Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2024-жылдын 08-февралындагы № 3-Б
Бюджеттик мекемелерде финансылык башкаруунун жана контролдоонун абалы жөнүндө жылдык отчетту түзүү боюнча колдонмону бекитүү
тууралуу
Мамлекеттик финансыны башкаруу системасын өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 722 токтому менен бекитилген “Бюджеттик мекемелерде финансылык башкаруу жана контролдоо жөнүндө жобонун” 10-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык буйрук кылам:
1. Бюджеттик мекемелерде финансылык башкаруунун жана контролдоонун абалы жөнүндө жылдык отчетту түзүү боюнча колдонмо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бухгалтердик эсепти, ички аудитти жана ички контролду өнүктүрүү башкармалыгы:
1) бул буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде мамлекеттик жана расмий тилдерде “Эркин-Тоо”гезитине жарыяласын;
2) буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө, жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
3) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
3. Басма сөз кызматы бул буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде аны Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин веб-сайтына расмий жарыялоону камсыздасын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2014-жылдын 27-мартындагы № 44-Б “Бюджеттик мекемелерде финансылык башкаруу жана контролдоонун абалы жөнүндө жылдык отчетту түзүү боюнча колдонмону бекитүү тууралуу” буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары – Борбордук казыналыктын директору У.А. Аманбаевге жүктөлсүн.
Министр |
| А.К.Бакетаев |
Тиркеме
Бюджеттик мекемелерде финансылык башкаруунун жана контролдоонун абалы жөнүндө жылдык отчетту түзүү боюнча
колдонмо
1. Жалпы жоболор
1. Бюджеттик мекемелерде финансылык башкаруунун жана контролдоонун абалы жөнүндө жылдык отчетту түзүү боюнча ушул колдонмо (мындан ары - Колдонмо) бюджеттик мекемелерде финансылык башкаруунун жана контролдоонун абалы жөнүндө жылдык отчетту түзүүнүн тартибин аныктайт. Финансылык башкаруунун жана контролдоонун абалы жөнүндө жылдык отчетту тапшыруунун максаты бюджеттик мекемелердин жетекчилеринин жоопкерчиликтерин финансылык башкаруу жана контролдоо системасын баалоо жана отчеттуулук аркылуу күчөтүү болуп саналат.
2. Ушул Колдонмонун колдонулушу Кыргыз Республикасынын министрликтерине, мамлекеттик комитеттерине, административдик ведомстволоруна жана башка мамлекеттик органдарына (мындан ары – бюджеттик мекемелерге) жайылтылат.
2. Финансылык башкаруунун жана контролдоонун абалы жөнүндө жылдык отчеттун формасын түзүү тартиби
3. Бюджеттик мекемелер жыл сайын финансылык башкаруу жана контролдоо системасынын функционалдуулугун баалоону жүзөгө ашырат жана өткөн жылдын 31-декабрына карата абал боюнча Финансылык башкаруунун жана контролдоонун абалы жөнүндө жылдык отчетту (мындан ары – жылдык отчет) ушул Колдонмонун тиркемесине ылайык толтурат.
4. Бюджеттик мекемелердин жетекчилери финансылык башкаруу жана контролдоо системасын баалоо процессин уюштуруу үчүн жооптуу болуп саналат.
5. Жылдык отчет өзүн өзү баалоону камтыйт, ал төмөндөгүдөй түзүлөт жана берилет:
1) бюджеттик мекемелердин жетекчилери иштин чөйрөсүнө, татаалдыгына жана иштин көлөмүнө жараша буйрук менен жумушчу топ түзөт же финансылык башкаруу жана контролдоо системасын баалоо процессин координациялоо үчүн жооптуу адамды/түзүмдүк бөлүмдү (мындан ары – жооптуу адам) дайындайт;
2) түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилери уюмдун жетекчисине өздөрүнүн ички контроль системасынын иштеши, адекваттуулугу, натыйжалуулугу жана майнаптуулугу жөнүндө маалыматты берет.
6. Жооптуу адам жыл сайын бюджеттик мекеменин жетекчилиги белгилеген мөөнөттө жылдык отчеттун тийиштүү компоненттерин толтурууну уюштурат.
7. Жылдык отчет өзүнө алты главаны камтыйт:
1) контролдук чөйрө, анын максаты жетекчилердин жана кызматкерлердин этикасын, башкаруучулук стилин, уюштуруучулук түзүмүн, милдеттерди бөлүштүрүүнү жана жоопкерчилигин, персоналды башкарууну жана анын компетенттүүлүгүн баа берүү аркылуу бюджеттик мекемелердин контролдук чөйрөсүн баалоо болуп саналат;
2) сапаттуу мүнөздөмөлөрдү жана тобокелдиктерди башкаруу, анын максаты бюджеттик мекемелер тарабынан максаттарды, стратегиялык жана учурдагы милдеттерди, тобокелдиктерди башкарууну белгилөөнү аныктоо;
3) контролдук иш-чаралар, анын максаты саясаттарды жана жол-жоболорду баалоо, ал функцияларды аткарууну камсыз кылууга, тобокелдиктерди башкарууга жана үнөмдүү, натыйжалуу жана майнаптуу жолдор менен милдеттерге жетүүгө өбөлгө түзөт;
4) маалымат жана коммуникация, анын максаты ички жана тышкы коммуникациялык жана маалыматтык системаларды, ошондой эле маалыматтардын санын, сапатын, мезгилдүүлүгүн жана булактарын баалоо;
5) мониторинг, анын максаты контролдук иш-чаралардын жеке байкоо системасын баалоо;
6) эсептер, транзакциялар жана маалыматтык технологиялар, анын максаты операциялардын жана маалыматтык технологиялардын түрлөрү боюнча жеке контролдук иш-чараларды баалоо болот.
8. Жылдык отчет зарыл учурларда бюджеттик бюджеттик мекемелердеги иштердин өзгөчөлүгүнө жана процесстердин татаалдыгына жараша бюджеттик мекеме тарабынан баалоого тийиштүү башка маселелер/главалар менен толукталышы мүмкүн.
9. “Эскертүү” мамычасы жылдык отчеттон суроого жоопту аргументтөө/колдоо үчүн тийиштүү башка маалымат менен толтурулат.
10. Жооптуу адам жылдык отчеттун формасынын ар бир суроосу боюнча жоопторду жалпылайт жана төмөндөгүдөй метод менен (жалпысынан бюджеттик мекеме боюнча) ар бир суроого жооптордун үлүшүн эсептеп чыгат:
“ООБА” жоопторунун үлүшү = (“ООБА” жоопторунун саны / (“ООБА” жоопторунун саны + “ЖОК” жоопторунун саны)*100%
- эгерде “ООБА” жоопторунун үлүшү 51%дан жогору же барабар болсо, анда ар бир суроого жалпы жооп “ООБА” деп эсептелинет;
- эгерде “ООБА” жоопторунун үлүшү 51%дан төмөн болсо, анда ар бир суроого жалпы жооп “ЖОК” деп эсептелинет;
11. Жооптуу адам жылдык отчетту толтурат жана берилген жоопторду негиздөө үчүн отчетко кошумча ар кандай башка маалыматтарды киргизет (тышкы/ички аудиттин отчетунан тыянактар, ой-пикирлер ж.б.).
12. Жылдык отчет мамлекеттик жана расмий тилдерде электрондук жана кагаз түрүндө түзүлөт. Жылдык отчеттун ар бир пункту милдеттүү түрдө толтурулат.
13. Бюджеттик мекеменин жетекчиси тарабынан кол коюлган жылдык отчет бекитилген графикке ылайык электрондук жана кагаз түрүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине белгиленген тартипте тапшырылат.
14. Жылдык отчетто көрсөтүлгөн туура эмес маалымат жана жылдык отчетту өз учурунда тапшырбаган үчүн бюджеттик мекеменин жетекчиси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
15. Жылдык отчеттун маалыматтарын ырастоо үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги зарылдыгына жараша кошумча маалымат сурап алууга укугу бар.
20__ жылдагы бюджеттик мекемелерде финансылык башкаруунун жана контролдоонун
абалы жөнүндө жылдык отчеттун
ФОРМАСЫ
Бюджеттик мекеме (Бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөр)
|
|
Учурдагы жылы бекитилген бюджеттин суммасы
|
|
31-декабрга карата абал боюнча кызматкерлердин саны
|
|
Ведомстволук уюмдардын саны
|
|
Уюмдун жетекчиси
|
|
Юридикалык дарек
|
|
Телефон |
|
Факс |
|
| |
Расмий сайт
|
|
№ | ФИНАНСЫЛЫК БАШКАРУУНУН ЖАНА КОНТРОЛДООНУН КОМПОНЕНТТЕРИ | Ооба | Жок | Эскертүү | ||
| I. КОНТРОЛДУК ЧӨЙРӨ |
|
|
| ||
| Функциялар, ыйгарым укуктар жана милдеттер |
|
|
| ||
1 | Ар бир кызматкердин милдеттерин, ыйгарым укуктарын жана жоопкерчиликтерин камтыган бюджеттик мекеменин кызматкерлеринин кызматтык нускамалары бекитилгенби? |
|
|
| ||
2 | Кызматтык нускама бюджеттик мекеменин ар бир кызматкерине билдирилдиби? |
|
|
| ||
| Уюштуруучулук түзүм |
|
|
| ||
3 | Учурдагы уюштуруучулук түзүм бюджеттик мекемелердин ресурстарына, жоопкерчиликтерине жана милдеттерине шайкеш келеби? |
|
|
| ||
4 | Ар бир түзүмдүк бөлүмдүн милдеттери, функциялары, укуктары, милдеттенмелери, компетенттүүлүгү жана отчеттуулугу аныкталганбы? |
|
|
| ||
| Жетекчинин башкаруучулук стили |
|
|
| ||
5 | Тийиштүү контролдук чөйрөдө өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн бюджеттик мекемелерде түшүнүүнү илгерилетүүлөр барбы? |
|
|
| ||
6 | Кызматкерлер жалпысынан жетекчинин иш стилин туура көрүшөбү (жетекчи катары ыйгарым укуктарды жана жоопкерчиликтерди аныктайт, кызматкерлерди уюштурат жана даярдайт)? |
|
|
| ||
7 | Бюджеттик мекеменин жетекчиси финансылык башкаруу жана контролдоо системасын, анын кемчиликтерин оңдоону кошкондо өнүктүрүүгө өбөлгө түзөбү жана көмөк көрсөтөбү? |
|
|
| ||
| Ыйгарым укуктарды берүү |
|
|
| ||
8 | Бюджеттик мекеменин бардык деңгээлдеги жетекчилери бюджеттик мекеменин милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу үчүн ыйгарым укуктарды береби? |
|
|
| ||
9 | Бюджеттик мекеменин бардык деңгээлдеги жетекчилери берилген ыйгарым укуктар үчүн жоопкерчиликти өзүнө алабы? |
|
|
| ||
10 | Бюджеттик мекеменин бардык деңгээлдеги жетекчилери тийиштүү компетенциясы бар кызматкерлерге гана ыйгарым укуктарды берүүнү камсыздайбы? |
|
|
| ||
11 | Бюджеттик мекеменин бардык деңгээлдеги жетекчилерине берилген ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн баш ийүү белгиленгенби? |
|
|
| ||
12 | Ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүчү жана кабыл алуучу адамдын кол тамгасы менен тастыкталган берилген ыйгарым укуктар жөнүндө жазуу жүзүндөгү маалымат барбы? |
|
|
| ||
| Кесиптик этика |
|
|
| ||
13 | Бюджеттик мекеменин жетекчилери жана кызматкерлери этиканын негизги принциптерин сакташабы (аларды сактабаган учурлар барбы)? |
|
|
| ||
| Персоналды башкаруу жана анын компетенттүүлүгү |
|
|
| ||
14 | Бюджеттик мекеме кызматкерлерди даярдоодо жана кесиптик өстүрүүдөгү муктаждыктарды баалай алабы? |
|
|
| ||
15 | Бюджеттик мекеменин бардык жаңы кызматкерлер үчүн баштапкы даярдык программасы барбы? |
|
|
| ||
16 | Бюджеттик мекеменин бардык кызматкерлер үчүн үзгүлтүксүз окутуу жана маалымдоо программасы барбы? |
|
|
| ||
17 | Кызматкерлердин коюлган милдеттерди аткарууга тийиштүү түрдө даярдыгы барбы? |
|
|
| ||
18 | Окутуунун мониторинги жана документациялоо үчүн белгиленген жол-жоболор барбы? |
|
|
| ||
19 | Коюлган жеке милдеттерге карата бюджеттик мекеменин кызматкерлердин жетишүүсүн баалоо механизми барбы? |
|
|
| ||
20 | Кызматкерлер менен бирге жеке жетишкендиктер мезгил-мезгил менен бааланабы жана каралабы? |
|
|
| ||
| II. САПАТТУУ МҮНӨЗДӨМӨЛӨРДҮ ЖАНА ТОБОКЕЛЧИЛИКТЕРДИ БАШКАРУУ |
|
|
| ||
| Милдеттерди белгилөө |
|
|
| ||
21 | Бюджеттик мекеменин максаттары аныкталганбы? |
|
|
| ||
22 | Бюджеттик мекеменин стратегиялык милдеттери аныкталганбы? |
|
|
| ||
23 | Конкреттүү, өлчөнүүчү, жөндүү, реалдуу учурдагы милдеттер аныкталганбы? |
|
|
| ||
24 | Стратегиялык милдеттер бюджеттик мекеменин максаттарына шайкеш келеби? |
|
|
| ||
25 | Бюджеттик мекеменин максаттары, стратегиялык жана учурдагы милдеттери кызматкерлерге маалымат иретинде билдирилгенби? |
|
|
| ||
26 | Бюджеттик мекеменин максаттарына, стратегиялык жана учурдагы милдеттерине жетишүү үчүн анын кызматкерлеринин жоопкерчиликтери аныкталганбы? |
|
|
| ||
| Пландоо, мониторинг жүргүзүү жана отчеттуулук |
|
|
| ||
27 | Бюджеттик мекеменин стратегиялык иш планы барбы? |
|
|
| ||
28 | Бюджеттик мекеменин жылдык иш планы барбы? |
|
|
| ||
29 | Стратегиялык/учурдагы милдеттер планга киргизилеби? |
|
|
| ||
30 | Сапаттуу мүнөздөмөлөрдүн көрсөткүчтөрү иш планга киргизилеби? |
|
|
| ||
31 | Бюджеттик мекеме системалуу түрдө өзүнүн иш планын кайра карап чыгабы жана жаңылап турабы? |
|
|
| ||
32 | Сапаттуу мүнөздөмөлөрдүн милдеттерине/көрсөткүчтөрүнө жетишүү даражасына карата системалуу баалоо, мониторинг жана отчеттуулук ишке ашырылабы? |
|
|
| ||
33 | Бюджеттик мекеменин жылдык бюджетти түзүүнүн, аткаруунун жана аны аткаруу тууралуу отчеттуулуктун жазуу жүзүндөгү кеңири жол-жоболору барбы? |
|
|
| ||
34 | Бюджеттик мекеменин максаттарына жетиш үчүн ресурстар пландалганбы, башкарылганбы жана эсепке алынганбы? |
|
|
| ||
35 | Бюджеттик мекеме финансылык көрсөткүчтөрдү баалоону, мониторинг жүргүзүүнү жана кайра кароону ишке ашырабы (жылдык бюджеттин көрсөткүчтөрүнүн негизинде)? |
|
|
| ||
| Тобокелчиликтердин пайда болуусу мүмкүн болгон окуяларды аныктоо |
|
|
| ||
36 | Бюджеттик мекеме стратегиялык жана ыкчам милдеттерге жетүүгө терс таасир тийгизиши мүмкүн болгон потенциалдуу окуяларды же кырдаалдарды аныктайбы? |
|
|
| ||
37 | Бюджеттик мекеме тобокелчиликтердин тышкы булактарын эсепке алабы? |
|
|
| ||
38 | Бюджеттик мекеме тобокелчиликтердин ички булактарын эсепке алабы? |
|
|
| ||
39 | Иштин негизги жаатына байланышкан тобокелчиликтерди бюджеттик мекеме аныктайбы? |
|
|
| ||
| Тобокелчиликтерди башкаруу |
|
|
| ||
40 | Бюджеттик мекеме коюлган милдеттерге жараша тобокелчиликтердин таасиринин жана ыктымалдуулугунун даражасын аныктайбы жана баалайбы? |
|
|
| ||
41 | Бюджеттик мекеме бааланган тобокелчиликтерге артыкчылык береби? |
|
|
| ||
42 | Бюджеттик мекеме мүмкүн болуучу тобокелчиликтердин адекваттуу даражасын аныктайбы? |
|
|
| ||
43 | Тобокелчиликтерди башкаруу программасы түзүлгөнбү жана бекитилгенби? |
|
|
| ||
44 | Бюджеттик мекеме тобокелчиликтерди азайтууга багытталган контролдук чараларды ишке ашырабы? |
|
|
| ||
45 | Бюджеттик мекеменин тобокелчиликтердин мониторингин жүргүзүү жана отчеттуулук механизмдери барбы? |
|
|
| ||
46 | Бюджеттик мекеме тобокелчиликтерди идентификациялоо, баалоо, каттоо, мониторинг жүргүзүү жана отчеттуулук үчүн жооптуу адамдарды дайындаганбы? |
|
|
| ||
47 | Бюджеттик мекеме тобокелчиликтерди башкарууну документтештиреби? |
|
|
| ||
| III. КОНТРОЛДУК ИШ-ЧАРАЛАР |
|
|
| ||
| Контролдук иш-чаралардын түрлөрү |
|
|
| ||
48 | Бюджеттик мекеме контролдук иш-чараларды бардык деңгээлдерде жана бардык операциялык процесстерде уюштурабы жана ишке ашырабы? |
|
|
| ||
49 | Бюджеттик мекеменин ар бир операциялык процесс үчүн жазуу жүзүндөгү саясаты жана жол-жоболору барбы? |
|
|
| ||
50 | Бюджеттик мекеменин иш-аракеттерди жана операцияларды (белгилүү бир адамга же адамдардын тобуна белгилүү бир иш-аракеттерди аткарууга укук берүү) авторизациялоо жана бекитүү жол-жоболору барбы? |
|
|
| ||
51 | Бюджеттик мекеменин баш ийүүсүндөгүлөрдүн ишине байкоо жүргүзүү жол-жоболору барбы? |
|
|
| ||
52 | Бюджеттик мекеменин жогору турган жетекчилерге карата алып салуулардын/каталардын отчеттуулугун караган контролдук жол-жоболору барбы? |
|
|
| ||
53 | Ички контролдоо жол-жоболору аркылуу операциялар башталганга чейин алдан ала контролдоо ишке ашырылабы? |
|
|
| ||
54 | Операциялар учурунда учурдагы контролдоо ишке ашырылабы? |
|
|
| ||
55 | Операциялар аяктагандан кийин кийинки контролдоо ишке ашырылабы? |
|
|
| ||
56 | Бюджеттик мекеменин ресурстарга, материалдык баалуулуктарга, финансылык каражаттарга, программаларга, маалымат базаларына ж.б. (жеке же электрондук) жеткиликтүүлүктү контролдоо жол-жоболору барбы? |
|
|
| ||
57 | Бюджеттик мекеменин операциялардын/маалыматтар топтомунун тууралыгын текшерүү жол-жоболору барбы? |
|
|
| ||
58 | Бюджеттик мекеменин операцияларды/маалымат топтомдорун салыштырып текшерүү жол-жоболору барбы? |
|
|
| ||
| Операциялык процесстерди документтештирүү |
|
|
| ||
59 | Негизги операциялык жол-жоболор боюнча документтерди жүгүртүүнүн графиги иштелип чыкканбы? |
|
|
| ||
60 | Бардык операциялык процесстерди документтештирүү ишке ашырылабы? |
|
|
| ||
61 | Бюджеттик мекеменин ичиндеги операциялык процесстерди иликтөө камсыз кылынабы? |
|
|
| ||
62 | Бюджеттик мекеме тобокелчиликтерди натыйжалуу жана үнөмдүү башкаруу үчүн операциялык процесстерди кайра кароону ишке ашырабы? |
|
|
| ||
| Милдеттерди жана жоопкерчиликтерди бөлүштүрүү |
|
|
| ||
63 | Бюджеттик мекеме мүмкүнчүлүгүнө жараша финансылык кесепеттери бар операцияларды демилгелөө жана анын аныктыгын текшерүү функцияларын бөлүп алдыбы? |
|
|
| ||
64 | Тобокелчиликтерге дуушар болгон* кызмат орундарын ээлеген адамдар мезгил-мезгили менен бааланып турабы жана текшерилеби? |
|
|
| ||
65 | Тобокелчиликтерге дуушар болгон кызмат орундарын ээлеген адамдардан купуялуулук/коопсуздук жөнүндө макулдашууга кол коюу талап кылынабы? |
|
|
| ||
| Эскертүү:(*) Эгерде уурулуктун/алдамчылыктын маанилүү тобокелчиликтери болсо кызмат орду тобокелчиликтерге дуушар болгон деп эсептелет. |
|
|
| ||
| IV. МААЛЫМАТ ЖАНА КОММУНИКАЦИЯ |
|
|
| ||
| Маалымат |
|
|
| ||
66 | Бюджеттик мекеме милдеттерди натыйжалуу жана майнаптуу аткаруу үчүн тийиштүү маалыматтар менен жетекчилерди жана кызматкерлерди камсыздайбы? |
|
|
| ||
67 | Бюджеттик мекеме тарабынан керектүү маалыматтын саны, сапаты жана мезгилдүүлүгү белгиленгенби? |
|
|
| ||
68 | Бюджеттик мекеме тарабынан маалымат булактары жана аларды алуучулар белгиленгенби? |
|
|
| ||
69 | Бюджеттик мекеме милдеттерге жетүү үчүн зарыл болгон маалыматты туура, түшүнүктүү, пайдалуу жана толук иштеп чыгабы, өткөрүп береби жана (ичинен жана тышынан) алабы? |
|
|
| ||
70 | Бюджеттик мекеменин маалыматтык системасы милдеттерге жетишүүнү жеңилдете алабы? |
|
|
| ||
| Коммуникация |
|
|
| ||
71 | Бюджеттик мекемеде ички жана тышкы коммуникациялардын натыйжалуу жана майнаптуу системалары барбы? |
|
|
| ||
72 | Бюджеттик мекеме маалыматтарды тез, толук жана өз учурунда жайылтууну камсыздай алабы? |
|
|
| ||
73 | Бюджеттик мекемеде горизонталдуу да, вертикалдуу да коммуникациялар барбы? |
|
|
| ||
74 | Бюджеттик мекемеде горизонталдуу жана вертикалдуу коммуникациялар боюнча жазуу жүзүндөгү саясат жана жол-жоболор барбы? |
|
|
| ||
75 | Бюджеттик мекеменин жетекчилери кызматкерлерге милдеттерди жана контролдук жоопкерчиликтерди маалымдайбы? |
|
|
| ||
76 | Бузуулар, алдамчылык же коррупциялык иш-аракеттерге шектелгендер жөнүндө отчеттуулук үчүн белгиленген коммуникация каражаттары жана жол-жоболор барбы? |
|
|
| ||
77 | Бюджеттик мекеме башка органдар/тышкы тараптардан алынган маалыматтарды жайылтуу мониторингин ишке ашырабы? |
|
|
| ||
| V. МОНИТОРИНГ ЖҮРГҮЗҮҮ |
|
|
| ||
| Үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү |
|
|
| ||
78 | Бюджеттик мекеме кээ бир өзгөртүүлөрдү аныктоо максатында ички жана тышкы чөйрөнү изилдейби? |
|
|
| ||
79 | Бюджеттик мекеме финансылык башкаруу жана контролдоо системасынын функционалдуулугун баалоо үчүн керектүү маалыматтарга ээби? |
|
|
| ||
80 | Бюджеттик мекеме финансылык башкаруу жана контролдоо системасынын мониторингин ишке ашырабы жана туруктуу өздөштүрөбү? |
|
|
| ||
81 | Бюджеттик мекеме контролдук иш-чаралардын мониторингин ишке ашырабы? |
|
|
| ||
82 | Контролдук кемчиликтерди идентификациялоо жана оңдоо үчүн каражат катары жарандардын даттануулары пайдаланылабы? |
|
|
| ||
83 | Тышкы (ички) аудиторлордун сунуштамалары толугу менен ишке киргизилеби? |
|
|
| ||
| VI. ЭСЕПТЕР, ТРАНЗАКЦИЯЛАР ЖАНА МААЛЫМАТТЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР |
|
|
| ||
| Накталай каражаттар |
|
|
| ||
84 | Накталай каражаттарды кассирге өткөрүп бергенге чейин көз карандысыз номерленеби жана катталабы? |
|
|
| ||
85 | Накталай каражаттардын түшүүлөрүнүн тизмеси көз карандысыз адам тарабынан кассалык киреше ордерлери менен текшерилеби? |
|
|
| ||
86 | Кассалык чыгаша ордерлерге кол коюу функциясы сатып алуу, накталай акча каражаттарын эсепке алуу жана кассалык чыгаша ордерлерин түзүү функцияларынан өзүнчө болуп саналабы? |
|
|
| ||
87 | Кассалык чыгаша ордерине кол койгон адамдарга бюджеттик мекеменин жетекчилиги тарабынан ыйгарым укук берилгенби? |
|
|
| ||
88 | Кассалык киреше ордерлери жана кассалык чыгаша ордерлери өзүнчө каттоолордо өз убагында жана деталдуу катталабы? |
|
|
| ||
89 | Банктык/казыналык эсептердин көчүрмөлөрүн жазып алууга кассирдин жеткиликтүүлүгү чектелгенби? |
|
|
| ||
90 | Жетекчилик түзгөн комиссия кассаны мезгилдүү инвентаризациялоону жүргүзөбү? |
|
|
| ||
91 | Банктык/казыналык эсептерди ай сайын салыштырып текшерүү накталай акчага байланышкан функциялардан көз карандысыз адам тарабынан ишке ашырылабы? |
|
|
| ||
| Финансылык эмес активдер |
|
|
| ||
92 | Финансылык эмес активдер, ошондой эле активди баяндоо, идентификациялык номер, наркы, сатып алуу датасы, эсептелген амортизациялардын суммасы, пайдалуу кызматтын мөөнөтү, сактоо жери, материалдык жооптуу адам, учурдагы абалы деталдуу жазуулары сакталабы? |
|
|
| ||
93 | Бардык финансылык эмес активдер мезгилдүү физикалык талдоого жана жыл сайын деталдуу жазуулар менен салыштырууга тийишпи? |
|
|
| ||
94 | Финансылык эмес активдердин инвентарларын текшерүү үчүн нускамалар жана жазуу жүзүндөгү жол-жоболор сакталабы, ошондой эле алардын шайкеш келүүсү текшерилеби? |
|
|
| ||
95 | Инвентаризациялоо процесси финансылык эмес активдердин учурдагы абалын каттоону жана жаңылоону камсыздайбы? |
|
|
| ||
96 | Бюджеттик мекеменин финансылык эмес активдерди эсептен чыгаруу/сатуу үчүн жазуу жүзүндөгү жол-жоболору барбы? |
|
|
| ||
97 | Финансылык эмес активдерди эсептен чыгаруу/сатуу бюджеттик мекеменин жетекчиси тарабынан бекитилеби? |
|
|
| ||
98 | Бюджеттик мекеменин активдердин түшүүлөрүн жана эсептен чыгарууну каттоонун жазуу жүзүндөгү жол-жоболору барбы? |
|
|
| ||
99 | Активдерди жоготуулардан, санкцияланбаган жетүүдөн жана кыянаттык менен пайдалануудан сактоо, коргоо боюнча чаралар көрүлөбү? |
|
|
| ||
| Мамлекеттик сатып алуулар |
|
|
| ||
100 | Сатып алуу процессинде бюджеттик мекеме жеткирүүнүн сапатын, санын, баасын, шарттарын жана мөөнөттөрүн баяндоону аныктайбы? |
|
|
| ||
101 | Бюджеттик мекеме контракт түзгөнгө чейин берүүчүнүн өзүнүн милдеттенмесин ийгиликтүү аткаруу жөндөмдүүлүгүн баалайбы? |
|
|
| ||
102 | Ар бир сатып алуу үчүн документтерди сатып алуу жол-жоболору каралабы? |
|
|
| ||
103 | Чечим критерийлери жана берүүчүнү тандоонун натыйжалары документтештирилеби? |
|
|
| ||
104 | Бюджеттик мекеменин берүүчү тарабынан сунушталган өзгөртүүлөрдү баалоо үчүн жазуу жүзүндөгү жол-жоболору барбы? |
|
|
| ||
| Карыз |
|
|
| ||
105 | Бюджеттик мекеменин карыздар боюнча операцияларды иштеп чыгуу үчүн жазуу жүзүндөгү жол-жоболору барбы? |
|
|
| ||
106 | Бюджеттик мекеменин бардык товарларды/алынуучу кызматтарды каттоо үчүн каттоосу барбы? |
|
|
| ||
107 | Товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү кабыл алуу учурунда жана карыздар катталганга чейин сапаты, саны, абалы, баасы боюнча сатып алуу шарттарын текшерүү менен иштеген көз карандысыз жак барбы? |
|
|
| ||
108 | Сатып алуу жана алуу функциялары коштомолорду, карыздарды жана Башкы китепти иштеп чыгуу функцияларынан бөлүнгөнбү? |
|
|
| ||
109 | Берүүчүнүн коштомолору баасы, саны, транспорттук чыгымдары, төлөө мөөнөтү боюнча текшерилеби? |
|
|
| ||
110 | Коштомолорду каттоого чейин берүүчүлөрдүн коштомолорундагы маалыматтардын, алынган отчеттордун жана сатып алуу контракттарынын дал келишин текшерүү жүргүзүлөбү? |
|
|
| ||
111 | Бюджеттик мекеменин кош төлөөнү болтурбоо үчүн акы төлөө ишке ашырылганга чейин коштомолорду каттоону камсыз кылуучу жазуу жүзүндөгү жол-жоболору барбы? |
|
|
| ||
112 | Катталган карыз мезгилдүү каралабы жана берүүчүнүн көчүрмөсү менен салыштырып текшерилеби? |
|
|
| ||
113 | Карыздарды эсептен чыгаруу бюджеттик мекеменин жетекчиси тарабынан бекитилеби? |
|
|
| ||
| Эмгек акы |
|
|
| ||
114 | Маяналар бюджеттик мекеменин жетекчиси тарабынан бекитилеби? |
|
|
| ||
115 | Эмгек акы фондунун эсептөөлөрү бюджеттик мекеменин жетекчиси тарабынан кайра каралабы жана бекитилеби? |
|
|
| ||
116 | Сый акылар, үстөк акылар, кошумча төлөөлөр бюджеттик мекеменин жетекчиси тарабынан бекитилеби? |
|
|
| ||
117 | Эмгек акы боюнча бухгалтердик жазуулар штаттык ырааттама менен мезгил-мезгили менен текшерилип турабы? |
|
|
| ||
118 | Эмгек акыны эсептөө кызматкерлердин аты-жөнүн, иш жүзүндөгү жумуш сааттарын, маяналарын ж.б. текшерүүнү түшүнүдүрөбү? |
|
|
| ||
| Маалыматтык технология |
|
|
| ||
119 | Бюджеттик мекемеде программисттер менен программаларды жана тиркемелерди пайдалануучулардын ортосундагы милдеттер бөлүштүрүлөбү? |
|
|
| ||
120 | IT персоналына транзакцияларды жана шилтеме файлдарга өзгөрүүлөрдү демилгелөөгө тыюу салынганбы? |
|
|
| ||
121 | IT системаларына, программаларга жана операцияларга кирүүнүн өзгөчө жана купуялуу сыр сөздөрү талап кылынабы? |
|
|
| ||
122 | Бюджеттик мекемеде иштебей калган кызматкерлер үчүн сыр сөздөр мезгил-мезгили менен алмаштырылабы жана жокко чыгарылабы? |
|
|
| ||
123 | Кызматкерлердин милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон программаларга, файлдарга гана кирүү мүмкүндүгү барбы? |
|
|
| ||
124 | Түп нускадан башка жакта жайгашкан маалыматтар бар файлдарды резервдик көчүрмөлөө мезгил-мезгили менен жүргүзүлөбү? |
|
|
| ||
125 | IT персонал маалыматтардын купуялуулугун камсыздайбы ? |
|
|
| ||
126 | Компьютерлерде жана маалымат базаларында сакталган маалыматтарды жайылтуу үчүн IT персоналдын жоопкерчилиги белгиленгенби? |
|
|
| ||
127 | Маалыматтарды жоготуудан, санкцияланбаган жетүүдөн жана кыянаттык менен пайдалануудан сактоо, коргоо боюнча чаралар көрүлгөнбү? |
|
|
| ||
|
| |||||