Загрузка документа…
БАЙТИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Байтик айылдык кеңешинин 10 отуруму 29-чакырылыш
2023-жылдын 24-октябры № 54-п
Байтик айыл аймагынын Боз Бөлтөк тоосуна “Жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы” макамын берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдагы тапшырмасын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 554 “Микрокоруктарды жана жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүү жана алардын иштөө тартибин бекитүү жөнүндө” токтомун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 454-р буйругун талкуулап чыгып жана Байтик Баатырдын атын түбөлүккө калтыруу максатында Байтик айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боз-Бөлтөк тоосундагы жалпы аянты 285 га жерге «Байтик баатыр атындагы өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы» статусу берилсин;
2. Жеке ишкердикти өнүктүрүүнү мындан ары колдоо, инвестицияларды активдүү тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, атаандаштыкка жөндөмдүү өндүрүштөрдү жана чакан ишканаларды өнүктүрүү боюнча чараларды көрүү, ошонун негизинде өндүрүш тармагында жумушчу орундарын түзүү, калктын иш менен камсыз болушун жана жыргалчылыгын жогорулатуу максатында Боз – Бөлтөк тоосундагы Байтик айыл өкмөтүнө караштуу иштеп жаткан өнөр жай зонасына 140 га аянты аныкталсын;
3. Байтик айыл өкмөтүнө караштуу Боз – Бөлтөк тоосунун уникалдуу флора жана фаунасына мындан ары зыян келтирбөө боюнча чараларды көрүү;
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштер боюнча Мамлекеттик агенттигинин Түндүк аймактар аралык башкармалыгынын сайтына жарыялансын жана тиешелүү тартипте юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлсүн;
5. Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына ушул токтомду ишке ашыруу сунушу берилсин;
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Байтик айыл өкмөтүнүн башчысы Абдыразаков А.Т. га жүктөлсүн.
Төрага |
| К. Осмоналиев |