Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 12-февралы № 46-т
2024-жылы социалдык маанилүү товарларга баанын өсүшүн кармап туруу, туруктуулукту жана ички рынокту толтурууну камсыз кылуу боюнча комплекстүү чараларды жүргүзүү, ошондой эле ата мекендик өндүрүштү мамлекеттик колдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылга социалдык маанилүү азык-түлүк товарларына баалардын өсүү темпин кармап туруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
1) ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5ине чейин Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине Иш-чаралар планын аткаруу жөнүндө маалыматты берип турсун;
2) ушул тескеме менен бекитилген иш-чараларды толук көлөмдө жана белгиленген мөөнөттөрдө аткаруу боюнча толук чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10уна чейин Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылга социалдык маанилүү азык-түлүк товарларына баалардын өсүү темпин кармап туруу боюнча иш-чаралар планы
№ | Милдеттер | Чаралар/иш-аракеттер | Индикатор/күтүлүүчү натыйжа | Жооптуу аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөтү | Каржылоо булактары |
1 | Социалдык маанилүү товарларга баалардын туруктуулугун камсыз кылуу | 1.1. Мамлекеттик материалдык резервдерди номенклатуралык (азык-түлүк) товарларды сатып алуунун эсебинен толуктоо | Мамлекеттик материалдык резервдер толтурулду | ӨКМ, АЧМ, ФМ | Дайыма | Республикалык бюджеттин каралган каражаттарынын алкагында |
1.2. Номенклатуралык (азык-түлүк) товарларга интервенцияларды жүргүзүү | Азык-түлүк товарларына баалардын кескин өсүшү ооздукталды | ӨКМ, АЧМ | Зарылчылыгына жараша | |||
1.3. Социалдык маанилүү товарлардын негизсиз өсүшүнө жол бербөө максатында бааларды мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү | Социалдык маанилүү товарларга баалардын өсүшүнө жол бербөө | ЭКМ | Зарылчылыгына жараша | |||
2 | Социалдык маанилүү товарлардын ички өндүрүшүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү | 2.1. Социалдык маанилүү товарлардын ички өндүрүшүн жана бодо мал, кой-козу, канаттуулар жана балык үчүн тоют өндүрүүнү көбөйтүү боюнча максаттуу программаларды ишке ашыруу | Импортко карата ата мекендик өндүрүштүн үлүшү көбөйдү. Жеңилдетилген кредиттер "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорунун жана башка программалардын алкагында берилди | АЧМ, ФМ, макулдашуу боюнча: "Айыл Банк" ААК, "РСК Банк" ААК | Жыл ичинде | Республикалык бюджеттин каралган каражаттарынын, "Айыл Банк" ААКтын жана "РСК Банк" ААКтын каражаттарынын алкагында |
2.2. "Айыл Банк" ААКка жана "РСК Банк" ААКка "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорунун алкагында социалдык маанилүү товарларды өндүрүүгө багытталган долбоорлорду артыкчылык тартипте каржылоо сунушталсын | Социалдык маанилүү товарларды өндүрүү менен алектенген субъекттерге жеңилдетилген кредиттер жана агроөнөр жай жабдууларынын лизинги берилди | АЧМ, макулдашуу боюнча: "Айыл Банк" ААК, "РСК Банк" ААК | Дайыма | Республикалык бюджеттин каралган каражаттарынын, "Айыл Банк" ААКтын жана "РСК Банк" ААКтын каражаттарынын алкагында | ||
3 | Социалдык маанилүү товарларды үзгүлтүксүз берүүнү пландоо | 3.1. Социалдык маанилүү товарлардын ата мекендик импорттоочуларына өнөктөш өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө жана социалдык маанилүү товарларды жеткирүү боюнча контракттарды түзүүдө көмөк көрсөтүү | Социалдык маанилүү товарларды жеткирүү камсыз кылынды | АЧМ, ЭКМ, ТИМ | Зарылчылыгына жараша | Республикалык бюджеттин каралган каражаттарынын алкагында |
3.2. Ири азык-түлүк жеткирүүчүлөрдү чет элдик валюта менен камсыз кылуу | Ири азык-түлүк жеткирүүчүлөргө контракт түзүү үчүн чет өлкөлүк валюта берилет | Макулдашуу боюнча: "Айыл Банк" ААК, "РСК Банк" ААК | Зарылчылыгына жараша | "Айыл Банк" ААКтын жана "РСК Банк" ААКтын каражаттарынын алкагында | ||
4 | Дыйкандардан жана өндүрүүчү заводдордон азык-түлүк базарларына азык-түлүк товарларын үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыз кылуу | Дыйкандардан жана өндүрүүчү заводдордон айыл чарба продукцияларын ички рынокко жеткирүүнү уюштуруу (жарманкелер ж.б.) | Тамак-аш азыктары менен ички жабдуунун туруктуулугу камсыз кылынды | АЧМ, ЭКМ, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Жаз-күз мезгилдери, зарылчылыгына жараша | Республикалык бюджеттин каралган каражаттарынын алкагында |
5 | Социалдык маанилүү товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүү | Социалдык маанилүү товарларга чекене бааларга сурамжылоо жүргүзүү | Социалдык маанилүү товарлардын рыноктук чекене баалары боюнча маалыматтар базасы даярдалды | ЭКМ, Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Дайыма | Республикалык бюджеттин каралган каражаттарынын алкагында |
6 | Социалдык маанилүү товарлардын рыногунда атаандаштык чөйрөнүн абалына мониторинг жүргүзүү | Социалдык маанилүү товарлардын рыногундагы кырдаалга баа берүү | Социалдык маанилүү товарлардын рынокторунда атаандаштык жөнүндө мыйзамдарды бузуулар жоюлду | |||
7 | Рыноктун социалдык маанилүү товарлар менен толтурулушунун деңгээлине талдоо жүргүзүү | Социалдык маанилүү товарларды ташып келүү жана ташып чыгуу жөнүндө оперативдүү маалыматтарды чогултуу | Рынокту социалдык маанилүү товарлар менен толтуруу боюнча аналитикалык маалыматтар иштелип чыкты; зарыл болгон учурда бааларды кармап туруу боюнча алдын ала чараларды көрүү боюнча сунуштарды киргизүү | АЧМ, МСК, МБК | Ай сайын 5ине чейин (МСК, МБК); Ай сайын 10уна чейин (АЧМ) | Республикалык бюджеттин каралган каражаттарынын алкагында |
8 | Азык-түлүк буудайынын, кант кызылчасынын, картошканын, пияздын айдоо аянттарынын көлөмүн болжолдоону камсыз кылуу | Айдоо аянттарынын структурасына, түшүмдүүлүк динамикасына жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн дүң жыйымына талдоо жүргүзүү | Өсүмдүктөрдүн иш жүзүндөгү өсүү темптеринин негизинде республика боюнча өндүрүштүн көлөмдөрүн өнүктүрүүнүн болжолун эсептөө | АЧМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2024-жылдын 1-марты | Республикалык бюджеттин каралган каражаттарынын алкагында |
9 | Социалдык маанилүү товарларды экспорттоо маселелери боюнча Бирдиктүү операторду түзүү | Бирдиктүү операторду түзүү жөнүндө КР Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун иштеп чыгуу | Жеткирүүлөрдү координациялоо жана контролдоо камсыз кылынды, бирдиктүү соода шарттары жана макулдашуулар аныкталды | АЧМ, ЭКМ | 2024-жылдын 1-декабры | Республикалык бюджеттин каралган каражаттарынын алкагында |
10 | Социалдык маанилүү товарларды кайра иштетүү боюнча өнөр жай кластерин/биргелешкен ишкананы түзүү | Социалдык маанилүү товарларды кайра иштетүү боюнча мамлекеттик ишкана түзүү жөнүндө КР Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун иштеп чыгуу | Үрөн өндүрүүдөн баштап жана өндүрүшкө чейин кайра иштетүү цикли камсыз кылынды | АЧМ, ФМ, ЭКМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2024-жылдын 1-декабры | Республикалык бюджеттин каралган каражаттарынын алкагында |
11 | Мамлекеттик органдардын жана ишкерлердин (анын ичинде базарлардын администрациялары) социалдык маанилүү товарлар менен камсыз кылуу маселелери боюнча кызматташтыкты уюштуруу | Мамлекеттик органдардын, рыноктун катышуучуларынын (өндүрүүчүлөр, импорттоочулар, соода түйүндөрү ж.б.) жана ЖӨБ органдарынын ортосунда азык-түлүк коопсуздугун жана калкты жеткиликтүү баада социалдык маанилүү товарлар менен үзгүлтүксүз камсыз кылуунун алкагында кызматташуу жөнүндө макулдашуулардын (меморандумдардын) долбоорлорун иштеп чыгуу | Макулдашууларга/ меморандумдарга кол коюлду. Калкты жеткиликтүү баада социалдык маанилүү товарлар менен үзгүлтүксүз камсыздоо маселелери иштелип чыкты | ЭКМ, АЧМ | Зарылчылыгына жараша | Республикалык бюджеттин каралган каражаттарынын алкагында |
12 | Ички рынокту коргоо жана өнүктүрүү максатында социалдык маанилүү товарларды экспорттоого убактылуу тыюу салууларды же сандык чектөөлөрдү киргизүү | Социалдык маанилүү товарларды ташып чыгууга убактылуу тыюу салууларды же сандык чектөөлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун иштеп чыгуу | Калктын керектөөлөрү социалдык маанилүү товарлар менен камсыз кылынды | АЧМ, ЭКМ | Зарылчылыгына жараша | Республикалык бюджеттин каралган каражаттарынын алкагында |
13 | Ички рынокту социалдык маанилүү товарлар менен толтуруу | Экспорттук алымдарды жана квота системасын киргизүү механизмдерин иштеп чыгуу | Суроо-талап менен сунуштун ортосунда тең салмактуулук камсыз кылынды | АЧМ, ЭКМ | Зарылчылыгына жараша | Республикалык бюджеттин каралган каражаттарынын алкагында |
14 | Социалдык маанилүү товарларга салыктык жеңилдиктерди берүү | Социалдык маанилүү товарларга салык жеңилдиктерин берүү жөнүндө КР Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун иштеп чыгуу | Социалдык маанилүү товарларга баалардын өсүшүнө жол бербөө | ЭКМ, АЧМ, МСК | Зарылчылыгына жараша | Республикалык бюджеттин каралган каражаттарынын алкагында |
Кыскартуулардын тизмеси:
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
ӨКМ | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
АЧМ | - | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ТИМ | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
ЖБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
МБК | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы |
МСК | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-февралындагы № 72-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ