Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 14-августу № 408
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-сентябрындагы № 521 "Жардыруу иштериндеги коопсуздук эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Ачык тоо-кенин иштетүүгө жардыруу иштерин жүргүзүүдө тоо-кен казуу компаниялары үчүн уруксат берүү жана жакынкы дүрмөттөн тыюу салынган зонанын өлчөмүн азайтууга жол берүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-сентябрындагы № 521 "Жардыруу иштериндеги коопсуздук эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жардыруу иштериндеги коопсуздук эрежелеринде:
- 161-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
"Жакынкы дүрмөттөн тыюу салынган зонанын өлчөмү дүрмөттөрдү тутандыруунун электрлик эмес же электрондук тутуму колдонулган жана дүрмөттөлүүчү полигондун (блоктун) районундагы тоо-кен иштеринин коопсуздугун камсыз кылуучу иш-чаралар ишкана тарабынан иштелип чыккан учурларда 8 м чейин кыскартылышы мүмкүн.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.У.Жапаров |