Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 8-январы № 2
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 707 "2023-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында электрондук коммерцияны колдоо жана өнүктүрүү боюнча программаны бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Ишкердик субъекттеринин кызыкчылыктарын коргоо жана кошумча финансылык жана уюштуруучулук оорчулукка жол бербөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 707 "2023-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында электрондук коммерцияны колдоо жана өнүктүрүү боюнча программаны бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2023-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында электрондук коммерцияны колдоо жана өнүктүрүү боюнча программаны ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планында:
- 2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин Тоо газетасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 3 (3556) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |