КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXХIII-сессиясы
2024-жылдын 6-февралы № 44
Бужум айылынын Мотор-Көл 1 көчөсүнүн атын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 25-сентябрындагы “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” № 67 Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттодон өткөрүү тартиби жөнүндө” Жобону жетекчилике алып, Бужум айылынын Мотор-Көл 1 көчөсүнүн жашоочуларынын элдик жыйынынын 2024-жылдын 8-январындагы протоколун карап чыгып, Кара-Булак айылдык кеңешинин Регламент, депутаттык этика, мандат жана мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун корутундусунун негизинде, Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Бужум айылынын Мотор-Көл 1 көчөсүнүн жашоочуларынын кайрылуусу жактырылып, Кара-Булак айыл аймагындагы Бужум айылынын Мотор-Көл 1 көчөсү “Темирбаев Мамасыдык” атындагы көчө болуп өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Бужум айылындагы Мотор-Көл 1 көчөсүн “Темирбаев Мамасыдык” атындагы көчөсү деп атоодо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө» Жобого ылайык иш алып барылсын.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, kara-bulak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомду аткарууга алуу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | К.Шакиров |