Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Сүлүктү шаардык кеңешинин 2024-жылдын 7-майындагы №171 токтомуна ылайык күчүн жоготту

 

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Сүлүктү шаардык кеңешинин (жетинчи чакырылышы)  кезексиз ХХXII сессиясы

 

2024-жылдын 8-февралы №159

Сүлүктү шаардык кеңешинин төрагасынын

орун басарларын шайлоо жөнүндө

 

Сүлүктү шаардык кеӊешинин төрагасынын орун басарлары А.А. Ибрагимовдун өз каалоосу менен депутаттык мандаты мөөнөтүнөн мурда токтоткондугуна жана                           Г.Б. Сапарованын  Сүлүктү шаардык кеӊешинин төрагасынын орун басары кызмат ордунан өз каалоосу менен бошотуу жөнүндөгү арызына байланыштуу Кыргыз Республикасынын 2021–жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 41–беренесинин жана шаардык кеӊештин Регламентинин 3 - главасынын 10 – пунктуна ылайык, маселени талкуулап депутаттардын ачык добуш берүүсүнүн  негизинде Сүлүктү шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.   Сүлүктү шаардык кеӊешинин төрагасынын орун басарлары шаардык кеӊештин депутаты Рустамова Базаргүл Саттаровна жана Акимов Уланбек Акылбекович  шайланды деп эсептелсин;

2.   Шаардык кеӊештин төрагасынын орун басарлары тийиштүү ченемдик - укуктук актылардын  жана шаардык кеӊештин Регламентинде көрсөтүлгөн ыйгарым укуктун чегинде иш алып барсын.

3.   Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө аламын.

 

 

  

Төрага

 М.А.Кутбидинов