Редакцияот 17.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

Бекитилди

Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин

ХХХ-чакырылышынын 2023-жылдын

17-мартындагы кезексиз 13-сессиясынын

№ 2 токтомуна тиркеме

 

Таш-Көмүр шаарынын аймагында

көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча

типтүү эрежелери

 

§1. Жалпы жоболор

 

1.     Таш-Көмүр шаарынын (мындан ары-шаар) аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелери (мындан ары – эрежелер) Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине, “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө”, ’‘Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, “Улугтук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305-Жарлыгына жана калктуу конушгарды тышкы көрктөндүрүү жана айлана-чөйрөнү коргоонун абалына талаптарды аныктаган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларьша ылайык иштелип чыккан.

2.     Эрежелер тышкы көрктөндүрүү, жашылдандыруу жаатында бирдиктүү жана милдеттүү талаптарды белгилеп, менчигинин түрүнө карабастан бардык юридикалык жана жеке жактар үчүн шаардын аймактарын тазалоонун жана тейлөөнүн тартибин аныктайт.

3.     Таш-Көмүр шаардык мэриясы ушул Эрежелерде белгиленген көрктөндүрүү маселелери менен байланышкан жергиликтүү мааиидеги маселелерди чечүү үчүн жоопкерчиликтүү болот.

4.     Таш-Көмүр шаардык мэриясы өз ыйгарым укуктарынын чегинде көрктөндүрүү маселелерин аткаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү аныктайт.

 

§2. Негизги түшүнүктөр жана терминдер

 

5.     Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:

-       Абонент - тиричилик таштандыларын чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө келишим түзгөн же түзүүгө милдеттүү жеке же юридикалык жак;

-       Калктуу конуштун сырткы келбетин көрктөндүрүү - калктуу конуштун айланасында калктын жашоосу жана эс алуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү камсыз кылуучу иштердин жана элементердин топтому;

-       Kатуу турмуш-тиричилик калдыктарын чыгаруу (мындан ары КТТК) - атайын автотранспортторго ташып жүктөө, таштанды жайларын жана аларга кире бериш жерлерде төгүлгөн таштандылардан тазалоо, андан ары катуу калдыктарды чогултуучу жайлардан жок кылуу жайларына ташып жеткирүү;

-       Газон - жасалма жол менен түзүлгөн чөп каптаган жер тилкеси түрүндө жашылдандыруу элементи;

-       Бекитилген аймак - юридикалык же жеке жактардын менчигинде, ижарасында же пайдалануусундагы имаратгар, үй чарбалары, курулуштар жана башка объекттер жайгашкан аймак;

-       Жашылдандырылган жерлер - жасалма түрүндө жана табигый өсүп чыккан бак-дарак, бадал жана чөп өсүмдүктөрү;

-       Ири көлөмдүү таштандылар - керектөөдөн чыккан жана көлөмүнүн чоңдугуна байланьштуу атайын таштанды ташуучу унаалар менен ташууга мүмкүн болбогон үй тиричилик жана чарбалык иштердин калдыктары (тиричилик техникасы, эмерек ж.б.);

-       Контейнер аянтчасы - Өндүрүштүн жана үй тиричиликте керектелген буюмдардын калдыктарын, катуу турмуш-тиричилик калдыктарын чогултуу жана убактылуу сактоо үчүн керектүү жайларга контейнерлер орнотулуп, атайын жабдылган аянт;

-       Таштанды-ар кандай калдыктар, анын ичинде катуу турмуш- тиричилик калдыктары, ири көлөмдүү калдыктар, керектөө жана өндүрүш калдыктары;

-       Уруксат берилбеген жерге ташталган таштандылар - чектелген аянтка көлөмү 30 куб метрден ашык юридикалык же жеке жактардын ишинин жүрүшүндө пайда болгон катуу турмуш-тиричилик калдыктары, көлөмдүү таштандылары, өндүрүш жана курулуш калдыктарын, башка калдыктарды туш келген жерге (уруксатсыз) таштоо (жерге салуу) же сактоо.

-       Парк - эс алууга жана көңүл ачуучу оюн-зоок өткөрүүгө арналган жалпы пайдалануудагы жашылдандырылган аймак;

-       Катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чогултуу, чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү “Таш-Көмүр Тазалык” муниципалдык ишканасы (мындан ары кызмат көрсөтүүчү) - катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чогултуу, ташып чыгаруу, жок кылуу жана калктуу конуштун аймагын санитардык тазалоо боюнча “Таш-Көмүр Тазалык” муниципалдык ишканасы менен келишим түзгөн юридикалык же жеке жак.

-       Курчап турган айланадагы аймак-юридикалык же жеке жактардын менчигинде, ижарага алынган же пайдаланылган жер тилкесинин, имараттын, чарбалык курулуштун жана башка объекттердин чек араларына периметр боюнча тикелей чектеш, ижара укугунан бошотулган муниципалдык аймак;

-       Коомдук келишим (ушул эрежелер үчүн) - кызмат көрсөтүүчү менен керектөөчүнүн ортосунда түзүлгөн келишим. Ар айда кызмат көрсөтүүчү ага кайрылган ар бир адамга карата, аткарууга милдеттүү кызмат көрсөтүүлөрдү милдеттерди белгилейт;

-       Коомдук сунуш-оферта (ушул эрежелер үчүн) - кызмат көрсөтүүчүнүн сунушу. Анда сунуш киргизген кызмат көрсөтүүчүнүн сунушта көрсөтүлгөн шарттарда келишим түзүү аркылуу байкалат;

-       Аймакты санитардык жактан тазалоо - аймакты тазалоо, көчөдөгү таштандыларды,. калдыктарды чогултуу;

-       Көчөдөгү таштандылар – жолдордо, тротуарларда, эс алуучу сейил бактарда жана башка коомдук жайларда пайда болгон таштандылардын түрү (көчө таштандылары), алар грунт, кум-таш, топурак, табигый өсүүчү бак дарактардын материалдары (жыгачта, өсүмдүктөрдүн калдыктары), кагаз, картон, полиэтилен, айнек, чүпүрөк, металл жана башка материалдардан турат.

-       Катуу турмуш-тиричилик калдыктары (мындан ары - КТТК)- адамдар күнүмдүк турмуш-тиричилигинде колдонгон, анын ичинде тамак-аш азыктарын жасоодон, турак үйлөрдү, үйдүн тегерегиндеги короолорду жана жалпы эл колдонуучу жайларды жыйноодон, турак жайларда үй жаныбарларын жана үй канаттууларын багуудан пайда болгон жана ошондой эле эскирген, үйдөгү пайдаланылбай калган буюмдардын калдыктары.

 

§3. Катуу турмуш-тиричилик калдыктарын

чогултуу жана чыгаруу иштерин уюштуруу

 

6.     Шаардын аймагына караштуу жерде жашаган же өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзгөн физикалык же юридикалык тараптар (абоненттер) шаардагы мекеме-ишканалар КТТК ташып чыгаруу кызматын көрсөтүүчү менен КТТК ташып чыгаруу боюнча келишимдердү түзүүгө милдеттүү.

7.     Жеке турак жайларда жана көн кабаттуу үйлөрдө жашаган тургундарга КРнын Жарандык кодексинин нормаларына ылайык коомдук келишимдерди же коомдук офертанын негизиндеги келишимдерди түзүүгө жол берилет.

8.     Шаардын жерлеринде КТТКны төмөнкү фракциялар боюнча милдеттүү түрдө сорттоо жүргүзүү киргизилет:

1)     Пластик бөтөлкөлөр, полиэтилен баштыктар, кагаз-картон сыяктуу кайра иштетүүчү калдыктар;

2)     Мөмө-жемиштер, жашылчалар түрүндөгү органикалык калдыктар;

3)     Калдыктар, свок, айнек, темир тезек буюмдары, от жаккандан чыккан кул сыяктуу кайра иштетилбеген таштандылар.

9.      Жеке турак жайларда жашаган тургундар калдыктарды мүшөктөрдө бөлүштүрүп иргейт.

10.    Тургундар өзүлөрүнүн чогулушунда кийинки ташып чыгуу үчүн калдыктарды сактоочу жайларды макулдашат.

11.    Кызмат көрсөтүүчү өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша тургундарды кайра иштетүүчү калдыктарды сорттоп салуу үчүн мүшөктөр менен камсыздайт.

12.    Абонент кайра иштетилүүчү калдыктарды бирге сорттоо боюнча өзүнүн милдеттенмелерин адилеттүүлүк менен аткарган учурда, кызмат көрсөтүүчү ар кандай кардар үчүн графиктик бааны төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгат.

13.    Көп кабаттуу үйлөрдө жашаган тургундар калдыктарды контейнерлерге чогултат.

14.    Контейнер аянтчаларынын бети асфальтталып же бетон менен жабылып, кирип-чыгууга ыңгайлуу жолдун боюнда эңкейиште жайгашууга тийиш.

15.    Контейнер аянтчаларынан ага жакын жайгашкан жерге таштандылар ташталбашы үчүн үч тарабынан тосулган тосмосу болушу керек. Контейнер аянтчаларын белгиленген тартипте иштелип чыккан жана макулдашылган жеке долбоорлор (эскиздер) боюнча жабык типтеги даярдоого жол берилет.

16.    Контейнерлер дезинфекциялоочу каражаттар менен жууп тазаланып турушу керек.

17.    Контейнер аянтчаларын тазалоо (жыйноо) үчүн жоопкерчилик төмөнкүлөргө жуктөлөт:

- жаңы колдонуудагы муниципалдык аймактарда жайгашкан контейнер аянтчалары

- кызмат көрсөтүүгө;

ижарадагы, ээлик кылуудагы, пайдалануудагы аймактарда жайгашкандар боюнча;

- ведомстволордо, мекеме-уюмдарда. ишканаларда жана башка чарба жүргүзүүчу субъекттерде, физикалык жана юридикалык тараптарда болот;

18.    Таштандылар салынган мүшөктөрдү же контейнерлердеги калдыктарды жүктөө учурунда чачылган таштандылар үчүн жоопкерчилик кызмат көрсөтуучугө жуктөлөт.

19.    Чарба ишмердүүлүгүн жүргүзүүчу мекеме-уюмдардын таштандыларын чогултуу жана убактылуу сактоо ошол ишканалардын ушул максат үчүн атайын жабдылган шаймандарынын күчү менен ишке ашырылат.

20.    Таштанды салынган мүшөктөрдү чогултуучу аянттардын таштандылар салынган мүшөктөрдүн ашып-ташып жыйылып кетишине контейнердеги таштандыларды өрттөөгө жол берилбейт. Таштандылар графиги боюнча өз убагында ташылып кетүүгө тийиш.

21.    Контейнер аянтчаларын жана контейнерлерди эксплуатациялаган жана тейлеген мекеме-уюмдар өз убагында ремонттоп, оңдоо иштерин жүргүзүп, пайдалануудан чыккан контейнерлерди алмаштыруусу керек.

22.    Таштандыларды чогултуу үчүн жайлар, же контейнерлер жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы, аймактык башкармалыктар, үй комитеттери жана катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү менен макулдашуу боюнча атайын жабдылган аянгчаларга коюлат.

23.    Жолдун өтүүчү бөлүгүнө, тротуарларга, газондорго, ошондой эле ирригациялык каналдардан 10 метрден жакын аралыкка таштанды салынган мүшөктөрдү коюуга жана контейнерлерди орнотууга тыюу салынат.

24.    Түзүлгөн келишимдерге ылайык абоненттерден таштандыларды чыгаруу кагуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү тарабынан ишке ашырылат.

25.    Кызмат көрсөтүүчүнүн тейлөөсүнө кирбеген юридикалык жактар таштандыларды өздүк автотранспорт каражаттары менен таштанды жайларына ташып чыгарышат.

26.    Түзүлгөн келишимдерге ылайык, абоненттерден катуу турмуш тиричилик калдыктарды ташын чыгаруу үчүн төлөмдөр жергиликтүү кеңеш бекиткен тарифке ылайык алынат.

27.    Юридикалык жана жеке жактар катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларына жана кызмат көрсөтүүчү менен түзүлгөн келишимдерге ылайык өз убагында жана толук көлөмдө толбого милдетгуу.

28.    27-пунктта көрсөтүлгөн талаптар аткарылбаса, Кыргыз Республикасыиып укук бузуулар жөнүндө кодексинин ченемдерине ылайык, көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.

29.    Көлөмдүү таштандыларды (калдыктарды) чыгаруу үчүн жоопкерчилик ири өлчөмдөгү калдыктарга ээ бөтөн ишканаларга, мекемелерге жана жеке жактарга жүктөлөт.

30.    Кыймылсыз объекттерди курууну жана (же) ондоону жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактар ишти баштоонун алдында курулуш калдыктарын чыгаруу боюнча келишимдерди түзүүгө, аларды өз алдынча (таштанды чыгаруу келиши.мине ылайык) же таштанды чыгаруучу кызмат көрсөтүүчү менен түзүлгөн келишим боюнча алып чыгууга милдеттүү.

31.    Газондорду түшкөн жалбырактардан тазалоо бак-дарактарды санитардык кыркуу, бак-дарактарды кыюу, тосмолорду бузуу, чөптөрдү чабуу жана башка иштердин натыйжасында панда болгон таштандылар катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү тарабынан жүзөгө ашырылат.

32.    Муниципалдык көчөлөрду жана аянг-гарды муниципалдык заказ боюнча тазалоонун натыйжасында ггайда болгон кече таштандыларын чыгарууну катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү ишкс ашыраг.

33.    Көчөлөргө, базарларга, сейил бактарга жана башка коомдук жайларга таштанды чектерин орнотуу зарыл.

34.    Калк массалык түрдө баруучу жайларда таштанды челектер бири-биринен 50 метр аралыкта жайгаштырылат. Көчөлөрдө бири-биринен 100 метрге чейинки аралыкта болот. Таштанды челектер ар бир кире бериштеги көп кабатгуу турак жайлардын короолорунда болушу керек. Жүргүнчүлөрдү ташуучу коомдук транспортгун аялдамаларында жана мекеме-уюмдарга кире бериште таштанды челектердин саны экиден кем эмес болууга тийиш.

35.    Таштанды челектер бекитилип берилген аймактарды тейлөөлөгө жооптуу жеке жана юридикалык жактар тарабынан өз каражаттарынын эсебинен орнотулат.

36.    Коншу аймакка жана башка коомдук жайларга таштанды челектер жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын же катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчүнүн бюджетинин эсебинен орнотулат.

37.    Таштанды челектерди тазалоо иштери катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү тарабынан толтурулганына жараша, бирок күнүнө бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт. Таштанды челектер алардып кирдегенине жараша, бирок жумасына бир жолудан кем эмес жуулат.

38.    Бөлүнгөн жерге орнотулган таштанды челектерди объекттердин ээлери жана ижарачылары жуүйт.

39.    Таштандыларды уруксатсыз ташгоого, өрттөөгө күнөөлүү адамдар укук бузуулар жөнүндө колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылат.

40.    Таштандыларды уруксатсыз таштаган аламдарды аныктоого мүмкүн болбогон учурда таштандыларды жок кылуу жана уруксат берилбеген таштанды таштоочу жайларды рекультивациялоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же ал жактан ыйгарым укук берилген адам тарабынан белгиленген тартипте, белгиленген аймактын менчик ээсинин же жерди пайдалануучунун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

41.    Таштандыларды жок кылуучу жайларды күтүү үчүн жоопкерчилик Таш-Көмүр шаардык мэриясынын и аткаруу органына жана таштандыларды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчүгө жүктөлөт.

 

§4. Санитардык тейлөө жана аймакты тазалоону уюштуруу

 

42.    Жалпы пайдалануучу жайларды санитардык жактан тейлөө таштандыларды, калдыктарды үзгүлтүксүз тазалоону, кышында - карды, музду тазалоону, жолдун бөлүгүн жана тротуарларды кум менен себүүнү, жайында - жолдун беттерин, тротуарларды, чакан архитектуралык формаларды жууп, сугаруу, газондорду чабуу, жашыл аянтчаларды кароону камтыйт.

43.    Уюмдар, чарба жүргүзүүчү субъекттердин менчик ээлери, турак жайлардын жана турак эмес жайлардын менчик ээлери өз каражаттарынын эсебинен бөлүнгөн, бекитилип берилген жана ага чектеш аймактарды күн сайын санитардык тазалоону өз алдынча жүргүзүүгө, же болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен келишими бар санитардык тазалоо кызматтарын көрсөтүүчү менен тиешелүү келишимди түзүүгө милдеттүү.

44.    Таштандыларды сактоо кызмат көрсөтүүчү менен түзүлгөн келишимге ылайык жүргүзүлөт.

45.    Технологиялык карталарга жана башка документтерге ылайык муниципалдык заказ боюнча башка коомдук аймактардын көчөлөрүн, аянттарын, сейил бактарын, ирриациялык тармактарын тазалоо иштерин уюштуруу жана жүргүзүү үчүн кызмат көрсөтүүчү жоопкерчилик тартат.

46.    Имараттардын жана курулуштардын. турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлери, ижарачылары, аларга бекитилген аймактардын чегинде, чарбалык жана турак жай участокторун, жашыл аянтчаларды жана ирригациялык тармактарды үзгүлтүксүз тазалоону. күтүүнү камсыз кылууга милдетүү, анын ичинде:

-    Узундугу боюнча - имаратгарга, үй чарбаларына же участокторго жанаша турган бүткүл аймак боюнча:

-    Туурасы боюнча - жолдун же сквердин жүрүүчү бөлүгүн бойлото, ал эми бир жактуу имаратта – жүрүүчү, анын ичинде карама-каршы тротуарды кошуп, бөлүктүн туурасын бойлой;

47.    Эгерде бир имаратта бир нече пайдалануучулар (нжарачылар) жайгашкан болсо, ага чектеш аймакты санитардык жактан тейлөө үчүн жоопкерчилик имараттын менчик ээсине жүктөлөт. Бул учурда жоопкерчилик чөйрүнүн чектерин аныктоо ижара келишими же имаратты бардык пайдалануучулар кол койгон келишим менен да акыкталышы мүмкүн.

48.    Кызмат көрсөтүүчү жолдордун бөлүктөрүн, көчөлөрдү жана аянттарды, тротуарларды, коомдук транспорттун аялдамаларын (ижарага алынгандардан тышкары) жала башка муниципалдык аймактарды, анын ичинде газондордун жана ирригациялык тармактарды тазалоо менен кошо, ошол жерлерде туш келди чачылып калган таштандыларын тазалайт.

49.    Кызмат көрсөтүүчү коомдук дааратканаларды кутууну жала тейлөөнү камсыз кылат.

50.    Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы көчөдөгү убактылуу свода жайларын, соода объектилерине жанаша жайгашкан аймактарды (соода пазильондору, курама соода борборлору, чатырлар, курколор ж.б.) тазалоо үчүн жоопкерчиликти ушул соода объектилериннн ээлерине жүктөйт.

51.    Узак мөөнөткө пайдаланылбай жаткан жана өздөштүлгөн аймактарды, имараттар бузулган жерлерди тазалоо үчүн жоопкерчилик ушул аймакка бекитилген жерди пайдалануучуларга же жер ээлерине жүктөлөт.

52.    Көп кабаттуу үйлөрдүн чектеш аймактарынын тазалыгы үчүн турак жай ээлеринип кызыкчылыктарын коргогоп уюмдар жооп берет.

53.    Суу канализациясын (дренаждык гармакты) бутө коюуга, ошондой эле калдыктарды жана тиричилик таштандыларын суу кудуктарына төгүүгө тыюу салынат.

 

§5. Тартипти тазалыкты жана көрктөндүрүүнү камсыз кылуу

 

54.    Юридикалык жана жске жактар Таш-Көмүр шаарынын окметтерунун буткул аймагында, анын ичипде коомдук жайларда тазалыкты жана тартипти сактоого, көрктөндүрүү элементтеринин (жолдор, тротуарлар, газондор, кичи архитектуралык формалар, сырткы жарыктандыруу, ирригациялык түйүн ж.б.) бузулушуна жана зыян тартышына жол бербөөгө, ар кандай мүлк обьектилерине кам көрүүгө милдеттүү.

55.    Шаардагы тиричилик жана курулуш таштандыларын, өндүрүш каддыктарын, контейнерлерди, кыйылган бак-дарактарды, жалбырактарды, карды жалпы пайдаланылып жаткан жерге чыгарууга жол берилбейт.

56.    Таштанды челектерин, көчө чырактарын, эстеликтерди, отургучтарды жана башка чакан архитектуралык формаларды бузууга жана зыян келтирүүгө тыюу салынат.

57.    Ишканалардын жана жеке чарбалардын ички аймактарында. жер тилкелеринде таштандыларды, жалбырактарды, контейнерлерди, автоунаалардык денгелекторун, өндүрүш калдыктарын өртөөгө, от жагууга, таштандыларды көмүүгө тыюу салынат.

58.    Газондорго, гүлзарларга, клумбаларга, балдар аянтчаларына, ирригациялык жана коллектордук-дренаждык тармактарга ар кандай багыттагы объекттерди жайгаштырууга, ошондой эле ирригациялык тармактардын жумушчу бөлүгүн тарытуучу түтүктөрдү төшөөгө тыюу салынат.

 

§6. Жашылдандыруу

 

59.    Объектилерди жашылдандырууга төмөнкү иштер кирет: бак-дарактарды отургузуу.

-       Бак-дарактарды жана бадалдарды, гүлзарларды багуу боюнча иштер жер кыртышын азыктандыруу, сугаруу, жумшартуу, отоо чөптөрдү тазалоо, өсүмдүктөрдү зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чөптөрдөн коргоо, жылуулукту сүйүүчү өсүмдүктөрдү коргоо (бардык тиешелүү жумуштарды аткаруу менен), жер семирткичтерди, таштандыларды жүктөөгө жана түшүрүү;

-       куурап калган жана купай турган дарактарды кыюу жана башкалар;

-       газонду багуу боюнча жумуштар - тырмоо, жумшартуу, жер семирткичтерди чачуу, сугаруу, отоо чөптөрдү тазалоо, таштандыларды жана түшкөн жалбырактарды жыйноо, топуракка отургузуу, газондун капталындагы өсүмдүктөрдү кыюу, чөптөрдү чабуу, пестицидер жана гербициддер менен дарылоо;

-       скверлерди жана бакчаларлы госуу;

-       шаардын аймагындагы жерлерди жашылдандырууга тиешелүү жана башка дагы жумуштарды аткаруу.

60.    Жашыл аймактарды талаптагыдай кутуу жана сактоо үчүн жоопкерчилик төмөнкүлөргө жүктөлөт:

-       Жалпы пайдалануудагы аймактарда - парктарда, скверлерде,сейил бактарда, көчөлөрдө - жсргиликтүү өз алдынча башкаруу органы аныктаган тиешелүү кызматтарды/иштерди аткаруучуга;

-       турак жайлар жайгашкан кичи райондордогу жана квартал ичиндеги участоктордо - үй жана кварталдык комитеттерге, турак жай ээлеринин бирикмелерине, имаратгарды ижарага алуучуларга жана жер участокторунун ээлерине;

-       уюмдардын, ншканалардын жана башка юридикалык жактардын аймактарында ошол жердеги уюмдардын жетекчилернне;

61.    Жашыл аянттардын бардык түрлөрү үчүн сугаруунун жыштыгы май айынан октябрды кошо алганда 7-10 күндө бир жолудн кем эмес болушу керек.

62.    Жашылдандыруу объектилериндеги жашыл аянттарды сугаруу эртен менен саат 8.00-9.00дон кечиктирбестен же кечинде саат 18.00-19:00дон кийин жүргүзүлөт.

63.    Кызматтарды/иштерди сунуштоочу жашыл аянтчалардын таажысын өз убагында кыркууну камсыз кылат.

64.    Таажыны санитардык кыркуу иштерине – эскирген, илдегке чалдыккан, куурап калган жана бузулган бугактарды, ошондой эле таажысы ичине карай өскөн же бири-бирине жакын жайгашкан бутактарды алып салуу сыякгуу шптерди аткаруу камтылат. Санитардык кыркуу жыл сайын буткул вегетация мезгилинде жүргүзүлөт.

65.    Түзүлүшүн келтирүү үчүн кыркуу - таажыга ылайыктуу түзулүштү камсыздоо, өсүмдүктөрдүн бийиктигин тегиздөө, жол белгилеринин, светофорлордун ж.б. көрүнүүсүн камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт. Бак-дарактарды жана бадалдарды калыптандыруу иштери бак-дарактар чаңдашып (ширелерин болуп чыгаруу) жаткан мезгилде (апрель-май) жүргүзүлбөйт.

66.    Аймактарды жашылдандыруу аларды курулуш материалдарынын калдыктарынан, таштандылардан тазалоодон, жер астындагы коммуникацияларды жана курулмаларды төшөөдөн жолдорду, өтмөлөрдү, тротуарларды төшөөдөн, аянтчаларды жана тосмолорду иретке келтиргенден кийин жүргүзүлөт.

67.    Өсүшү начар бак-дарактарды жана бадалдарды, таажысы бузулган (бир жактуу, жалпак ж.б.), жаракалары бар, ошондой эле зыянкечтерден жана илдеттерден жабыркаган бак-дарактарды отургузууга тыюу салынат.

68.    Шаардын аймагынын чегинде жайгашкан бардык жашыл зоналар менчигинин түрүнө карабастан бирдиктүү жашыл фондду түзөт жана коргоого алынат.

69.    Менчигинин түрүнө карабастан, аймагында жашыл аянтчалары бар юридикалык жана жеке жактарга, ншканалардын, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине милдеттендирилет жана ошондой эле жашыл аянтчаларды талаптагыдай кутуу жана сактоо жоопкерчилигин алгандар төмөнкүлөрдү камсыздашат:

-       иштеп жаткан жашыл аянттардын бузулбай жана жок кылынбай толук сакталышына. ошондой эле өсүмдүктөрдү зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чөп гордой коргоону камсыз кылууга;

-       жашыл зоналарды өз убагында квалификациялуу күтүүнү жана реконструкциялоону (капиталдык оңдоону), анын ичинде бул иштерди агкарууга жашылдандыруу боюнча адистештирилген ишканаларды тартуу жолу менен камсыз кылуу;

-       жашыл зоналар өскөн аймактардын тиричилик жана өндүрүш калдыктары, курулуш калдыктары, канализация сыяктуу өсүмдүктөргө зыяндуу башка заттар менен булганышына жол бербөө;

-       жайында жана кургакчылыкта газондорду, гүлзарларды, бак- дарактарды жана бадалдарды сугаруу;

-       газондорду тебелеп кетүүгө жана аларга курулуш материалдарын, кумдарды, калдыктарды, кар, муз сыныктарын жана башкаларды сактоого жол бербөөгө;

-       жаңы бак-дарактарды жана бадалдарды отургузуу, жолдордун тармагын өзгөртүү менен кайра куруу жана техниками жайгаштыруу иштери агротехникалык шарттарды так сактоо менен белгиленген тартипте макулдашылган долбоорлор боюнча гана жүргүзүлүүгө тийиш;

-       багуу жана ондоо процессинде жүргүзүлгөн бак-дарактарды жана бадалдарды кыюу жана кайра отургузуу иштери бардык учурларда ушул эрежелердин талантарьна ылайык жүзөгө ашырылат;

70.    Жашылдандырылган аймактарда төмөнкүлөр тыюу салынат:

-       жашыл аянтчаларды кыюуга же жок кылууга уруксат берилген учурларын кошпогондо, жашыл аянтчаларды бузууга жана жок кылууга;

-       тиешелүү кызматтардын макулдугу жок бак-дарактарды. бадалдарды өз алдынча кыюуга жана отургузууга, огороддорду жана газондорду иретке келтирүүгө;

-       бакчанын жана парктын жолдорун тазалоодон алынган таза кардан тышкары, таштандыларды, карларды жана муздарды төгүүчү жайларды уюштурууга;

-       калдыктарды жана башка булганган затгарды газондорго төгүүгө;

-       жалбырактарды күйгүзүүгө, жапырт жалбырак түшүү мезгилинде аларды арыктарга шыпырып салууга, алар менен бак-дарактарды жана бадалдарды көмүп салууга (аларды көчө бойлой жайылып кетпеши үчүн үймөктөргө чогултуу, компост салуу үчүн агайын бөлүнгөн жерлерге алыа салуу же таштанды жайларына алып баруу максатка ылайыктуу);

-       от жагууга жана өрт коопсуздугунун эрежелерин бузууга;

бак-дарактарга мыктарды кагууга, бак-дара к тарга зыянкелтируучуилгичтерди, керпокжарнактарды,кулактандырууларды, мамлекеттик номурларды, белгилерди, элекгр зымдарын, лампалардын электр гирляпдаларын, туу гирляпдаларын чапгоого. тикенск зымдарды жана башка тосмолорду тосууга;

-       дарактардан шире, чайыр алууга, кабыгын кесип, оюктарды,жазууларды жасоого жана башка механикалык зыян келтирүүгө;

-       белгиленгсн эрежелер боюпча макулдапгуусуз инженердик коммуникацияларды төшөө үчүн казуу иштерин жүргүзүүгө;

-       газондордо жана жашыл мейкиндиктери бар башка аянттарда транспорт каражаттарын өткөрүү жана токтотуута;

-       гүлдөрдү үзүп, дарактардын жана бадаллардын бутактарын сындырууга;

71.    Жашыл аймактарды жаңыдан куруу, реконструкциялоо, калыбына келтирүү боюнча бардык иштер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же ал ыйгарым укук берген ую.м менен белгилеигеи тартипте макулдашылып, иштелип чыккан жана бекитилген долбоордук докумеиттерге ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.

 

§7. Тышкы жарыктандыруу

 

72.    Муниципалдык менчиктеги тышкы жарыктандыруу тармактарын тейлөө Таш-Көмүр шаардык мэриясы тарабынан дайындалган кызмат көрсөтүүчү/подрядчы тарабынан жүргүзүлөт.

73.    Жарык берүүчү тармактарды эксплуатациялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы №155- токтому менен бекитилген электр энергиясын пайдалануу эрежелери менен жөнгө салынаг.

74.    Тьшкы жарыктандырууну күйгүзүү жана өчүрүү шаардык мэрия тарабынан дайындалган кызмат көрсөтүүчү/подрядчы иштеп чыккан жана бекиткен графиктер боюнча жүргүзүлөт.

75.    Жергиликтүү бийлик коомдук жайларда иштебей турган көчө чырактарынын санына жол берилген ченемди белгилейт.

76.    Металл мамылар жана тьппкы жарыктандыруунун башка элсменттери таза, дак басылбашы жана зарыл болгон учурда сырдалышы керек, бирок үч жылда бир жолудан кем болбоого тийиш.

77.    Жеке жана юридикалык жактар өздөрүнө берилген аймактарда орнотулган же сатып алынган тышкы жарыктандыруунун элементтерин жабдууга жана жакшы абалда кармап турууга милдеттүү.

78.    Сырткы жарыктандыруунун жана майрамдык иллюминицаянын жаңыдан киргизилген элементтерин жайгаштыруу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен макулдашылат.

 

§8. Эрежелерди бузгандыгы үчүн юридикалык жактардын.

кызмат адамдарынын жана жарандардын жоопкерчилигн

 

79.    Ушул эрежелерди бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык тартиптик, жарандык жоопкерчилик белгиленет.

80.    Бул көрктөндүрүү эрежелерин бузууга күнөлүү юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 14-беренсинин 1-пунктуна ылайык жоопкерчиликке тартылышат.

81.    Таштандыларды белгиленбеген жерлерде чыгарган, өрттөгөн юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинс ылайык жоопкерчилик тартат.

82.    Юридикалык жана жекс жактар коп батирлуу турак жайлардын жалпы пайдалануучу жайларындагы санитардык жакта» тейлөө эрежелерин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 110-берснесине ылайык жоопкерчилик тартышат.

83.    Укук бузуулар жөнүндө нштерди кароого ыйгарым укуктуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын атайын комиссиялары белгиленген таргиптн бузгандарга Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодесинс ылайык жаза чараларын корет.

84.    Укук бузуулар боюнча коммссиянын иши Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү жобо менен жерге салынат.