КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 26-июлу ПЖ № 180
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 95-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү сотторунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин сунушу боюнча токтом кылам:
1. 2023-жылдын 29-июлунан тартып курагынын чегине жеткенге чейин төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп дайындалсын:
- Сатыбалдиев Болотбек Топчубаевич;
- Садыкова Гульмира Сартовна;
- Бейшеева Зарема Асаналиевна;
- Асаналиева Чынара Сейиткадыровна;
- Исаева Айзада.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Н.Жапаров |