Редакцияот 01.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Уч-Коргон айылдык Кенешинин кезектеги XXVIII чакырылышынын

 кезексиз сессиясы

 

2024-жылдын 01-февралы № 28-110

 

Жайытка түшкөн каражат жөнүндө

 

Уч-Коргон айылдык кенеши Уч-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу жайыт пайдалануучулар комитетинен түшкөн кайрылуусу жөнүндо талкууга салып; 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жайыт комитетинен Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн бюджетине түшкөн акча каражатын, Уч-Коргон айыл өкмөт бюджетинде кала турган 3/1 бөлүгү жайыт комитетинин бюджетине которулуп берилсин.

2. Токтомдун аткарылышы боюнча иш алып баруу жагы Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысынын у.м а. В.Умарова жүктөлсүн.

3. Токтомдун көзөмөлдөө жагы Бюджет, экономика, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, муниципалдык менчик, инвестиция, жеке ишкердик жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссия төрайымы А.Мамажановага милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

А.Жакыпбеков