Кыштут айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги I сессиясы
2024-жылдын 8-февралы № 8
Кыштут айыл өкмөтүнө караштуу Газ айылынын борбордук көчөсүнүн атын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө.
“Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 25-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштар жөнүндө” №67 Мыйзамын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-авгусундагы № 467 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын географиялык обьктерди атоо,алардын аталыштарын өзгөртүү, географиялык аталыштары эсепке алуу жана каттодон өткөрүү тартиби жөнүндө Жобону жетекчилике алып, Газ айылынын элдик жыйынынын 2023-жылдын 14-декабрындагы элдик чогулуштун протоколун карап жана Кыштут айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эркебаевдин баяндамасын угуп жана талкуулап, Кыштут айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын I сессиясы
Токтом кылат:
1. Газ айылынын жошоочуларынын кайрылуусу жактырылып , Кыштут айыл аймагындагы Газ айылынын борбордук көчөсү Жалилов Ырысбай Жолдошович атындагы көчө болуп өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Газ айылындагы борбордук көчөсүн Жалилов Ырысбай Жолдошович атындагы көчө деп аталышы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-авгусундагы №467 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын географиялык обьктерди атоо, алардын аталыштарын өзгөртүү, географиялык аталыштары эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө Жобого ылайык иш алып барылсын.
3. Токтомду аткарууга алуу жагы өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага |
| С.Сүйүнов |