Редакцияот 25.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЙТИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Байтик айылдык кеңешинин 11 отуруму 29-чакырылыш

 

2024-жылдын 25-январы № 1

Айыл чарба багытындагы жер участогун өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка максаттар категориясына которууга макулдук берүү

Кыргыз Республикасынын “Жер Кодексинин” №15 беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын  «Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жайыт жана асыл тукум мал чарба Департаментинин «Элита» Республикалык асыл тукум станциясы мамлекеттик мекемесинин Байтик айыл аймагында жайгашкан 22 га жерди (жайыт) мөөнөтсүз пайдаланууга трансформациялоо жөнүндө тапшырмасын карап жана талкуулап чыгып Байтик айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. “Кадыр Берди” участогунда жайгашкан № 2,3,4,5 контурларындагы жалпы аянты 22 га. жер тилкеси Бишкек шаарындагы Ала – Арча көрүстөнүнүн аянтын кеңейтүү максатында айыл чарба багытындагы жер участогун (жайыт) өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка максаттар категориясына которулсун;

2. Байтик айыл өкмөтү тарабынан айыл чарба багытындагы (жайыт)  категориясынан өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка максаттар категориясына которуу боюнча Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына ходатайство берилсин;

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Байтик айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Абдыразаковго милдеттендирилсин.

 

Төрага

 

К. Осмоналиев