Редакцияот 17.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

XXX чакырылышы кезексиз XIII сессиясы

2023-жылдын 17-марты № 6

Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин алдындагы туруктуу комиссияларынын төрагаларын бекитүү жөнүндө

Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин алдындагы “Мыйзамдуулук” жана “Социалдык маселелер” боюнча туруктуу комиссияларынын төрагаларын шайлоо жөнүндө” шаардык депутаттар кеңешинин алдындагы “Мыйзамдуулук” жана “Социалдык маселелер” боюнча туруктуу комиссияларынын протоколдоруна ылайык, шаардык кеңештин алдындагы “Мандат жана этика” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Г.Конкобаеванын билдирүүсүн угуп, Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин ХХX чакырылышынын кезексиз 13 - сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин алдындагы “Мыйзамдуулук” жана “Социалдык маселелер” боюнча туруктуу комиссияларынын төрагаларын шайлоо жөнүндө” шаардык депутаттар кеңешинин алдындагы “Мыйзамдуулук” жана “Социалдык маселелер” боюнча туруктуу комиссияларынын протоколдоруна ылайык, шаардык кеңештин алдындагы “Мандат жана этика” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Г.Конкобаеванын билдирүүсү эске алынсын.

2.  Шаардык депутаттар кеңешинин алдындагы “Мыйзамдуулук” жана “Социалдык маселелер” боюнча туруктуу комиссияларынын протоколдоруна ылайык, Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин алдындагы төмөндөгү туруктуу комиссияларынын төрагалары бекитилсин:

-  «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы – Садырбаев Нуралы Анарбекович;

-   «Социалдык маселелер” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы – Чолпонкулова Гульназ Жыналиевна.

 

3.  Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.

4.  Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.

5.  Бул токтомду аткаруу жагы шаардык кеңештин аппаратына жүктөлсүн.

 

Таш-Көмүр

шаардык депутаттар

кеңешинин төрагасы:

 

 

С.Кудайбердиев