Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-декабрындагы № 729 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 24-июлу № 373
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы № 385 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө", "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы № 385 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускамада:
1) 2-пункттун 34-пунктчасындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 10-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- жалданма кызматкерлердин эмгегин пайдаланган жеке ишкерлер үчүн (текстиль жана тигүү өндүрүшүндө иштеген жалданма кызматкерлерди жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 423-беренесинин 1-бөлүгүндөгү 1-пунктунун "а" пунктчасына, 8, 13-бөлүктөрүнө ылайык салык төлөөчү жеке ишкерлер тарабынан жалданган жалданма кызматкерлерди кошпогондо);";
3) 20-пункттун үчүнчү абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) төмөнкүдөй мазмундагы 212 - 219-пункттар менен толукталсын:
"212. 2019-жылдын 1-январына чейинки отчеттук мезгил үчүн эсептешүү ведомосттору кызмат көрсөтүү (жумуштарды аткаруу) жөнүндө жарандык-укуктук мүнөздөгү келишимдин же берилген ишеним каттын негизинде төлөөчү же анын өкүлү тарабынан камсыздоочуга баруу тартибинде берилет.
213. Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр эсептешүү ведомостун камсыздоочуга кагаз түрүндө 2 нускада (биринчиси - ыйгарым укуктуу орган үчүн, экинчиси - төлөөчүгө кайтарылат), ошондой эле электрондук түрдөгү маалыматтарды жүктөө үчүн электрондук алып жүрүүчүдө (флэш-картада) берет.
214. Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр эсептешүү ведомостунун реквизиттерин толтуруунун төмөнкү талаптарын сактоого тийиш:
1) отчеттук мезгил - эсептешүү ведомосту берилген эсептешүү мезгили көрсөтүлөт;
2) эсептешүү ведомосту берилген дата - эсептешүү ведомосту берилген дата КК.АА.ЖЖЖЖ (мисалы: 03.03.2013) милдеттүү форматында көрсөтүлөт;
3) төлөөчүнүн аталышы - тамгалардан турган уюмдун (ишкананын) аталышы көрсөтүлөт;
4) СИН - салык кызматы тарабынан ыйгарылган салык төлөөчүнүн идентификациялык номери, туура 14 цифрадан турат. СИН алдында, ортосунда, аягында чекит коюуга тыюу салынат;
5) төлөөчүнүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондундагы каттоо номери - камсыздоочунун региондук органы тарабынан ыйгарылган жана камсыздандыруучуга билдирүүдө көрсөтүлгөн, цифралардан турган төлөөчүнүн эсептик каттоо номери;
6) ОКПО коду - ишканалардын жана уюмдардын жалпы классификатору боюнча төлөөчүнүн коду, 8 цифрадан турат;
8) юридикалык дарек - төлөөчүнүн юридикалык дареги, тамгалардан жана цифралардан турат;
9) банк (аталышы) - төлөөчүнүн алыш-бериш эсеби бар банктын аталышы, тамгалардан турат;
10) алыш-бериш эсеби - төлөөчүнүн банктагы алыш-бериш эсеби көрсөтүлөт, цифралардан гана турат;
11) иштин түрү - ишкананын экономикалык ишинин түрү көрсөтүлөт, тамгалардан турат;
12) иштегендиги жана эмгек акы жөнүндө билдирүүдө кызматкердин идентификациялык жеке номери (ИЖН) көрсөтүлөт, ал туура 14 цифрадан турат;
13) кызматкердин аты-жөнү - тамгалардан турат жана ортолору боштуктар менен ажыратылат. Мисалы: Асанов Асан Алиевич;
14) бийик тоолуу шарттарда жана алыскы райондордо иштеген кызматкерлердин коду - төмөнкү классификаторго ылайык туура 3 цифрадан турат:
500 - бийик тоо коэффициенти;
501 - алыскы райондор коэффициенти.
Эгерде кызматкер бийик тоолуу шарттарда жана алыскы райондордо иштеген кызматкерлерге кирбесе - код көрсөтүлбөйт, б.а. тилке толтурулбайт;
15) иш башталган дата КК.АА.ЖЖЖ форматында көрсөтүлөт.
Мисалы: 01.01.2019.
Кызматкер 15.01.2019-ж. жумушка алынган учурда, иш башталган дата катары 15.01.2019 көрсөтүлөт;
16) иш аяктаган дата - КК.АА.ЖЖЖЖ форматында көрсөтүлөт.
Мисалы: 31.01.2019.
Кызматкер 25.01.2019-ж. бошотулган учурда, иш аякталган дата катары 25.01.2019 көрсөтүлөт;
17) кызматкер акы төлөнбөөчү өргүүдө болгондо, ошол отчеттук мезгилде эмгек акы жана башка кирешелер эсептелген иш жүзүндө иштеген күндөрү болгондо, толук мезгил - календардык ай көрсөтүлөт;
18) кызматкер акы төлөнүүчү өргүүдө болгондо, толук мезгил -календардык ай көрсөтүлөт;
19) кызматкер убактылуу эмгекке жарамсыздыкка байланыштуу жок болгондо мезгили - толук календардык ай көрсөтүлөт;
20) күндөрдүн саны - бир айдын ичиндеги 31 күндөн ашпаган иш күндөрдүн саны көрсөтүлөт, цифралардан турат;
21) иш жүзүндөгү күндөрдүн саны - ай ичиндеги иш жүзүндө иштеген күндөр, цифралардан турат. Мисалы:
| Күндөрдүн саны/иш жүзүндөгү күндөрдүн саны | |
Бир айда | 22 | 22 |
Жарым ставкада | 22 | 11 |
Бир жолку төлөмдөр | 22 | 1 |
Ижара | 22 | 22 |
Өргүүлөр | 22 | 36 |
"Иш жүзүндөгү күндөр" тилкелерине нөл жазылышына же бош болушуна жол берилбейт;
22) ЭТФ - камсыздандыруу төгүмдөрү эсептелүүчү иш жүзүндөгү киреше, сандык маалыматтардан турат, экинчи белгиге чейин бүтүн жана бөлчөк бөлүгү үтүр менен ажыратылат.
Мисалы: 1150,36 - бир миң бир жүз элүү бүтүн, жүздөн отуз алты;
23) отчеттук айда ЭТФ нөлдүк маанисине төмөнкү кызматкерлер үчүн жол берилет:
- акы төлөнүүчү өргүүдө жүргөн;
- отчеттук айда убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жок болгон;
24) кошумча ЭТФ - эгерде кызматкердин кирешеси орточо айлык эмгек акынын 40%ынан төмөн болгон учурда көрсөтүлөт, сандык маалыматтардан турат, экинчи белгиге чейинки бүтүн жана бөлчөк бөлүгү үтүр менен ажыратылат. Мисалы: 1150,36 - бир миң бир жүз элүү бүтүн, жүздөн отуз алты бөлүгү;
25) эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрү - мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фондсуз камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы суммасы сандык маалыматтардан турууга тийиш, экинчи белгиге чейинки бүтүн жана бөлчөк бөлүгү үтүр менен ажыратылат. Мисалы: 4500,53 - төрт миң беш жүз бүтүн, жүздөн элүү үч бөлүгү;
26) мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонд боюнча эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрү - сандык маалыматтардан турат, экинчи белгиге чейинки бүтүн жана бөлчөк бөлүгү үтүр менен ажыратылат. Мисалы: 1150,36 - бир миң бир жүз элүү бүтүн, жүздөн отуз алты бөлүгү;
27) кызматкерлердин категориясы - төмөнкү классификаторго ылайык туура 3 цифрадан турат:
- 001 - негизги кызматкер;
- 003 - пенсионер;
- 010 - чет өлкөлүк жаран (өлкө);
- 100 - 1, 2-топтогу майып;
- 101 - Улуу Ата Мекендик согуштун (мындан ары - УАМС) катышуучусу/майыбы;
- 102 - УАМС катышуучусуна/майыптарына теңдештирилген адамдар;
- 103 - жеке ишкер;
- 104 - ижарага берүүчү;
- 105 - гонорарлар, сый акылар;
- 106 - кенже тейлөөчү персонал (мындан ары - КТП);
- 107 - КТП пенсионерлер;
28) № 1 же № 2 жеңилдетилген тизменин коду классификаторго ылайык туура 3 цифрадан турат:
- 007 - № 1 тизме;
- 006 - № 2 тизме.
Эгерде кызматкер № 1 же № 2 тизмеге кирбесе, код көрсөтүлбөйт, б.а. тилке толтурулбайт.
215. Сандык көрсөткүчтөрдү көрсөтүү талап кылынган эсептешүү ведомостунун тилкелеринде чен бирдигин көрсөтпөстөн сандарды гана көрсөтүү зарыл.
216. Эсептешүү ведомостуна төлөөчү жана төлөөчүнүн кызмат адамы кол коёт. Төлөөчүнүн, төлөөчүнүн кызмат адамынын колу (бар болсо) мөөр менен күбөлөндүрүлөт.
217. Камсыздоочу эсептешүү ведомостун алгандыгын ырастоочу штамп коёт.
218. Эсептешүү ведомостун кабыл алгандан кийин камсыздоочу тарабынан күбөлөндүрүлгөн эсептешүү ведомостунун бир нускасы төлөөчүгө кайтарылат.
219. Камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөдө жол берилген каталыктар сап боюнча 0,5 сом, жалпы - 1 сомду түзөт.";
5) 65-пункттун 9-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9) текстиль жана тигүү өндүрүшүндө иштеген жалданма кызматкерлер жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 423-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "а" пунктчасына, 8, 13-бөлүктөрүнө ылайык салык төлөөчү жеке ишкерлер тарабынан жалданган жалданма кызматкерлер;";
6) 66-пункт "Текстиль жана тигүү өндүрүшүндө иштеген кызматкерлерди" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 423-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "а" пунктчасына, 8, 13-бөлүктөрүнө ылайык салык төлөөчү жеке ишкерлер тарабынан жалданган жалданма кызматкерлерди" деген сөздөр менен толукталсын;
7) 68-пункт төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"Камсыздандыруу стажын калыбына келтирүүдө же камсыздандыруу төгүмдөрүн ыктыярдуу төлөөдө камсыздандыруу полистери жеке адамдын жашаган жери боюнча, ошол райондо (шаарда) камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн кабыл алынган орточо айлык эмгек акынын өлчөмүн колдонуу менен сатып алынат.";
8) 99-1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Ушул Нускаманын 41-пунктунда көрсөтүлгөн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөргө туум "Юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбалар, жер үлүшүнө жана/же участогуна же анын бир бөлүгүнө ээ болгон, бирок дыйкан (фермердик) чарбаларынын мүчөлөрү болбогон жеке жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн маалыматтык эсептөө" түзүүдө эсептелет.";
9) 102-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын;
"102. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө 2021-жылдын 1-апрелине чейинки отчеттук мезгилдер үчүн эсептешүү ведомосттору календардык жыл ичинде эки жолудан ашык берилбеген (же кечиктирилген) учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү төлөөчүгө кийин кайра эсептөө менен мурдагы отчеттук мезгил үчүн түзүлгөн төлөмдөрдүн суммасынын 25 пайыз өлчөмүндө айып эсептейт.";
10) төмөнкүдөй мазмундагы 102-1-пункт менен толукталсын:
"102-1. Камсыздоочу тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө эсептешүү ведомостторун бербегендиги (же кечиктиргендиги) үчүн айып төлөөчүлөргө 2019-жылдын 1-январына чейинки отчеттук мезгилдер үчүн эсептешүү ведомостторун тапшырганда эсептелет.";
11) жогоруда аталган Нускаманын 5-тиркемесинде:
- 8-бөлүктө:
аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Текстиль жана тигүү өндүрүшүндө иштеген жалданма кызматкерлерди жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 423-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "а" пунктчасына, 8, 13-бөлүктөрүнө ылайык салык төлөөчү жеке ишкерлер тарабынан жалданган жалданма кызматкерлерди кошпогондо жалданма кызматкерлердин эмгегин пайдаланган жеке ишкерлер үчүн тарифтер(*)";
расмий тилдеги текстте 6-пункттун экинчи мамычасында "105" деген цифралар "102" деген цифраларга алмаштырылсын ;
- төмөнкүдөй мазмундагы 8-1-бөлүк менен толукталсын:
"
8-1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 423-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "а" пунктчасына, 8, 13-бөлүктөрүнө ылайык салык төлөөчү ЖИ тарабынан жалданган жалданма кызматкерлер үчүн тарифтер | |||||||||
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 423-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "а" пунктчасына, 8 (анын ичинде жакын тууганы тартылган учурда), 13-бөлүктөрүнө ылайык салык төлөөчү жеке ишкерлер тарабынан жалданган жалданма кызматкерлер үчүн | 10 | 8,75 | 0 | 1 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | ОАЭдан 10%дан кем эмес |
";
- 10-бөлүктүн аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10. Жогорку технологиялар паркы жана Креативдүү индустриялар паркы жана алардын дирекциялары үчүн тарифтер";
- 12-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
12. Жалпы категориялар үчүн тарифтер | |||||||||||
1 | 103 | Тандалган салык режимине карабаган ЖИ жана жеке жактар (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ижарага берүүдөн киреше алган жеке ишкерлерди, юридикалык жакты түзбөстөн өз ишин жүргүзгөн, берилген лицензиялардын негизинде иштеген, ошондой эле гонорар (сый акы) алган же лотоктордо, соода орундарында товар сатуу жолу менен базарларда ишкердик жүргүзгөн жеке жактарды кошпогондо) | |||||||||
|
|
| 6 | 0 | 89,75 | 0 | 10 | 0,25 | 0 | 0 | ОАЭдан 6%дан кем эмес |
2 | 103 | Лотоктордо, соода орундарында товар сатуу жолу менен базарларда ишкердик жүргүзүүчү ЖИ | |||||||||
|
|
| 3 | 0 | 89,75 | 0 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | ОАЭдан 3%дан кем эмес |
3 | 104 | Ижарага берүүчү | 10 | 8,75 | 0 | 1 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | ОАЭдан 10%дан кем эмес |
4 | 105 | Берилген лицензиялардын негизинде иштеген, ошондой эле гонорар (сый акы) алган жеке жактар | 10 | 90 | 0 | 10 | 0 | 0 | 0 | 0 | Алган гонорардан (сый акыдан) |
- кыскартуулардын тизмесинин бешинчи абзацында "кенже тейлөөчү персонал" деген сөздөргө чейин "тизмеги Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары менен аныкталган" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |