ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXX чакырылышы кезексиз XIII сессиясы
2023-жылдын 17-марты № 5
“Шаардык мэриянын 16.03.2023-жылдагы “Таш-Көмүр шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин балансындагы “Центр” жана “Ийри Булун” насостук станциялары тууралуу” №01-14/699 кайрылуу каты жөнүндө
Шаардык мэриянын 16.03.2023-жылдагы “Таш-Көмүр шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин балансындагы “Центр” жана “Ийри Булун” насостук станциялары тууралуу” №01-14/699 кайрылуу каты жөнүндө шаардык кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Малабековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин ХХX чакырылышынын кезексиз 13- cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 16.03.2023-жылдагы “Таш-Көмүр шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин балансындагы “Центр” жана “Ийри Булун” насостук станциялары тууралуу” №01-14/699 кайрылуу каты жөнүндө шаардык кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Малабековдун маалыматы эске алынсын.
2. «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-главасынын негизинде, Таш-Көмүр шаарына караштуу Тендик аймактык башкармалыгында жайгашкан “Центр” жана “Ийри Булун” насостук станцияларын Таш-Көмүр шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин балансынан, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматыны ыкчам пайдаланууга өткөрүп берүү үчүн Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясына (Т.Малабеков) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы: |
С.Кудайбердиев |