Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXX чакырылышы кезексиз XIII сессиясы
2023-жылдын 17-марты № 3
Шаардын аймагындагы айрым көчөлөргө ысымдарды ыйгаруу жөнүндө
Шаардык мэриянын “Шаардын аймагындагы айрым көчөлөргө ысымдарды ыйгаруу жөнүндө” кайрылуу каттары тууралуу шаардык кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Малабековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин XXX чакырылышынын кезексиз 13 – cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын “Шаардын аймагындагы айрым көчөлөргө ысымдарды ыйгаруу жөнүндө” кайрылуу каттары тууралуу шаардык кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Малабековдун билдирүүсү эске алынсын.
2. “Эмгектин Ардагери” медалынын ээси, Тендик айылына эмгеги синген маркум Орозов Сатардын ысымын түбөлүккө калтыруу максатында, Таш-Көмүр шаарына караштуу Тендик айылындагы “Бакыт” көчөсү «Орозов Сатар» атындагы көчө деп өзгөртүлүп аталсын.
3. Ош областык Советинин депутаты, “Эмгек Кызыл Туу” орденинин ээси, Тендик айылына эмгеги синген маркум Кайкиев Айталынын ысымын түбөлүккө калтыруу максатында, Таш-Көмүр шаарына караштуу Тендик айылындагы «Пушкин” көчөсү «Кайкиев Айталы» атындагы көчө деп өзгөртүлүп аталсын.
4. Жаңы ысым ыйгарылган көчөлөргө жазуу белгилерин даярдап илүү жагы шаардык муниципалдык менчик департаментине милдеттендирилсин.
5. Мындан ары ар кандай нормативдик актыларды жана башка каттоо иштерин ушул токтомго ылайык жүргүзүү жагы Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Таш-Көмүр шаардык филиалына (Э.Ашыров), Таш-Көмүр шаардык ЖААККПжКБүнө (А.Нусупов), Таш-Көмүр шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгына (Т.Козукеев), шаардык мамлекеттик нотариалдык кенсесине (Г.Юлдашева), шаардык социалдык фондко (М.Жанабулов), «Кыргыз почтасы» мамл.ишканасына (К.Кыдыралиев) милдеттендирилсин.
6. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
7. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин алдындагы “Мыйзадуулук” боюнча туруктуу комиссиясына (Т.Малабеков) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы: |
С.Кудайбердиев |