Редакцияот 25.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ КҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Тѳрт-Күл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын VII-чакырылышынын XVIII сессиясы

2024-жылдын 25-январы №3

“Карды-Жарык” СПАнын 2024-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ”, Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ”, “Бюджет Кодексине” жана “Жергиликтүү кенештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык, “Карды-Жарык” СПАнын жетекчиси Э.Жээнбековдун сугат суу боюнча маалыматын жана бюджети боюнча сунушун угуп, талкуулап айылдык Кеңештин сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. “Карды-Жарык” СПАнын сугат суу боюнча аткарган иштери канагаттандыраарлык деп кабыл алынсын.

2. Тѳрт-Күл айыл Ѳкмѳтүнүн «Карды-Жарык» СПАнын бюджети 2024-жылга 932356 сом өлчөмүндө бекитилсин.

3. «Карды-Жарык» СПАнын 2024-жылга бекитилген бюджети 932356 сомдун аткарлышы жана «Карды-Жарык» СПАнын жетекчиси Э.Жээнбековго милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагын өзүмө калтырам.

 

Төрага У.Карыпбаев