Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 16-январы № 8-т
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 48-пунктун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин алдындагы "Сатып алуулар борбору" мамлекеттик мекемеси тарабынан сатып алынуучу товарлардын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин алдындагы "Сатып алуулар борбору" мамлекеттик мекемеси тарабынан сатып алынуучу товарлардын ТИЗМЕГИ
№ | Аталышы |
1 | А4 кеңсе кагазы |
2 | Эмерек |
3 | Ноутбук |
4 | Комплекттелген жеке компьютер |
5 | Принтер, көп функциялуу түзүлүш |
6 | Дөңгөлөктөр |