А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVIII-сессиясы
2024-жылдын 18-январы № 28/2
А.Масалиев айыл өкмөтүнө караштуу Көн айылындагы А.Орозбеков атындагы орто мектебинин эскилиги жеткен эшик терезелерин алмаштырууга сунушталган долбоорго 2024-жылдын бюджетинен өздүк салым кошууга макулдук берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүнүн башкы адиси А.Галдыбаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап А.Масалиев айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Масалиев айыл өкмөтүнө караштуу Көн айылындагы А.Орозбеков атындагы орто мектебинин эскилиги жеткен эшик терезелерин алмаштырууга сунушталган долбоорго 2024-жылдын бюджетинен 666 168 (алты жүз алтымыш алты миң бир жүз алтымыш сегиз) сом өздүк салым кошууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.Галботоев |