Редакцияот 03.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2023-жылдын 3-ноябры ПЖ № 290

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 96-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 29-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна жана 3-бөлүгүнө ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча токтом кылам:

1. Бишкек шаарынын административдик сотунун судьясы Тагаев Мелис Муктарович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы кызматынан өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, анын ыйгарым укуктары 2023-жылдын 23-октябрынан тартып токтотулсун.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Н.Жапаров