БАЙТИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Байтик айылдык кеңешинин 33 отуруму 28-чакырылыш
2023-жылдын 6-апрели № 17-п
Айыл чарба багытындагы жер участогун өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка максаттар категориясына которууга макулдук берүү
Сейдалиев Асанкановой Бейшенкуль убактылуу пайдалануудагы жер участогун айыл чарба багытындагы (айдоо жер) категориядан жер, өнөр жай, транспорт, коммуникация, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы категорияга которуу мүмкүнчүлүгүн кароо жөнүндө кайрылуусун талкуулап жана карап чыгып Байтик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Башкарасуу айылында жайгашкан №256 контурундагы 0,10 га. жер участогун айыл чарба багытындагы (жайыт) категориядан, “өнөр жай, транспорт, коммуникация, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы категорияга которуууга макулдук берүү.
2. Байтик айыл өкмөтү тарабынан айыл чарба багытындагы (жайыт), айдоо жерлеринин категориясынан жер, өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы категорияга которуу боюнча Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына ходатайство берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Байтик айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Абдыразаковго милдеттендирилсин.
Төрөайым |
| Д. Б. Шаршембаева |