КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 11-январы №122/XXIX-28
Кочкорбаев айыл аймагындагы жер участогунун категориясын которуу жөнүндө
Кочкорбаев айыл аймагында №362 контурунда жайгашкан “Айыл чарба жерлер” категориясындагы жалпы аянты 71330 м.кв. болгон, анын жеке менчигинде болгон жер тилкесин которуу жөнүндө Т.М.Бейшебаевдин арызын карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169-токтому менен бекитилген «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө» убактылуу ЖОБОсунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11 жана 18-беренелерине ылайык, Кочкорбаев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таштанбек Марсович Бейшебаевдин жеке менчигиндеги, Кочкорбаев айыл аймагында №362 контурунда жайгашкан «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясындагы жалпы аянты 7133,0 м.кв. болгон жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан «өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Бул токтом Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясына бекитүүгө жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышы Кочкорбаев айылдык кеңешинин жер жана агрардык туруктуу комиссиясына жана Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Дж.Усуповго жүктөлсүн.
Төрага | Э. Токбергенов |