Редакцияот 08.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

Кыштут айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги I сессиясы

2024-жылдын 8-февралы № 9

 

Кыштут айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын аткарган иштеринин отчету жөнүндө.

Кыштут айыл өкмөтүнүн башчысы А. Эркебаевдин 2023-жылдагы аткарган иштери боюнча маалымат отчетун угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндөгү 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 мыйзамынын 3-глава 34-беренесинин 2-пунктунун 6-бөлүмүнө ылайык Кыштут айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги  I сессиясы

Токтом кылат :

  1. 2023-жылдын ичинде Кыштут айыл өкмөтүнүн аткарылган иштери боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы А. Эркебаевдин маалыматы көӊүлгө алынсын.

 

  1. Айыл өкмөтүнүн башчысынын 2023-жыл ичинде аткарылган иштер боюнча отчету канааттандырарлык деп табылсын.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Кыштут айылдык кеӊешинин  орун басарына А.Матраимовага жүктөлсүн.

  

 

Төрага

 

С.Сүйүнов