Редакцияот 10.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Уч-Коргон айылдык Кенешинин кезектеги XXVIII чакырылышынын

 кезексиз сессиясы

 

2024-жылдын 10-январы № 28-100

 

Жийде айылындагы Маматбай каналын Манас райондук суу чарба башкармалыгына өткорүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө.

Уч-Коргон айыл аймагына караштуу Жийде айылында жайгашкан муниципалдык менчикте турган “Маматбай” каналын Манас райондук суу чарба башкармалыктын балансына өткөрүп берүү жөнүндө талкууга салып;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн карамагында турган Жийде айылындагы узундугу 3 550 км болгон Маматбай каналы Мамлекеттин менчигине алынып, Суу ресурстары кызматынын карамагына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

 

2. “Айыл өкмөтүнө тиешелүү болгон иш кагаздарды даярдап, жогоруда аталган каналды айыл өкмөтүнүн карамагынан, Манас райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүлсүн.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам

 

 

Төрага

 

А.Жакыпбеков