Редакцияот 25.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ КҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Тѳрт-Күл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын VII-чакырылышынын XVIII сессиясы

2024-жылдын 25-январы №10

Төрт-Күл айыл Өкмөтүнѳ караштуу №5 мектепке чейинки билим берүү уюмунун кайрылуусун кароо жөнүндө

Төрт-Күл айыл Өкмөтүнүнѳ караштуу №5 мектепке чейинки билим берүү уюмунун 23-январь 2024-жылдагы кайрылуусу боюнча Төрт-Күл айыл Өкмөтүнүн башчысы У.Тѳлѳновдун маалыматын угуп жана талкуулап, айылдык Кеңештин сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Төрт-Күл айыл аймагындагы мектепке чейинки билим берүү уюмунун бала бакчага болгон ата-энелер тѳлѳмү бир балага айына 1000 (бир миң) сом ѳчѳмүндѳ толук тѳлѳѳ (ооруп калган же жүйѳлүү себептерден улам келбей калган учурда тиешелүү уюмдан справканын негизинде) белгиленсин.

2. Мектепке чейинки билим берүү уюмунун башчысына Төрт-Күл айыл Өкмөтү жана ата-энелер менен үч тараптуу келишим түзүү милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл Ѳкмѳт башчысы У.Тѳлѳновго тапшырылсын.

 

Төрага У.Карыпбаев