Загрузка документа…
ДЕПУТАТТАРДЫН ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кенешинин XIII чакырылыштагы
кезектеги XXXII сессиясы
2024-жылдын 09-февралы № 228/32-8
2023-жылдын жыйынтыгы менен Талас шаарынын жергиликтүү бюджетин аткарууда кирешенин чыгашадан ашкан жана үнөмдөлгөн суммасын бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 44-беренеси, Талас шаарынын мэриясынын 23.01.2024-жылдагы №01-19/149 чыгыш сандуу 2023-жылдын жыйынтыгы менен Талас шаарынын жергиликтүү бюджетин аткарууда кирешенин чыгашадан ашкан жана үнөмдөлгөн 62 601 400 сом акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө катынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын жергиликтүү бюджетин аткарууда 2023-жылдын жыйынтыгы менен кирешенин чыгашадан ашкан жана үнөмдөлгөн 62 601 400 сом акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүштүрүлүп, бекитилсин.
- Япония Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин “Чөптүн тамыры адамзат коопсуздугу” программасы боюнча долбоорунун өздүк салымына 3111 беренесине 600 000 сом, Талас облусунун өнүктүрүү фондусунун каржылоосу менен “Талас жашыл чарба” муниципалдык ишканасына экскаватор сатып алуу долбоорунун өздүк салымына 3111 беренесине 600 000 сом, Өкүлчүлүктүү (представительские) чыгымдарга 2215 беренесине 1 000 000 сом, Маалыматтык тейлөө кызматы үчүн 2215 беренесине 1 040 000 сом, кварталдык комитеттердин кызмат көрсөтүүлөрү үчүн 2215 беренесине 1 800 000 сом, Талас шаарынын аймагында 2023-жылга карата малдарды жана үй канаттууларын саноо үчүн карызына 2215 беренесине 193 500 сом, Талас шаардык бириккен аскер комиссариатынын “Коопсуздук 2024” биргелешкен командалык-штабдык мобилизациялык машыгуусун өткөрүү жана резервдик рота түзүү үчүн 2215 беренесине 1 798 325 сом, Талас шаардык кенешинин кабинетинин ремонту үчүн 2221 беренесине 400 000 сом акча каражаты бөлүнүп, жалпы 7 431 825 сом акча каражаты Талас шаарынын мэриясы аркылуу каржылансын.
-Светофор сатып алууга 3111 беренесине 4 000 000 сом, Талас шаарынын көчөлөрүнө латокторду орнотуу үчүн 1 471 000 сом жана жолдорго ШПС төгүү боюнча 1 000 000 сом бөлүнүп, жалпы 6 471 000 сом акча каражаты Талас шаарына коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасы аркылуу каржылансын.
- Мугалимдерди медициналык кароодон өткөрүү жана коммуналдык чыгымдарын төлөөгө 2215 беренесине 400 000 сом, Талас шаарындагы орто мектептердин бүтүрүүчү класстарынын окуучуларын жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо үчүн 2215 беренесине 300 000 сом акча каражаты бөлүнүп, жалпы 700 000 сом акча каражаты Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмү аркылуу каржылансын.
- Долбоордук-сметалык документтерди даярдоого 3111беренесине 15 305 724 сом, Талас шаарына видеокөзөмөл орнотууга 3111 беренесине 5 000 000 сом, Талас шаарындагы социалдык объектилерин жана ички көчөлөрүн таза суу жана саркынды системасына кошууга 3111 беренесине 23 495 451 сом акча каражаты, Муниципалдык жерлерге жана объектилерге архитектуралык корутундулары үчүн 2215 беренесине 1 000 000 сом, Курулушка инженердик-геологиялык изилдөө кызматына 2215 беренесине 1 000 000 сом, Талас шаардык балдар өспүрүмдөр спорт мектебинин спорттук шаймандарын жаңыртуу үчүн 3112 беренесине 1 575 000 сом акча каражаты бөлүнүп, жалпы 47 376 175 сом акча каражаты Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу каржылансын.
- Талас шаардык кенешине мебель сатып алуу үчүн 3112 беренесине 500 000 сом Депутаттардын Талас шаардык кенеши аркылуу каржылансын.
- Ар кандай чыгымдар 2215 жана 2222 сатып алуу беренелерине 122 400 сом, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Талас каржы башкармалыгы аркылуу каржылансын.
2. Талас каржы башкармалыгына (Ж.М.Ниязалиев) бөлүнгөн акча каражатын өз убагында каржылоо жагы милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (У.Атагелдиев) жүктөлсүн.
Төрага |
| К.Джаныбеков |