамлекеттик токой фондуна кирбеген токойлордун укуктук режими жөнүндө маалыматтардын тутумун;
- мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, мамлекеттик токой фондуна кирбеген токойлордун абалы жөнүндө сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрдү;
- парник газдарынын эмиссиясын жана токойлордун аларды сиңирүүсүн инвентаризациялоо жөнүндө маалыматтар тутумун;
- токойлорду корголуу категорияларына бөлүүнү, аларды экономикалык баалоону жана токой чарбачылыгын жүргүзүү жана чарба ишинин натыйжаларын баалоо үчүн зарыл болгон башка маалыматтарды.
Мамлекеттик токой фондунун эсебин алуу жана токой кадастры токой жайгаштыруу материалдарынын, Кыргыз Республикасы үчүн бирдиктүү тутум боюнча инвентаризациялоонун жана атайын изилдөөлөрдүн негизинде токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
Мамлекеттик токой фондун эсебин алуунун жана токой кадастрынын документтери мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык орган жана токой чарба мекемеси тарабынан жүргүзүлөт.
Мамлекеттик токой фондунун эсебин алуу жана токой кадастры Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жүргүзүлөт.";
77) 84-беренеде:
а) экинчи бөлүктө:
- экинчи абзацта "токой фондусунун участоктору карамагында болгон юридикалык жактардын жана жарандардын" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, жер фондунун башка категориялардагы жерлеринде жайгашкан токойлордун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- үчүнчү абзац "токойлорду" деген сөздөн кийин "жердин космостук сүрөттөрүн пайдалануу менен" деген сөздөр менен толукталсын;
- төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- токойлордун түрлөрүн жана жаш курагын, абалын, алардын сапаттык жана сандык мүнөздөмөлөрүн аныктоо менен инвентаризациялоону;";
- бешинчи абзацта "токой фондусунун" деген сөздөр "токойлордун" деген сөзгө алмаштырылсын;
- алтынчы абзацта "иш-чараларды" деген сөз "иш-чараларды пландоону" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- мамлекеттик токой фондуна кирген жана кирбеген токой участоктору, ошондой эле мамлекеттик токой фондунун участоктору токой чарбачылыгын жүргүзүүгө байланышпаган максаттарда пайдаланылган учурларда, токой чарбачылыгынын өндүрүш чыгашаларынын жана жоготууларынын ордун толтурууда токой жерлеринин нарктык баасын (ченемдик баасын) аныктоону;";
б) үчүнчү бөлүктө "Экологиялык экспертизанын талаптарына жооп берген токой күтүү материалдары" деген сөздөр "Токой жайгаштыруу материалдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) төртүнчү бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, жер фондунун башка категориялардагы жерлеринде жайгашкан токойлорду жайгаштыруу республикалык бюджеттен, бюджеттен тышкары булактардан каржыланат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен Кыргыз Республикасынын токой жайгаштыруу жөнүндө жобосуна ылайык жүргүзүлөт.";
78) 86-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"86-берене. Токой жайгаштырууну жүргүзүү тутуму
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик токой фондунун аймагында токой жайгаштыруу токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик органдын токой жайгаштыруу уюмдары тарабынан жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү токой жайгаштырууну жүргүзүүнүн тартибинде каралган учурларды кошпогондо, токой жайгаштырууну жүргүзбөстөн токой чарбачылыгын жүргүзүүгө жана токойду пайдаланууга салынат.";
79) 87-берененин экинчи бөлүгүндө "токой фондусунун" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
80) 88-беренеде:
а) берененин аталышында жана текстинде ар кандай жөндөмө формаларындагы "токой фондусу" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "мамлекеттик токой фонду" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) экинчи бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
81) 89-берененин экинчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
82) 18-глава күчүн жоготту деп таанылсын;
83) 91-берененин биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө "токой фондусунун" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
84) 92-беренеде:
а) "токой фондусунун" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) үчүнчү бөлүктө "мыйзамдарына" деген сөз "жер мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
85) 93-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"93-берене. Плантацияларды түзүү
Дарак жана дарак-бадал өсүмдүктөрүнүн белгилүү түрлөрүнүн (максаттуу түрлөрүнүн) плантациялары коммерциялык ишти жүзөгө ашыруу максатында же жеке пайдалануу үчүн түзүлөт.
Дарак жана дарак-бадал өсүмдүктөрүнүн белгилүү түрлөрүнө (максаттуу түрлөрүнө) жасалма өстүрүлгөн дарактар кирет, алардын эсебинен белгиленген мүнөздөмөлөрү бар жыгачтарды, мөмө-жемиштерди алуу камсыздалат.
Плантациялар мамлекеттик токой фондунун жерлеринде жана жер фондунун башка категориялардагы жерлеринде түзүлүшү мүмкүн.
Плантацияларды түзүү үчүн жер участоктору ушул Кодекске жана Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык жеке жана юридикалык жактарга ижарага берилет.
Плантацияларда дарактарды кыюуга, мөмө-жемиштерди жыйноого чектөөсүз жол берилет.";
86) 96-беренеде:
а) биринчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын токой мыйзамдарын бузган адамдар Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.";
б) экинчи бөлүктө "Бузуулар" деген сөз "Укук бузуулар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) үчүнчү бөлүктө "Токой фондусунун" деген сөздөр "Мамлекеттик токой фондунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
87) 97-берененин аталышында жана текстинде "токой фондусуна" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондуна" деген сөздөргө алмаштырылсын;
88) 98-беренеде:
а) биринчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик токой фондун коргоо, сактоо, жаңыртып өстүрүү жана сарамжалдуу пайдалануу жаатындагы мамлекеттик башкарууга жана токой чарбачылыгын жүргүзүүгө чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын жана бюджеттен тышкары булактардын эсебинен жүргүзүлөт.";
б) экинчи бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
89) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 981-берене менен толукталсын:
"981-берене. Экосистемалык кызмат көрсөтүүлөргө экономикалык баалоону колдонуу
Токой экосистемалары экономикалык жактан бааланууга тийиш, ал төмөнкүлөр үчүн колдонулат:
- токой экосистемаларынын Кыргыз Республикасынын экономикасына кошкон салымын аныктоо;
- токой экосистемаларынын абалынын өзгөрүшүнө алып келүүчү иш-аракеттерден/кийлигишүүдөн болуучу пайданы аныктоо;
- токой экосистемалары менен байланышкан чыгымдарды жана пайданы бөлүштүрүү;
- токой экосистемаларын сактоо үчүн потенциалдуу каржылоо булактарын аныктоо.
Токой экосистемаларынын кызмат көрсөтүүлөрүн экономикалык баалоо төмөнкүдөй негизги этаптарды камтыйт:
- экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүн аныктоо;
- экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрдү экономикалык баалоо;
- кызмат көрсөтүүлөрдөн пайда алуучуларды аныктоо;
- экосистемалык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө механизмдерин түзүү.
Экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрдү экономикалык баалоонун методикасы жана тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
90) 99 жана 100-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"99-берене. Токой чарбачылык фонду
Токой чарбачылык фонду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган кирешелердин бюджеттен тышкары булактарынан каржыланат.
Фонддун каражаттары токой чарбачылыгын өнүктүрүүгө, токой экосистемаларын жана токойдун биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоого, токой чарбачылыгы жаатында илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө пайдаланылат.
Токой чарбачылык фонду жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
100-берене. Токой чарбачылыгынын чыгашалары жана жоготуулары
Ата мекендик инвесторлор тарабынан жүзөгө ашырылуучу суу сактагычтары жана плотиналары бар электр энергетикалык өндүрүштүк ири кубаттуулуктардын, чакан ГЭСтердин курулушуна которулуучу (трансформациялануучу) мамлекеттик токой фондунун жерлерин кошпогондо, мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринде жана жер фондунун башка категориялардагы жерлеринде жайгашкан токойлордо жеке жана юридикалык жактардын иштеринин натыйжасында пайда болгон токой чарбачылыгынын чыгашаларынын жана жоготууларынын орду толтурулууга тийиш.
Токой чарбачылыгынын чыгашаларынын жана жоготууларынын орду төмөнкү учурларда толтурулат:
- мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринин, жер фондунун башка категориялардагы жерлеринде жайгашкан токойлордун участокторун мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн алып коюуда;
- мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринин жана жер фондунун башка категориялардагы жерлеринде жайгашкан токойлордун участокторун жер фондунун башка категорияларына которууда (трансформациялоодо);
- мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлерин жана жер фондунун башка категориялардагы жерлеринде жайгашкан токойлорду токой чарбачылыгын жүргүзүүгө байланышпаган максаттарда пайдаланууда;
- юридикалык жана жеке жактардын ишинин натыйжасында Кыргыз Республикасынын токойлорунун жана мамлекеттик токой фондунун башка жерлеринин сапаттык абалы начарлаганда.
Токой чарбачылыгынын чыгашаларынын жана жоготууларынын ордун толтуруу тартибинде келип түшкөн каражаттар токойлорду коргоо, сактоо, өстүрүү, жаңыртып өстүрүү жана токойлордун өнүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн пайдаланылат.
Токой чарбачылыгынын чыгашаларын жана жоготууларын эсептөөлөр мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринин жана жер фондунун башка категориялардагы жерлеринде жайгашкан токойлордун нарктык баасы (ченемдик баасы) аркылуу жүргүзүлөт, алардын ордун толтуруунун методикасы жана тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
Токой чарбачылыгынын чыгашаларынын жана жоготууларынын ордун толтурууга жана алардын өлчөмдөрүн аныктоого байланышкан талаштар сот тартибинде чечилет.";
91) 101-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
92) 103-берененин экинчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
93) 104-берененин экинчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары ушул Мыйзамга ылайык келтирилгенге чейин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары ушул Мыйзамга каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н.Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 28-декабрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |