Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 16-декабры № 4
Шамалды-Сай айылында жайгашкан "Оорукананын имаратын жана айланасын жакшыртуу" долбоорун кароо жөнүндө
Достук айылдык кеңеши ХХVIII чакырылышынын кезектеги ХХII сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн Шамалды-Сай айылында жайгашкан "Оорукананын имаратын жана айланасын жакшыртуу" долбоору жактырылсын жана акча каражатын ажыратып берүү үчүн түрткү берүүчү грантка сунушталсын.
2."Оорукананын имаратын жана айланасын жакшыртуу" долбооруна өздүк салым айыл өкмөтүнүн 2023-жылкы бюджетинен 635 125,00 (алты жүз отуз беш миң бир жүз жыйырма беш) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
3.Акча каражатын ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Жусупжан кызына милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткаруу жагы Достук айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы | Н.Мадалиев |