Редакцияот 30.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2024-жылдын 30-январы № 30

 

2023-жылдын 8-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу долбоорун Кошумча каржылоо) ратификациялоо тууралуу

1-берене.

2023-жылдын 8-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуу (Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу долбоорун Кошумча каржылоо) ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы тууралуу Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

 

С.Н.Жапаров

 

 

2023-жылдын 27-декабрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган