Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 16-декабры № 1
Айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы маселени күн тартибинде угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Достук айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети берилген пландан ашыкча аткарылгандыгына байланыштуу 3 000,0 (үч миллион) сомго өзгөртүү киргизилсин, чыгаша жагы Достук айылына курулуп жаткан 50 орундуу балдар бакчасынын жана Кызыл Туу айылына орнотулуп жаткан насостук станциянын өздүк салымдарына жумшалсын.
2. Бюджеттин аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Р.Бекибаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Бюджет, каржы, экономика” туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы | Н.Мадалиев |