Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 7-февралы № 38
"Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 487-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 5-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6) оюн-зоок ишин жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар.";
2) 7-берененин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Финансылык чалгындоо органына кызматка кирүү, финансылык чалгындоо органында кызмат өтөө жана аны токтотуу мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.";
3) 10-берененин 2-бөлүгүндө "Финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын жетекчилерине жана кызматчыларына" деген сөздөр "Финансылык мекемелерге жана финансылык эмес категориядагы жактарга, финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын жетекчилерине жана кызматкерлерине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 19-берененин 3-бөлүгү "филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле туунду жана көз каранды коомдорунун" деген сөздөр менен толукталсын;
5) 32-берененин 5-бөлүгү "кызмат адамдары (кызматкерлери)" деген сөздөрдөн кийин "финансылык чалгындоо органына шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүүнү жибергендиги үчүн жана" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 9-февралындагы № 11 (3564) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2023-жылдын 27-декабрында
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |