Редакцияот 18.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

  А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

А.Масалиев айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVIII-сессиясы

 

2024-жылдын 18-январы № 28/4

Алыш айылындагы жаңы конушка Пакиров Сайдахматтын атын коюуга макулдук берүү жөнүндө

Алыш айылынын тургундарынын чогулушунун чечимин угуп, талкуулап жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 сандуу “КР Өкмөтүнүн алдындагы админстрациялык-аймактык түзүлүштүн маанилерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволар аралык комиссия жөнүндө” токтомунун талаптарына ылайык А.Масалиев айылдык кеңешинин сессиясынын чечимине негиз

 

ТОКТОМ   К Ы Л А Т:

1. Алыш айылынын жаны конушундагы көчөгө  Пакиров Сайдахматтын атын коюуга макулдук берилсин.

 

2. Алыш айылындагы Пакиров Сайдахмат аты менен аталган көчөнүн оңдөп-түзөө, көрктөндүрүү иштери Пакиров Сайдахматтын жакындарына жүктөлсүн.

 

3.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин мыйзамдуулук жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 Төрага

Т.Галботоев