КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 10-октябры № 03
Кара-Балта шаарынын № 4 орто мектебине Дуулат уулу Илья атын ыйгаруу жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27,36,39-беренелерине ылайык, ошондой эле № 4 орто мектебинин директору А.А.Саргалдаеванын Кара-Балта шаарынын № 4 орто мектебине “Дуулат уулу Илья” атын ыйгаруу жөнүндө кайрылуусун эске алуу менен, Кара-Балта шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Балта шаарынын №4 орто мектебине Дуулат уулу Илья аты ыйгарылсын.
2. Бул токтом Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй - Бишкек шаардык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлү Регламент, депутаттардын этикасы жана укуктук маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Дуйшеналиев |