Загрузка документа…
КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кууганды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
VIII-чакырылышынын XX-сессиясынын
2024-жылдын 1-февралы № 1
К.Каимов атындагы орто мектебинин маалыматы жѳнүндѳ
К.Каимов атындагы орто мектебинин директору С.Т.Суюнтбековдун маалыматын угуп, кайрылууларын карап, депутаттардын Кууганды айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К.Каимов орто мектебинин 2023-жыл ичинде жасалган иштери боюнча маалыматы “канааттандырарлык“ деп табылсын.
2. К.Каимов атындагы орто мектебине 2024-жылга чарбалык жумуштарына жана оңдоп-түзѳѳ иштерине айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинен 150 000 (бир жүз элүү миң) сом акча каражаты каралсын.
3. К.Каимов атындагы орто мектебинин “Элкат” интернет байланышына болгон 2022-жылдагы карызына айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинин эркин каражатынан 3 500 (үч миң беш жүз) сом акча каражаты каралсын.
4. “К.Каимов атындагы орто мектебинин сыртынын фасадын жасатуу, тегерегин курчоо” боюнча стим.грантка тапшырылып ѳткѳн долбоордун ѳздүк салымына, айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинин эркин каражатынан 450 000 (тѳр жүз элүү миң )сом акча каражаты каралсын.
Төрага |
| Ф. К. Токушев |