Редакцияот 01.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН

КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кууганды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин

VIII-чакырылышынын XX-сессиясынын

 

2024-жылдын 1-февралы № 2

 

“Нур желеси” балдар бакчасынын маалыматы жѳнүндѳ

 

“Нур желеси” балдар бакчасынын жетекчиси Б.Кубанчбекованын маалыматын угуп, кайрылууларын карап, депутаттардын Кууганды айылдык кеңеши; 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1. “Нур желеси” балдар бакчасынын 2023-жыл ичинде жасалган иштери боюнча маалыматы “канааттандырарлык” деп табылсын. 

2. “Нур желеси” балдар бакчасынын 2024-жыл ичиндеги чарбалык жумуштарына айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинен 300 000 (үч жүз миң) сом акча каражаты каралсын.

 

3. “Нур желеси” балдар бакчасынын 2024-жыл ичиндеги оңдоп-түзѳѳ иштерине, керектѳѳлѳрүнѳ “Нур желеси” балдар бакчасынын кайрылуусунун негизинде бюджеттен кошумча каралсын.

 

 

Төрага

 

Ф. К. Токушев