Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 16-декабры № 7
Шамалды-Сай айылына китепкана куруу долбоорун кароо жөнүндө
Достук айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезектеги ХХII сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Достук айыл өкмөтүнүн Шамалды-Сай айылына киепкана куруу долбоору жактырылсын жана акча каражатын ажыратып берүү үчүн түрткү берүүчү грантка сунушталсын.
2.Китепкана куруу долбооруна өздүк салым айыл өкмөтүнүн 2023-жылкы бюджетинен 2 204 392 (эки миллион эки жүз төрт миң үч жүз токсон эки) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
3.Акча каражатын ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Жусупжан кызына жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткаруу жагы Достук айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы | Н.Мадалиев |