Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 16-декабры № 2
Достук айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын жана Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде, Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы күн тартибинде угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын чечими жактырылсын.
2.Достук айыл өкмөтүнүн төмөндөгү тургундарына жана жеке ишкерлерине Достук айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын:
-Надырбеков Сатаркул; | -Мухаммед Мади мырза; |
-Асыранова Адилет; | -Мохамед Абделкарим Али; |
-Алыбаев Абдрашит; | -Ирапов Эрнест Жолбаевич; |
-Дехканов Махамаджан; | -Нусубалиев Кенешбек Акимжанович. |
-Бектанов Токтосун; | -Тасмабеков Медетбек. |
-Юлдашев Анарбай; |
|
3.Төш белгилерди жана күбөлүктөрдү даярдоо, аларды тапшыруу аземи 2022-жылдын жыйынтыгы менен уюштуруу Достук айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4.Токтомду аткаруу достук айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бекибаевге милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы | Н.Мадалиев |