Редакцияот 09.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Cамаркандек айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясы

2024-жылдын 9-февралы № 61

Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Байзаковго ишенбестик көрсөтүү  боюнча 

 

Самаркандек айылдык кеңешинин типтүү регламентинин 49-бөлүмунүн 49.2 бөлүмчөсүнүн  негизинде    Самаркандек айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги Х сессиясы

                                          т о к т о м   к ы л а т :

1.    Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Байзаковдун иштеринде калкты сугат суу жана таза суу менен камсыз кылууда жеткиликтүү иш алып барбагандыгын,  жергиликтүү бюджетти сарамжалсыз пайдалангандыгын, кадр маселесиндеги мүчүлүштүктөрдүн жана калктан түшкөн нааразылык арыздарынын жана айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын ичинде аткарылган иштеринин канаатандыраарлык эмес деп табылганынын, айыл өкмөтүнүн башчысына ишенбестик көрсөтүү маселеси боюнча жабык добуш берүүнүн жыйынтыктаган эсептөө комиссиясынын №2 протоколунун негизинде депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен ашык добуш менен Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Байзаковго ишенбестик көрсөтүлсүн.

2.    Ушул токтомдун негизинде  Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысына  тийиштүү чечимдерди кабыл алып берүүсү суралсын.

3.    Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин      регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

4.  Ушул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагын айылдык кеңештин регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

       

 

 

 

Тѳрага

У.Гайыпов