Редакцияот 23.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2024-жылдын  23  январь    №  18

Жер тилкесин  бөлүп  берүү жөнүндө

 

Октябрь айылдык Кеӊеш Жолколот айылынын тургуну Асанбаев Канат Абылбекович  Жолколот айылында жайгашкан № 273 контурундан 2.0 га  жер  тилкесин өздөштүрүүгө, жашылдандырууга бөлүп берүү боюнча арызын карап, таанышып чыгып Октябрь айылдык Кеӊеш токтом кылат:

      1.Жолколот айылынын тургуну Асанбаев Канат Абылбекович   Жолколот айылында жайгашкан № 273 контурундагы 2.0 га жер тилкесин жер кыртышын бузбай  өздөштүүрүп, жашылдандырууга макулдук берет.

       2. Бул токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдөө жагы Октябрь айылдык Кеӊештин туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Ашыровго жүктөлсүн.      

 

 

Төрага                                                                                            Т.Т Иманалиев