Редакцияот 11.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси

2024-жылдын 11-январы № 3-т

"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. 2021-жылдын 11-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Коомдук өнүктүрүүгө багытталган тез таасир этүүчү долбоорлорду ишке ашыруу максатындагы Индия Республикасынан гранттык жардам боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколдун долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрине жогоруда аталган Протоколго принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.У.Жапаров

 

 

 

Долбоор

2021-жылдын 11-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Коомдук өнүктүрүүгө багытталган тез таасир этүүчү долбоорлорду ишке ашыруу максатындагы Индия Республикасынан гранттык жардам боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу ПРОТОКОЛ

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары "кыргыз тарап" деп аталуучу) жана Индия Республикасынын Өкмөтү (мындан ары "индия тарап" деп аталуучу), биргелешип "Тараптар" деп аталып,

Кыргыз Республикасы менен Индия Республикасынын ортосундагы достук мамилелерди көңүлгө алып,

экономикалык жана социалдык өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну андан ары тездетүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында,

2021-жылдын 11-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Коомдук өнүктүрүүгө багытталган тез таасир этүүчү долбоорлорду ишке ашыруу максатындагы Индия Республикасынан гранттык жардам боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга (мындан ары - Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум) өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы жөнүндө өз ара түшүнүшүүгө жетишип,

төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:

1-берене.

Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун III бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы "vi" пункту жана жаңы абзац менен толукталсын:

"vi. Индия тараптын атынан Индия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги аныктаган шарттарда, анын ичинде аларга кыргыз жана индиялык компаниялардын гана катышуусу шартында ар бир айрым долбоор боюнча сатып алууларды жүргүзүү механизмин.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдары ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ишке ашыруунун алкагында жүзөгө ашырылуучу сатып алууларды жөнгө салбайт".

2-берене.

Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун IV бөлүмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз тарап ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында долбоорду ишке ашыруу үчүн сатып алынуучу бардык товарларды, жабдууларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде курулуш жана монтаждоо иштерин, ошондой эле консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү бардык бажы жана башка алымдардан, салыктардан жана жыйымдардан бошотот".

3-берене.

Ушул Протокол анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички жол-жоболордун аяктаганын көрсөтүү менен Тараптар бири-бирине маалымдаган акыркы жазуу жүзүндөгү кабарлоо дипломатиялык каналдар аркылуу алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Ушул Протокол Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун колдонулушу токтотулганга чейин колдонулат.

 

2023-жылдын "___" __________ Бишкек шаарында, эки түп нускада, ар бири кыргыз, хинди, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Протоколдун жоболорун чечмелөөдө айырмачылыктар келип чыккан учурда Тараптар англис тилиндеги текстке кайрылат.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн

 

Индия Республикасынын Өкмөтү үчүн