Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 16-августу ПЖ № 285
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 96-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 29-беренесинин 2-бөлүгүнүн 14-пунктуна жана 31-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун судьясы Н.И.Каримбековго карата ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндөгү тартип жазасын колдонуу жөнүндө сунушу боюнча токтом кылам:
1. Судьянын жүрүм-турумунун кынтыксыздыгынын талаптарын бузгандыгына байланыштуу Каримбеков Ниматилла Исмаилович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан бошотулуп, анын Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н.Жапаров |