Загрузка документа…
ДЕПУТАТТАРДЫН ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кенешинин XIII чакырылыштагы
кезектеги XXXII сессиясы
2024-жылдын 09-февралы № 229/32-8
Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 02.07.2003-жылдагы №130/22-23 сандуу токтомунун 2-пункту жана 20.02.2014-жылдагы №74/10-6 сандуу токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаарынын мэриясынын 5.02.2024-жылдагы №01-19/298 жана 06.02.2024-жылдагы №01-19/320 чыгыш сандуу каттарынын негизинде, Талас шаардык кенешинин “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынынпротоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, башкармалыктын уюштуруу документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 02.07.2003-жылдагы №130/22-23 сандуу токтомунун 2-пункту жана 20.02.2014-жылдагы №74/10-6 сандуу “Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын жобосуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому жокко чыгарылсын.
2. “Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы” муниципалдык ишканасынын уставын иштеп чыгуу жана бекитүү жагы Талас шаарынын мэриясына жүктөлсүн
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (Сариева А.Ж.) милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кенешинин Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымына (К.Карагулова) тапшырылсын.
Төрага |
| К.Джаныбеков |