Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 16-декабры № 3
Пайыз-Булак айылын Таш-Көмүр шаарына кошуу маселесин кароо жөнүндө
Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 13-декабрындагы 01-9/1920 катынын негизинде Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы маселени күн тартибинде угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл өкмөтүнүн орун басары Н.Абдышовдун маалыматы эске алынсын.
2.Пайыз-Булак айылын Таш-Көмүр шаарына кошуу маселеси Достук айылдык кеңеши тарабынан колдоого алынбагандыгы белгиленсин.
3. Пайыз-Булак айылын Таш-Көмүр шаарына кошуу маселеси Достук айылдык кеңеши тарабынан колдоого алынбагандыгы жөнүндө маалымат Ноокен райондук мамлекеттик администрациясына билдирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы | Н.Мадалиев |