Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 14-августу № 412
Кыргыз Республикасында өндүрүлүүчү транспорт каражаттарынын шайкештигин баалоонун айрым маселелери жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-июнундагы № 352 токтомунун редакциясына ылайык)
2023-жылдын 27-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында автомобиль жана коммерциялык техника өндүрүшүн уюштуруу боюнча кызматташтык жөнүндө макулдашууну (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 13-апрелиндеги № 89 Мыйзамы менен ратификацияланган) ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасында өндүрүлүүчү транспорт каражаттарынын шайкештигин баалоодо техникалык талаптардын тизмеги 1-тиркемеге ылайык;
2) транспорт каражатынын тибин баалоо жөнүндө корутундунун формасы 2-тиркемеге ылайык;
3) шассинин тибин баалоо жөнүндө корутундунун формасы 3-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) ата мекендик даярдоочу заводдор тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү Chevrolet Damas (M1 категориясындагы), Chevrolet Damas VA (N1 категориясындагы), Chevrolet Labo (N1 категориясындагы), Chevrolet Tahoe (M1 категориясындагы), Chevrolet Malibu (M1 категориясындагы), Chevrolet Equinox (M1 категориясындагы), Chevrolet Captiva (M1 категориясындагы), "ISUZU" NMR77E (N2 категориясындагы), "ISUZU" NMR77H (N1 жана N2 категорияларындагы), "ISUZU" NPR75LK (N2 категориясындагы), "ISUZU" FVR34K (N3 категориясындагы), "ISUZU" FVR34Q, (N3 категориясындагы), "ISUZU" FVR34Q (N3 категориясындагы), "ISUZU" D-MAX (N1 категориясындагы), "SAZ" LE60 (M3 категориясындагы), "SAZ" HD50 (M3 категориясындагы), GMC (M1/N1 категориясындагы), Cadillac (M1/N1 категориясындагы), Buick (M1/N1 категориясындагы), Wuling (M1/N1 категориясындагы), Chevrolet (M1/N1 категориясындагы) транспорт каражаттары (мындан ары - транспорт каражаттары) кийин транспорт каражатынын тибин баалоо жөнүндө корутундуну алуу менен шайкештикти баалоодон өтөт;
2) ушул токтомго ылайык шайкештикти баалоодон өткөн транспорт каражаттары (шасси) Кыргыз Республикасынын аймагында гана жүгүртүүгө чыгарылууга, сатылууга, эксплуатацияланууга жана мамлекеттик катталууга тийиш.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору транспорт каражатынын (шассинин) тибинин техникалык талаптарга шайкештигин ырастоочу документтердин: тибин расмий бекитүү жөнүндө билдирүүлөрдүн, Бажы бирлигинин "Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентинин (ББ ТР 018/2011) талаптарынын алкагында берилген шайкештик сертификаттарынын, шайкештик жөнүндө декларациялардын, транспорт каражатын (шассини) - башка өндүрүштүк шартта даярдалган аналогдорун сыноо протоколдорунун негизинде таризделген шайкештик жөнүндө декларациялардын негизинде 2-тиркемеге ылайык бир жыл жарактуулук мөөнөтү менен транспорт каражатынын (шассинин) тибин баалоо жөнүндө корутундуларды каттоо, тариздөө жана реестрин жүргүзүү боюнча иштерди жүргүзсүн.
4. Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган ушул токтомго ылайык шайкештикти баалоодон өткөн транспорт каражаттарын каттоону камсыз кылсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-июнундагы № 352 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасында өндүрүлүүчү транспорт каражаттарынын шайкештигин баалоодо техникалык талаптардын ТИЗМЕГИ
Техникалык талаптар же регламенттөө объекттери | Транспорт каражаттарынын категориясы | Техникалык талаптар камтылган документтер |
1. Эшик кулпулары жана илмектери | M1, N1 | "Эшиктердин кулпулары жана илмек түзүлүштөрү боюнча транспорт каражаттарын расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 11-02 эрежелери |
2. Тормоз системаларынын натыйжалуулугу | M, N, O | "Тормозго карата M, N жана О категорияларындагы транспорт каражаттарын расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 13-07 эрежелери |
M1, N1 | "Тормозго карата жеңил автомобилдерди расмий бекитилүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 13-Н эрежелери | |
3. Габариттен сыртка чыгып калган нерселердин травмалык коопсуздугу | M1,N1 | "Транспорт каражаттарын алардын габаритинен сыртка чыгып калган нерселерге карата расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 26-03 эрежелери |
4. Үн чыгаруучу сигналдык приборлор менен жабдуу | M, N, L | "Үн чыгаруучу сигналдык приборлорду жана автотранспорт каражаттарын алардын эскертүүчү үн чыгаруучу сигналдарына карата расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 28-00 эрежелери |
5. Башкаруу педалдардын жайгашуусу | M1 | БУУ ЕЭК № 35-00 эрежелери |
6. Сыйымдуулугу 22 жүргүнчүдөн ашкан транспорт каражаттарына карата жалпы коопсуздук талаптары | M2, M3 | "Чоң сыйымдуулуктагы транспорт каражаттарын алардын жалпы конструкциясына карата расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 36-03 эрежелери |
7. Ылдамдыкты өлчөө механизмдери | M, N, L5, L7 | "Ылдамдыкты жана одометрди өлчөө механизмине, анын ичинде аларды орнотууга карата транспорт каражаттарын расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 39-00 эрежелери |
8. Коопсуз айнектер менен жабдуу | M, N, L5, L7 | "Коопсуз айнектерди жана айнек материалдарын расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 43-00 эрежелери |
9. Чагылдырып көрсөтүүчү түзүлүштөр менен жабдуу | M, N, L5, L7 | "Чагылдырып көрсөтүүчү түзүлүштөрдү жана бул түзүлүштөрдү орнотууга карата механикалык транспорт каражаттарын расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 46-01 эрежелери |
10. Жарык берүүчү түзүлүштөр жана жарык сигнализациялары менен жабдуу | M, N, O | "Жарык берүүчү жана жарык сигнализациясын орнотууга карата транспорт каражаттарын расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 48-02 эрежелери |
11. Бүркүп чыгаруу | M1 максималдуу массасы 3,5 т жогору, M2, M3, N1, N2, N3 дизелдик кыймылдаткычтары менен | "Булгоочу газ түрүндөгү заттарды жана катуу бөлүкчөлөрдү кысуудан от алуучу кыймылдаткычтардан жана транспорт каражаттарында колдонууга арналган мажбурлап күйгүзүүчү кыймылдаткычтардан бүркүп чыгарууну чектөө боюнча чараларды көрүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 49-01 эрежелери (экологиялык класс 0) |
M1 максималдуу массасы 3,5 т жогору, M2, M3, N1, N2, N3 газ жана дизелдик кыймылдаткычтар менен | "Булгоочу газ түрүндөгү заттарды жана катуу бөлүкчөлөрдү кысуудан от алуучу кыймылдаткычтардан жана транспорт каражаттарында колдонууга арналган мажбурлап күйгүзүүчү кыймылдаткычтардан бүркүп чыгарууну чектөө боюнча чараларды көрүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 49-02 эрежелери (бүркүп чыгаруулардын деңгээли А, экологиялык класс 1) | |
"Булгоочу газ түрүндөгү заттарды жана катуу бөлүкчөлөрдү кысуудан от алуучу кыймылдаткычтардан жана транспорт каражаттарында колдонууга арналган мажбурлап күйгүзүүчү кыймылдаткычтардан бүркүп чыгарууну чектөө боюнча чараларды көрүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 49-02 эрежелери (бүркүп чыгаруулардын деңгээли В, экологиялык класс 2) | ||
"Булгоочу газ түрүндөгү заттарды жана катуу бөлүкчөлөрдү кысуудан от алуучу кыймылдаткычтардан жана транспорт каражаттарында колдонууга арналган мажбурлап күйгүзүүчү кыймылдаткычтардан бүркүп чыгарууну чектөө боюнча чараларды көрүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 49-04 эрежелери (бүркүп чыгаруулардын деңгээли А, экологиялык класс 3) | ||
"Булгоочу газ түрүндөгү заттарды жана катуу бөлүкчөлөрдү кысуудан от алуучу кыймылдаткычтардан жана транспорт каражаттарында колдонууга арналган мажбурлап күйгүзүүчү кыймылдаткычтардан бүркүп чыгарууну чектөө боюнча чараларды көрүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 49-05 эрежелери (бүркүп чыгаруулардын деңгээли В1, борттук диагностикага, бышыктыгы жана эксплуатациялык жарактуулугу, NOx контролдоого карата талаптардын деңгээли - "С", экологиялык класс 4) | ||
"Булгоочу газ түрүндөгү заттарды жана катуу бөлүкчөлөрдү кысуудан от алуучу кыймылдаткычтардан жана транспорт каражаттарында колдонууга арналган мажбурлап күйгүзүүчү кыймылдаткычтардан бүркүп чыгарууну чектөө боюнча чараларды көрүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 49-05 эрежелери (бүркүп чыгаруулардын деңгээлдери B2, C, борттук диагностикага, бышыктыгы, NOx контролдоого карата талаптардын деңгээли - "G", "K", экологиялык класс 5) | ||
12. Тышкы үн | M, N | "Төрттөн кем эмес дөңгөлөктүү автотранспорт каражаттарын алардан чыккан үнгө карата расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 51-01 эрежелери |
13. Сыйымдуулугу 22 жүргүнчүдөн ашпаган транспорт каражаттарына карата жалпы коопсуздук талаптары | M2, M3 | "M2 жана M3 категорияларындагы аз орундуу транспорт каражаттарын алардын жалпы конструкциясына карата расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 52-01 эрежелери |
14. Жүктөрдү ташуу үчүн транспорт каражаттарын арткы коргоочу түзүлүштөр менен жабдуу | N2, N3, O3, O4 | "Расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр: I. Арткы коргоочу түзүлүштөрдү; II. Транспорт каражаттарын расмий бекитилген типтеги арткы коргоочу түзүлүштөрдү орнотууга карата; III. Транспорт каражаттарын алардын арткы коргоочу түзүлүштөрүнө карата" БУУнун № 58-02 эрежелери |
15. Габариттен сыртка чыгып калган нерселердин травмалык коопсуздугу | N | "Жүк ташуучу транспорт каражаттарын айдоочунун кабинасынын арткы панелинин алдында жайгашкан габариттен сыртка чыгып калган нерселерге карата расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 61-00 эрежелерин |
16. Жүктөрдү ташуу үчүн транспорт каражаттарын капталындагы коргоочу түзүлүштөр менен жабдуу | N2, N3, O3, O4 | "Жүк ташуучу транспорт каражаттарын капталындагы коргоочу түзүлүштөрүнө карата расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 73-00 эрежелери |
17. Рулдук башкаруу | M, N, O | "Рулдук башкаруу механизмдерине карата транспорт каражаттарын расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 79-01 эрежелери |
18. Орундардын жана алардын бекиткичтеринин бекемдиги | M2, M3 | "Ири габариттүү жүргүнчү транспорт каражаттарынын отургучтарын расмий бекитүүгө жана отургучтардын жана алардын бекиткичтеринин бекемдигине карата бул транспорт каражаттарын расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 80-01 эрежелери |
19. Жүктөрдү ташуу үчүн транспорт каражаттарын алдынкы коргоочу түзүлүштөр менен жабдуу | N2, N3 | "Расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр: I. Алдынкы жылышууга каршы коргоочу түзүлүштөрдү (АЖККТ); II. Расмий бекитилген типтеги АЖККТ орнотууга карата транспорт каражаттарын; III. Транспорт каражаттарын алардын алдынкы жылышууга каршы коргоосуна (АЖКК) карата" БУУнун № 93-00 эрежелери |
20. Электр менен иштеген транспорт каражатынын коопсуздугу | M, N | "Электр кыймылдаткычтарына карата конкреттүү талаптарга карата транспорт каражаттарын расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 100-00 эрежелери |
21. Жарык чагылдыруучу маркировка | N2, N3, O3, O4 | "M, N жана O категориясындагы транспорт каражаттары үчүн чагылдыруучу маркалоону расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 104-00 эрежелери |
22. Жүргүнчү ташуучу транспорт каражаттарына коопсуздуктун жалпы талаптары | M2, M3 | "M2 жана M3 категорияларындагы транспорт каражаттарын алардын жалпы конструкциясына карата расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 107-01 эрежелери |
23. Компримацияланган жана суюлтулган жаратылыш газындагы транспорт каражаттары жана азыктандыруу системалары | M, N | "Расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр: I. Кыймылдаткычтары компримацияланган жаратылыш газы (КЖГ) менен иштеген механикалык транспорт каражаттарынын атайын жабдууларынын элементтери; II. Кыймылдаткычында компримацияланган жаратылыш газын (КЖГ) пайдалануу үчүн расмий бекитилген типтеги атайын жабдуулардын элементтерин орнотууга карата транспорт каражаттарынын" БУУнун № 110-00 эрежелери |
"Расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр: I. Кыймылдаткычы компримацияланган жаратылыш газы (КЖГ) жана (же) суюлтулган жаратылыш газы (СЖГ) менен иштеген механикалык транспорт каражаттарынын атайын жабдууларынын элементтери; II. Кыймылдаткычында компримацияланган жаратылыш газын (КЖГ) жана (же) суюлтулган жаратылыш газын (СЖГ) пайдалануу үчүн расмий бекитилген типтеги атайын жабдуулардын элементтерин орнотууга карата транспорт каражаттары" БУУнун 110-01 эрежелери | ||
24. Транспорт каражаттарын башкаруу органдары - идентификациялоо | M, N, L6, L7 | БУУнун 121-00 эрежелери |
25. Ички ызы-чуу | M, N | "Автотранспорт каражаттарынын ички ызы-чуусу. Жол берилген деңгээлдер жана өлчөө методдору" МАМСТ 27435-87 |
"Автомобилдик транспорттук каражаттар. Ички ызы-чуу. Жол берилген деңгээлдер жана өлчөө методдору" МАМСТ Р 51616-2000 | ||
МАМСТ 33555-2015 "Автомобилдик транспорттук каражаттар. Ички ызы-чуу. Жол берилген деңгээлдер жана өлчөө методдору" | ||
26. Желдетүү жана жылытуу | M, N | "Автотранспорт каражаттары. Жылытуу, желдетүү жана кондиционерлеө системалары. Натыйжалуулук жана коопсуздук талаптары" МАМСТ Р 50993-96 |
"Автомобилдик транспорттук каражаттар. Жылытуу, желдетүү жана кондиционерлөө системалары. Натыйжалуулук жана коопсуздук талаптары" МАМСТ 30593-2015 | ||
27. Транспорт каражатынын ичиндеги абадагы зыяндуу (булгоочу) заттардын камтылышы | M, N | "Эмгек коопсуздугунун стандарттар системасы. Жумушчу зонанын абасына карата жалпы санитардык-гигиеналык талаптар" МАМСТ 12.1.005-88 |
"Автотранспорт каражаттары. Жүргүнчүлөр бөлмөсүнүн жана кабинанын абасындагы булгоочу заттардын камтылышы. Сыноо ченемдери жана ыкмалары" МАМСТ Р 51206-2004 | ||
"Автомобилдик транспорттук каражаттар. Айдоочу кабинасынын жана жүргүнчүлөр бөлмөсүнүн абасындагы булгоочу заттардын камтылышы. Техникалык талаптар жана сыноо методдору" МАМСТ 33554-2015 | ||
28. Майыптарды ташуу үчүн автобустар | M2, M3 | "Майыптарды ташуу үчүн автобустар. Жалпы техникалык талаптар" МАМСТ Р 50844-95 |
29. Балдарды ташуу үчүн автобустар | M2, M3 | "Балдарды ташуу үчүн автобустар. Техникалык талаптар" МАМСТ Р 51160-98 |
"Балдарды ташуу үчүн автобустар. Техникалык талаптар жана сыноо методдору" МАМСТ 33552-2015 | ||
30. Мамлекеттик каттоо белгилерин орнотуу | M, N, O | Техникалык регламенттин 7-тиркемесинин 4-пункту ББ ТР 018/2011 |
31. Транспорт каражаттары. Маркалоо | M, N, O | "Транспорт каражаттары. Маркалоо. Жалпы техникалык талаптар" МАМСТ Р 51980-2002 |
"Транспорт каражаттары. Маркалоо. Техникалык талаптар" МАМСТ Р 33990-2016 |
Эскертүү:
1. Кыйла жогору деңгээлдеги талаптарды альтернатива катары колдонууга уруксат берилет.
2. Тышкы жана ички ызы-чууга карата сыноолорду өткөрүү учурда сыноо аянтчасына карата талаптар эске алынбайт.
3. Эгерде талаптар боюнча далилдөөчү материал катары БУУнун эрежелери боюнча транспорт каражатынын тибин расмий бекитүү жөнүндө билдирүү берилсе, анда БУУнун ушул эрежелерине ылайык келген жана транспорт каражатынын тибин расмий бекитүү жөнүндө билдирүүдө көрсөтүлгөн компоненттердин айрым типтерине карата расмий бекитүү жөнүндө билдирүүлөрдүн көчүрмөлөрүн берүү милдеттүү эмес.
4. Жүргүнчүлөрдү коммерциялык ташууну жүзөгө ашыруучу M2 жана M3 категориядагы, жүктөрдү коммерциялык ташууну жүзөгө ашыруучу N2 жана N3 категориядагы жүгүртүүгө чыгарылган транспорт каражаттарынын конструкциясы айдоочулардын кыймыл, эмгек жана эс алуу режимдерин сактоосун контролдоонун техникалык каражаттары (тахографтар) менен жабдуу (орнотуунун, бекитүүнүн, электр энергия берүүнүн штаттык орундары) мүмкүнчүлүгүн караштырышы керек.
5. Транспорт каражаттарын антиблокировкалоочу тормоз системасы менен жабдыбай коюуга жол берилет.
6. Катализатордук нейтрализаторду орнотуу, эгерде транспорт каражатынын конструкциясында анын болушу каралган болсо, милдеттүү болуп саналат.
7. Атайын жана адистештирилген транспорт каражаттарына карата техникалык регламенттин № 6 тиркемесинин талаптарынын аткарылышы кошумча бааланат.
8. Бензин кыймылдаткычтары менен транспорт каражаттарына караштуу Евро 0дөн баштап Евро 5ке чейин экологиялык классындагылар колдонууга уруксат берилет.
|
| 2-тиркеме |
Транспорт каражатынын тибин баалоо жөнүндө КОРУТУНДУ № _________________________________
Колдонуу мөөнөтү ____________________________ тартып ____________________________ чейин
Сертификациялоо боюнча орган ________________________________________________________
(толук жана кыскартылган аталышы, дареги, номери
____________________________________________________________________________________
аккредитациялоо аттестатынын колдонуу мөөнөтүнүн аякташы)
ТРАНСПОРТ КАРАЖАТЫ
МАРКАСЫ |
|
КОММЕРЦИЯЛЫК АТАЛЫШЫ |
|
ТИБИ |
|
БАЗАЛЫК ТРАНСПОРТ КАРАЖАТЫ (ШАССИ) | (башка даярдоочунун базалык транспорт каражатын (шасси) пайдаланууда гана) |
МОДИФИКАЦИЯСЫ |
|
КАТЕГОРИЯСЫ |
|
ЭКОЛОГИЯЛЫК КЛАССЫ |
|
АРЫЗ БЕРҮҮЧҮ ЖАНА АНЫН ДАРЕГИ |
|
ДАЯРДООЧУ ЖАНА АНЫН ДАРЕГИ |
|
ЧОГУЛТУУЧУ ЗАВОД ЖАНА АНЫН ДАРЕГИ |
|
Транспорт каражаты Айрым дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын шайкештигин баалоону жүргүзүүнүн убактылуу талаптары жана тартиби жөнүндө жобонун 1-тиркемесинде белгиленген техникалык талаптарга шайкеш келет.
Транспорт каражатынын тибин баалоо жөнүндө корутундунун колдонулушу идентификациялык номери (VIN) менен _________ даана сериялуу чыгарылган продукцияга (транспорт каражаттарынын партиясына) жайылтылат.
Транспорт каражатынын тибин баалоо жөнүндө корутунду төмөнкүлөрсүз жараксыз:
"Транспорт каражатынын жалпы мүнөздөмөлөрү" деген 1-тиркемесиз;
"Транспорт каражатынын тибин баалоо жөнүндө корутундуну тариздөө үчүн негиз болуп саналган документтердин тизмеги" деген 2-тиркемесиз;
"Транспорт каражатын маркалоону сыпаттоо" деген 3-тиркемесиз;
"Транспорт каражатынын жалпы түрү" (_______ баракта) деген 4-тиркемесиз.
Кошумча маалымат _________________________________________________________________
(зарыл болгон учурда
___________________________________________________________________________________
жалпы пайдалануудагы жолдор боюнча транспорт каражатынын
___________________________________________________________________________________
жүрүүсү үчүн атайын уруксатты тариздөөнүн милдеттүүлүгү
___________________________________________________________________________________
жөнүндө жазылат, коммерциялык жүргүнчүлүк ташуу жана
___________________________________________________________________________________
башкалар үчүн жалпы пайдалануудагы жолдорду колдонуу
___________________________________________________________________________________
мүмкүндүгүнө чектөөлөр көрсөтүлөт)
___________________________________________________________________________________
Сертификациялоо боюнча органдын жетекчиси (анын орун басары) | ___________________ | _____________________________________ |
| (колу) | (инициалдары, фамилиясы) |
Транспорт каражатынын тибин баалоо жөнүндө корутунду бекитилди.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун директору (анын орун басары) | ___________________ | _____________________________________ |
| (колу) | (аты-жөнү) |
|
| Транспорт каражатынын тибин баалоо жөнүндө корутундуга 1-тиркеме |
Транспорт каражатынын жалпы мүнөздөмөлөрү
Огунун/дөңгөлөктөрүнүн саны (O категориясындагы транспорт каражаттары үчүн гана)
__________________________________________________________________________________
Дөңгөлөк формуласы/тартуучу дөңгөлөктөр (O категориясындагы транспорт каражаттарын кошпогондо) ________________________________________________________________________
Транспорт каражатын компоновкалоо схемасы (O категориясындагы транспорт каражаттарын кошпогондо) ________________________________________________________________________
Кыймылдаткычтын жайгашуусу ________________________________________________________
Кузовунун тиби/эшиктеринин саны (M категориясындагы транспорт каражаттары үчүн гана)
__________________________________________________________________________________
Жүктөө мейкиндигин аткаруу (N жана O категорияларындагы транспорт каражаттары үчүн гана)
__________________________________________________________________________________
Багыты (атайын жана адистештирилген транспорт каражаттары үчүн гана) ___________________
__________________________________________________________________________________
Отуруу үчүн орундардын саны (M категориясындагы транспорт каражаттары, M1 категориясындагы транспорт каражаттары үчүн - катар менен бөлүштүрүү менен) ______________________________
Жүргүнчүлөрдүн сыйымдуулугу (M2 жана M3 категорияларындагы транспорт каражаттары үчүн гана)
__________________________________________________________________________________
Жүк салуу бөлүктөрүнүн жалпы көлөмү (III класстагы М3 категориясындагы транспорт каражаттары үчүн гана) _________________________________________________________________________
Кабина (N категориясындагы транспорт каражаттары үчүн гана) _____________________________
__________________________________________________________________________________
Габариттик өлчөмдөрү, мм:
узундугу ___________________________________________________________________________
туурасы ___________________________________________________________________________
бийиктиги (контейнер ташуучулар үчүн - жүктөөчү, максималдуу жол берилген) ________________
__________________________________________________________________________________
База, мм __________________________________________________________________________
Алдынкы/арткы дөңгөлөктөрдүн колеясы, мм ____________________________________________
Жүгү бар абалдагы транспорт каражатынын массасы, кг ___________________________________
Транспорт каражатынын техникалык жол берилген максималдуу массасы, кг __________________
Транспорт каражатынын алдынкы огунан баштап ар бир огуна туура келген техникалык жол берилген максималдуу массасы, кг _____________________________________________________
Автопоезддин техникалык жол берилген максималдуу массасы (N категориясындагы транспорт каражаттары үчүн гана), кг ____________________________________________________________
Чиркегичтин максималдуу массасы, кг: __________________________________________________
тормоз системасы жок чиркегич ________________________________________________________
тормоз системасы менен чиркегич _____________________________________________________
Таяныч-чиркөөчү түзүлүшкө техникалык жол берилген максималдуу жүк, кг ____________________
Гибриддик транспорт каражатынын сыпатталышы: ________________________________________
___________________________________________________________________________________
(тышкы булактан заряддоо каралган же каралган эмес; каралган иштөө режимдери (саноо керек): ичинен күйүүчү кыймылдаткыч гана, электр кыймылдаткыч гана, бириктирилген (бул иштөө режиминин кыскача сыпатталышы)
Ичинен күйүүчү кыймылдаткыч (маркасы, тиби): - цилиндрлердин саны жана жайгашуусу; - цилиндрлердин иштөө көлөмү, см3; - кысуу даражасы; - максималдуу кубаттуулугу, кВт (мин-1); - максималдуу айланган учуру, Нм (мин-1). Отун | Өлчөө методун көрсөтүү керек |
Кубаттандыруу системасы Карбюратор (тиби, маркировка) Башкаруу блогу (маркировка) Жогорку басымдагы отун насосу (тиби, маркировка) Форсункалар (тиби, маркировка) Аба жылытуучу (тиби, маркировка) Аба фильтри (тиби, маркировка) Иштөөчү үндү басаңдаткыч (маркировка): 1-баскыч; 2-баскыч; 3-баскыч |
|
От алдыруу системасы (тиби) Бөлүштүргүч (маркировка) Коммутатор (маркировка) От алуу катушкасы (модуль) (маркировка) Свечалар (маркировка) |
|
Иштелип чыккан газды чыгаруу жана нейтралдаштыруу системасы Нейтралдаштыруу (маркировка): 1-баскыч; 2-баскыч. Үн басаңдаткыч (маркировка): 1-баскыч; 2-баскыч; 3-баскыч. Катуу бөлүктөрдүн фильтри |
|
Электрмобилдин электр кыймылдаткычы (маркасы, тиби) | Туруктуу же өзгөрүлмө ток, өзгөрүлмө ток болгон учурда - синхрондуу же асинхрондук, фазалардын саны |
Иштөө чыңалуусу, В Максималдуу 30 мүнөттүк кубаттуулугу, кВт | |
Энергия топтоо түзүлүшү | Электрмобилдер жана гибриддик транспорт каражаттары үчүн гана (батарея, конденсатор, маховик/генератор) |
Батарея (маркасы, тиби) Электрохимиялык жуп Элементтердин саны Массасы, кг Иштөө чыңалуусу, В Сыйымдуулук, А•ч Жайгашкан жери Конденсатор (марка, тип) Энергиянын сыйымдуулугу, Дж Маховик/генератор (маркасы, тиби) | |
Трансмиссия | Трансмиссия тиби жана схемасынын сыпатталышы |
Электрмашина (маркасы, тиби) | Ар бир электр машинанын сыпатталышы: негизги функциясы (кыймылдаткыч же генератор), туруктуу же өзгөрүлмө ток, өзгөрүлмө ток болгон учурда - синхрондуу же асинхрондук, фазалардын саны |
Иштөө чыңалуусу, В Максималдуу 30 мүнөттүк кубаттуулук, кВт Сцепление (маркасы, тиби) Ылдамдык которуу коробкасы (маркасы, тиби), баскычтардын саны, которуу саны Бөлүштүрүү коробкасы (тиби), баскычтардын саны, которуу саны Башкы баскыч (тип), баскычтардын саны |
|
Асмалар: алдынкы (сыпатталышы); арткы (сыпатталышы) |
|
Рулдук башкаруу (сыпатталышы) - Рулдук механизм (тиби) |
|
Тормоз системалары: негизги (сыпатталышы); запастык (сыпатталышы); токтоп туруучу (сыпатталышы); көмөкчү (чыдамдуулугу) (сыпатталышы) |
|
Шиналар: өлчөмүн белгилөө; максималдуу жол берилген жүк көтөрүмдүүлүк индекси ылдамдык категориясынын белгиси |
|
Транспорт каражатын жабдуу | Кондиционер, эшиктердин кулпуларын электр блокировкалоо, радио жабдуу, антенна, шашылыш оперативдик кызматтарды чакыруу түзүлүшү (системасы) |
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун директору (анын орун басары) | ____________________ | ______________________________________ |
| (колу) | (аты-жөнү) |
Эскертүү. Компоненттерди маркалоо жөнүндө маалыматтар эгерде алар айрым талаптар боюнча далил материалдарында камтылбаса, бул тиркемеде көрсөтүлбөшү мүмкүн.
|
| Транспорт каражатынын тибин баалоо жөнүндө корутундуга 2-тиркеме |
Транспорт каражатынын тибин баалоо жөнүндө корутундуну тариздөө үчүн негиз болуп саналган документтердин ТИЗМЕГИ (транспорт каражатынын тибин жактыруу)
Коопсуздук талаптары белгиленген техникалык жөнгө салуу объекттеринин элементтери | Шайкештигин ырастоочу документтин аталышы жана пайда болушу | Документтин датасы жана номери* |
Сертификациялоо боюнча органдын жетекчиси (анын орун басары) | ______________________ | ____________________________________ |
| (колу) | (инициалы, фамилиясы) |
Эскертүүлөр:
1. БУУнун № 30 жана 54 Эрежелери үчүн бул тизмекте төмөнкүдөй эскертүү берилет: "Өлчөмдүүлүк критерийлерине шайкеш келген, минималдуу жол берилген жүк көтөрүмдүүлүк индексиндеги жана минималдуу ылдамдык категориясындагы жана шайкештикти ырастоочу башка документтери бар шиналарды орнотууга жол берилет (шиналарда БУУнун № 30 же 54 эрежелери боюнча маркалоолор бар болсо жана ыйгарым укуктуу уюмга аталган маркалоо жөнүндө маалымат берилген шартта)". Көрсөтүлгөн жазуу орнотулуучу шиналардын түрүнө жараша оңдолушу мүмкүн.
2. Эгерде коопсуздук курларын, үн чыгаруучу сигнал приборлорун, айнектерди, арткы күзгүлөрдү, жарык берүүчү жана жарык сигнализация түзүлүштөрүн, ошондой эле чиркелүүчү түзүлүштөрдү орнотууга БУУнун № 16, 28, 43, 46, 48 жана 55 Эрежелери боюнча бул билдирүүлөрдүн номерлерин жана аларды билдирүүлөрдө маркалоону көрсөтүү менен аталган компоненттердин тизмеги бар болсо, айрым коопсуздук курлары, үн сигнал берүүчү приборлору, айнектер, арткы күзгүлөр, жарык берүүчү жана жарык сигнализациясы боюнча типти расмий бекитүү жөнүндө билдирүүлөрдүн номерлерин көрсөтпөөгө жол берилет.
(*) Колдонуунун чектелген мөөнөтүнө таризделген документтер үчүн колдонуу башталган жана аяктаган дата көрсөтүлөт.
|
| Транспорт каражатынын тибин баалоо жөнүндө корутундуга 3-тиркеме |
Транспорт каражатын маркалоонун сыпатталышы
Даярдоочунун табличкасынын жайгашкан жери ______________________________________________
Идентификациялык номердин жайгашкан жери ______________________________________________
Транспорт каражаттарынын идентификациялык номеринин (номерлеринин) түзүмү жана мазмуну:
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Сертификациялоо боюнча органдын жетекчиси (анын орун басары) | _____________________ | __________________________________________ |
| (колу) | (аты-жөнү) |
|
| 3-тиркеме |
Шассинин тибин баалоо жөнүндө КОРУТУНДУ № __________________________________
Колдонуу мөөнөтү ____________________________ тартып ____________________________ чейин
Сертификациялоо боюнча орган _________________________________________________________
(толук жана кыскартылган аталышы, дареги,
_____________________________________________________________________________________
номери, аккредитациялоо аттестатынын колдонуу мөөнөтү)
Шасси
МАРКАСЫ |
|
КОММЕРЦИЯЛЫК АТАЛЫШЫ |
|
ТИБИ |
|
МОДИФИКАЦИЯ |
|
КАТЕГОРИЯСЫ |
|
ЭКОЛОГИЯЛЫК КЛАССЫ |
|
ДАЯРДОО ВАРИАНТЫ (төмөндө аталгандарды көрсөтүү керек: кабинасы жана кыймылдаткычы бар шасси, рамалуу конструкциядагы автобустар үчүн кузову жок автобус шасси, каркастык конструкциядагы автобустар үчүн кузову жок автобус шасси, атайын кабинасы бар транспорт каражаттарын даярдоо үчүн кабинасы жок жүк ташуучу шасси, жарым-жартылай чогултулган кабинасы бар жүк ташуучу шасси (арткы дубалы жок), автомобиль-үйлөрдү жасоо үчүн кабинанын алдынкы бөлүгү менен шасси, автомобиль-үйлөрдү, чиркегич шасси же башка жасоо үчүн кабинасы жок шассинин алдынкы бөлүгү |
|
БИЛДИРҮҮЧҮ ЖАНА АНЫН ДАРЕГИ |
|
ДАЯРДООЧУ ЖАНА АНЫН ДАРЕГИ |
|
ЧОГУЛТУУЧУ ЗАВОД ЖАНА АНЫН ДАРЕГИ |
|
Шасси 1-тиркемеде белгиленген техникалык талаптарга ылайык келет.
Шасси тибин баалоо жөнүндө корутундунун колдонулушу сериялык түрдө чыгарылган продукцияга (бүтпөй калган транспорт каражаттарынын (шассинин) партиясына идентификациялык номери (VIN) менен ______ даана) __________________ тартып ____________________ чейин жайылтылат.
Шассинин тибин баалоо жөнүндө корутунду төмөнкүлөр жок болсо жараксыз:
1-тиркеме: "Шассинин жалпы мүнөздөмөлөрү";
2-тиркеме: "Шассинин тибин баалоо жөнүндө корутундуну тариздөө үчүн негиз болуп саналган документтердин тизмеги";
3-тиркеме: "Шассинин маркалоосунун сыпаттамасы";
4-тиркеме: "Шассинин жалпы көрүнүшү" (________ баракта).
Кошумча маалымат ___________________________________________________________________
(зарыл болгон учурда өз жолу
_____________________________________________________________________________________
менен жүрүүгө тыюу салууга, жалпы пайдалануудагы жолдордо
_____________________________________________________________________________________
пайдалануу мүмкүнчүлүгү жана башка чектөөлөр көрсөтүлөт)
Сертификациялоо боюнча органдын жетекчиси (анын орун басары) | ____________________ | ___________________________________ |
| (колу) | (аты-жөнү) |
Шассинин тибин баалоо жөнүндө корутунду бекитилди.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун директору (анын орун басары) | ____________________ | __________________________________ |
| (колу) | (аты-жөнү) |
|
| Шассинин тибин баалоо жөнүндө корутундуга 1-тиркеме |
Шассинин жалпы мүнөздөмөсү
Огунун/дөңгөлөктөрүнүн саны (O категориясындагы транспорт каражаттары үчүн гана)
_____________________________________________________________________________________
Дөңгөлөк формуласы/тартуучу дөңгөлөктөр (O категориясындагы транспорт каражаттарын кошпогондо) __________________________________________________________________________
Транспорт каражатынын компоновкалоо схемасы (O категориясындагы транспорт каражаттарын кошпогондо) __________________________________________________________________________
Кыймылдаткычтын жайгашуусу __________________________________________________________
Кузовдун тиби/эшиктеринин саны (M жана O категориясындагы транспорт каражаттары үчүн гана)
_____________________________________________________________________________________
Кабина (N категориясындагы транспорт каражаттары үчүн гана) _______________________________
_____________________________________________________________________________________
Габариттик өлчөмдөрү, мм:
узундугу _____________________________________________________________________________
туурасы ______________________________________________________________________________
бийиктиги ____________________________________________________________________________
База, мм _____________________________________________________________________________
Алдыңкы/арткы дөңгөлөктөрдүн колеясы, мм ______________________________________________
Жүгү бар абалдагы шассинин массасы, кг _________________________________________________
Транспорт каражатынын техникалык мүмкүн максималдуу массасы, кг
_____________________________________________________________________________________
Транспорт каражатынын ар бир огуна туура келген техникалык мүмкүн максималдуу массасы, алдынкы огунан баштап, кг _____________________________________________________________
Гибриддик транспорт каражатынын сыпатталышы: _________________________________________
(тышкы булактан
_____________________________________________________________________________________
кубаттоо каралган же каралган эмес;
_____________________________________________________________________________________
каралган иштөө режимдери (атап чыгуу): ички күйүүчү кыймылдаткыч гана,
_____________________________________________________________________________________
электр кыймылдаткычы гана, айкалыштырылган
_____________________________________________________________________________________
(бул иштөө режиминин кыскача сыпаттамасы)
Ичинен күйүүчү кыймылдаткыч (марка, тип): - цилиндрлердин саны жана жайгашуусу; - цилиндрлердин иштөө көлөмү, см3; - кысуу даражасы; - максималдуу кубаттуулугу, кВт (мин-1); - максималдуу айланган учуру, Н•м (мин-1). Отун | Өлчөө ыкмасын көрсөтүү |
Азыктануу системасы (тип) Карбюратор (тип, маркировка) Башкаруу блогу (маркировка) Жогорку басымдагы отун насосу (тип, маркировка). Форсункалар (тип, маркировка) Аба үйлөгүч (тип, маркировка) Аба фильтри (тип, маркировка) Киргизме үн басаңдаткыч (маркировка): 1-баскыч; 2-баскыч; 3-баскыч |
|
От алдыруу системасы (тип) Бөлүштүргүч (маркировка) Коммутатор (маркировка) От алуу (модуль) катушкасы (маркировка) Свечалар (маркировка) |
|
Иштелип бүткөн газды чыгаруу жана нейтралдаштыруу (маркировка): 1-баскыч; 2-баскыч. Үн басаңдаткыч (маркировка): 1-баскыч; 2-баскыч; 3-баскыч. Катуу бөлүктөрдүн фильтри |
|
Электр мобилдин электр кыймылдаткычы (марка, тип) Иштөө чыңалуусу, В Максималдуу 30 мүнөттүк кубаттуулугу, кВт | Туруктуу же өзгөрмө агын, өзгөрмө агын болгон учурда - синхрондуу же асинхрондуу, фазалардын саны |
Энергия топтоо түзүлүшү Батарея (марка, тип) Электр химиялык жуп Элементтердин саны Масса, кг Иштөө чыңалуусу, В Сыйымдуулук, Ач. Жайгашкан жери Конденсатор (марка, тип) Энергия сыйымдуулугу, Дж Маховик/генератор (марка, тип) | Электр мобилдер жана гибриддик транспорт каражаттары үчүн гана (батарея, конденсатор, маховик/генератор) |
Трансмиссия
Электр машина (марка, тип) | Трансмиссиянын тиби жана схемасынын сыпаттамасы. Ар бир электр машинанын сыпаттамасы: негизги функция (кыймылдаткыч же генератор), туруктуу же өзгөрмө агым, өзгөрмө агым болгон учурда - синхрондуу же асинхрондуу, фазалардын саны |
Иштөө чыңалуусу, В Максималдуу 30 мүнөттүк кубаттуулугу, кВт Сцепление (марка, тип) Ылдамдыкты которуу коробкасы (марка, тип), баскычтардын саны жана которуу саны Бөлүштүрүү коробкасы (тип), баскычтардын саны жана которуу саны Башкы баскыч (тип), которуу саны |
|
Асмалар: - алдынкы (сыпаттамасы); - арткы (сыпаттамасы) |
|
Рулдук башкаруу (сыпаттамасы) - Рулдук механизм (тип) |
|
Тормоз системасы: - негизги (сыпаттамасы); - запастагы (сыпаттамасы); - токтоп туруучу (сыпаттамасы); - көмөкчү (жешилбөөчү) (сыпаттамасы) |
|
Шиналар: - өлчөмүн белгилөө; - максималдуу жол берилген жүк үчүн жөндөмдүүлүгүнүн индекси; - ылдамдык категориясын белгилөө |
|
Шасси жабдуулары | Кондиционер, эшиктердин кулпуларын электр блокировкалоо, радио жабдуулары, антенна, шашылыш ыкчам кызматтарды чакыруу түзүлүшү (системасы) |
Сертификациялоо боюнча органдын жетекчиси (анын орун басары) | _____________________ | ______________________________________ |
| (колу) | (аты-жөнү) |
Эскертүү. Компоненттерди маркалоо жөнүндө маалыматтар, эгерде алар айрым талаптар боюнча далил материалдарында камтылбаса, анда жалпы техникалык сыпаттамасында жана ушул тиркемеде көрсөтүлбөшү мүмкүн.
|
| Шассинин тибин баалоо жөнүндө корутундуга 2-тиркеме |
Шассинин тибин баалоо жөнүндө корутундуну тариздөө үчүн негиз болуп саналган документтердин ТИЗМЕГИ
Техникалык жөнгө салуу объекттеринин коопсуздук талаптары белгиленген элементтери | Шайкештигин ырастоочу документтин аталышы жана келип чыгышы | Документтин датасы жана номери* |
Сертификациялоо боюнча органдын жетекчиси (анын орун басары) | _____________________ | ______________________________________ |
| (колу) | (аты-жөнү) |
Эскертүү:
БУУнун № 30 жана 54 эрежелери үчүн бул тизмекте төмөнкүдөй эскертүү берилет: "Өлчөмдүүлүк критерийлерине, минималдуу жол берилген жүк индексине жана минималдуу ылдамдык категориясына туура келген жана шайкештикти тастыктаган башка документтери бар шиналарды орнотууга жол берилет (шиналарда БУУнун № 30 же 54 эрежелери боюнча маркалоолор бар болсо жана аталган маркалоо жөнүндө ыйгарым укуктуу уюмга маалымат берилген шартта)". Көрсөтүлгөн жазуу орнотула турган шиналардын түрүнө жараша оңдолушу мүмкүн.
Эгерде коопсуздук курун, үн сигнал приборлорун, айнектерди, арткы жакты көрсөтүүчү күзгүлөрдү, жарык берүүчү жана жарык сигнализация түзүлүштөрүн орнотууга БУУнун № 16, 28, 43, 46, 48 жана 55 эрежелери боюнча билдирүүлөрдө ушул билдирүүлөрдүн номерлерин жана алардын маркировкаларын көрсөтүү менен аталган компоненттердин тизмеси бар болсо, айрым коопсуздук курлары, үн сигнал приборлору, айнектер, күзгүлөр жана чиркелүүчү түзүлүштөр боюнча типти расмий бекитүү жөнүндө билдирүүлөрдүн номерлерин көрсөтпөөгө жол берилет.
(*) Колдонуунун чектелген мөөнөтүнө таризделген документтер үчүн колдонуунун башталышынын жана аякташынын датасы көрсөтүлөт.
|
| Шассинин тибин баалоо жөнүндө корутундуга 3-тиркеме |
Шассинин маркировкасынын сыпаттамасы
Даярдоочунун табличкасынын жайгашкан жери ____________________________________________
Идентификациялык номердин жайгашкан жери ____________________________________________
Шассинин идентификациялык номеринин (номерлеринин) түзүмү жана мазмуну:
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Сертификациялоо боюнча органдын жетекчиси (анын орун басары) | _____________________ | ______________________________________ |
| (колу) | (аты-жөнү) |
|
| Шассинин тибин баалоо жөнүндө корутундуга 4-тиркеме |
ШАССИНИН ЖАЛПЫ КӨРҮНҮШҮ