ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXX чакырылышы кезексиз XIII сессиясы
2023-жылдын 17-марты № 1
Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин ХХX чакырылышынын кезексиз 13-сессиясынын катчысы жөнүндө
Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин XXX чакырылышынын кезексиз 13-cессиясынын катчысы боюнча шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы С.Кудайбердиевдин сунушун угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин XXX чакырылышынын кезексиз 13 - cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутат Мырзакматов Нургазы Орозбаевич Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин XXX чакырылышынын кезексиз 13- сессиянын катчысы болуп шайлансын.
2. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
3. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин
Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы: |
С.Кудайбердиев |