Сравнение редакций…
Кыргыз Республикасынын ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИ
буйруК
2024-жылдын 29-январы № 2-Д
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүктөрү тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү мамлекеттик башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык буйрук кылам:
1. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүктөрү, тиркемедеги жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитишсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин массалык маалымат каражаттары жана калк менен иштөө башкармалыгынын башчысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык үч күн ичинде ушул буйруктун расмий жарыяланышын камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу башкармалыгынын башчысы:
1) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйрукту эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук алып жүрүүчүлөргө жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн;
2) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери:
1) ушул буйруктун 1-пункту менен бекитилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын жетекчиликке алсын жана сактасын;
2) муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын мындан ары жогорулатуу жана оптималдаштыруу боюнча чараларды көрүшсүн;
3) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын веб-сайттарга жана маалыматтык такталарга жайгаштырышсын;
5. Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын талаптагыдай ишке ашыруу жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүчү түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жүктөлсүн.
6. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары А.М. Мамбетовго жүктөлсүн.
7. Буйрук тиешелүү тараптарга жеткирилсин.
8. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министр Генерал-майор |
Б.Э.Ажикеев |
Кыргыз Республикасынын ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИ
буйруК
2024-жылдын 29-январы № 2-Д
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүктөрү тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2026-жылдын 30-марты № 1-Д буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 “Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө” токтомуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү мамлекеттик башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык буйрук кылам: