Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ
ТЕСКЕМЕ
2024-жылдын 5-февралы № 64
"Электр станциялар" ачык акционердик коомунун филиалы - Бишкек шаарынын ЖЭБинде (мындан ары - Бишкек шаарынын ЖЭБи) штаттан тышкаркы кырдаалдын келип чыгуу себептерин аныктоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 16, 18-беренелерине ылайык:
1. Бишкек шаарынын ЖЭБинде штаттан тышкаркы кырдаалдын келип чыгуу себептерин аныктоо боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - ведомстволор аралык комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия:
- жакынкы суткаларда Бишкек шаарынын жашоочуларын жылуулук менен камсыздоону калыбына келтирүү жана камсыздоо боюнча кечиктирилгис чараларды координациялоону камсыз кылсын;
- бир айлык мөөнөттө Бишкек шаарынын ЖЭБинде штаттан тышкаркы кырдаалдын келип чыгуу себептерин аныктасын жана аларды талдоонун негизинде 2023/2024-жылдын күз-кыш мезгилин туруктуу аяктоо үчүн кечиктирилгис милдеттердин тизмегин иштеп чыксын;
- келечекте ушундай кырдаалга жол бербөө боюнча чараларды сунуштасын, анын ичинде Бишкек шаарынын ЖЭБинин негизги жабдууларын реконструкциялоо жана калыбына келтирүү, аны толук модернизациялоо үчүн техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу боюнча сунуштарды жана локалдык жылуулук электр станцияларын жана от казандарды курууну эске алуу менен Бишкек шаарын жылуулук менен камсыздоо системасын борбордон ажыратуу боюнча сунуштарды киргизсин;
- Бишкек шаарынын ЖЭБинде штаттан тышкаркы кырдаалдын келип чыгышына күнөөлүү адамдарга карата чараларды көрүү боюнча сунуштарды киргизсин.
3. Ведомстволор аралык комиссияга мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, акционердик коомдордун жооптуу кызматкерлерин жана көз карандысыз эксперттерди ишке тартууга, ошондой эле анын иши үчүн зарыл болгон материалдарды суроого укук берилсин.
4. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук-методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгына жана ишке тартылган мамлекеттик органдарга жүктөлсүн.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
Тиркеме |
"Электр станциялар" ачык акционердик коомунун филиалы - Бишкек шаарынын ЖЭБинде штаттан тышкаркы кырдаалдын келип чыгуу себептерин аныктоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ
Торобаев Бакыт Эргешевич | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; |
Кадыралиев Азамат Сактанбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Осмонов Азамат Кыргызбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальниги, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович | - | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри; |
Ажикеев Бообек Эргешевич | - | Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри; |
Кулубаев Жээнбек Молдоканович | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри; |
Ибраев Таалайбек Омукеевич | - | Кыргыз Республикасынын энергетика министри; |
Маметов Медетбек Раимбердиевич | - | Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары; |
Джунушалиев Айбек Джанышбекович | - | Бишкек шаарынын мэри; |
Орунтаев Нурдан Кемелович | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору; |
Джаниев Кубанычбек Исабекович | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун милдетин аткаруучу; |
Кочкорбаев Иманилла Нуркамилович | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын төрагасы; |
Жьтпаркулов Мырзабек Жыпаркулович | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директору; |
Омурбеков Курсантбек Анарбекович | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл боюнча кызматтын директору; |
Орозалиев Тимур Эрикович | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаменттин директору; |
Абдибаитов Шарабидин Аширалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Геомеханика жана жер казынасын өздөштүрүү институтунун улук илимий кызматкери (макулдашуу боюнча); |
Рысбеков Алтынбек Дурусбекович | - | "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Конурбаев Таштан Дарманкулович | - | "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Раимбеков Уран Камилжанович | - | "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун филиалы - Бишкекжылуулуктармагынын директору (макулдашуу боюнча); |
Садыров Алпбек Адылович | - | "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун филиалы - Бишкек шаарынын ЖЭБинин директору (макулдашуу боюнча); |
Яковлева Елена Александровна | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Махмутов Аман Махмутович | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Устюгов Александр Алексеевич | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча). |