Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 16-декабры № 5
Мүлк салыгы боюнча зоналык коэффициентине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү” Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы маселени күн тартибинде карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Достук айыл өкмөтүнүн аймагында мүлк салыгынын зоналык коэффиценти (КЗ) 2023-жылдын 1-январынан тартып 1,0 эсебинен 1,1 эсебине өзгөртүлсүн.
2. 2023-жылдын 1-январынан мүлк салыгынын 1,1 коэффиценти менен иштөөсүн камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Р.Бекибаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин “Бюджет, каржы, экономика боюнча” туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы | Н.Мадалиев |